Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

«Тоолор “жашыл экономикага” чакырат» аттуу жалпы тематикадагы публицистикалык макалаларга сынак

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Жер планетасында тоо аймактарынын мааниси чоң. Тоолор бардык жандуу жаратылыш үчүн эч нерсе менен алмаштыргыс, сууну топтоодо жана сактоодо негизги ролду ойнойт. Тоолордогу өсүмдүктөр дүйнөсүнүн 20 түрү планета калкынын тамак-аш рационунун 80%ын түзөт. Андыктан, тоо экосистемасын коргоо жана сактоо бүгүн тоо аймактарында жашап жаткан дүйнөдөгү 800 млн. калк үчүн гана эмес, жалпы адамзат жашоосу үчүн өзөктүү маселеге айланууда.

Ансыз да жаратылыштык жана антропогендик таасирлер астында болуп келген тоолор азыркы учурда климаттын өзгөрүүсүнөн улам, экстремалдык мүнөздөгү ар кандай табигый кырсыктар менен катар мөңгүлөрдүн тез эрүүсүн баштан кечирүүдө. Табиятты терс таасирлерден сактоонун бирден бир жолу катары “жашыл өнүгүү” учурдун актуалдуу маселесине айланууда. БУУнун Программасы (ЮНЕП) тарабынан 2011-жылы даярдалган курчап турган чөйрө боюнча жаңы докладында да “жашыл экономика” дүйнөлүк экономиканын өнүгүү процессин стимулдаштырып, жаңы иш орундарын пайда кылуу, көптөгөн экологиялык коркунучтардын алдын-алуу менен экосистеманы сактап калууга жана өмүр азыгы болгон суу ресурстарынын кескин тартыштыгынын пайда болуусуна жол бербөө баса көрсөтүлгөн. Тоолуу өлкөбүздө тоо экосистемасын сактоо жана анын адам турмушундагы маанисин жана ордун, тоолуу аймактардын өнүгүүсүн пропагандалоо, өнүгүүнүн “жашыл экономика” багытына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында “Айыл деми” гезити “Тоолор жашыл экономикага чакырат” аттуу жалпы тематикадагы публицистикалык макалаларга конкурс жарыялайт.

Конкурска жиберилген публицистикалык макалалар 2014-жылдын 30-октябрына чейин кабыл алынат жана ылайыктуулары гезит бетинде жарыяланат. Сынакка каалоочулардын баары катыша алышат, жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт. Конкурстун жыйынтыгы атайын комиссиянын кароосунда чыгарылып, жеңүүчү авторлорго белгиленген сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Конкурстун шарттары жана талаптары:
– Конкурска жиберилген макалалар кыргыз тилинде жазылып, конкурска деп белгилениши зарыл.
– Конкурстук макалалардын негизги идеялык өзөгүн тоонун мааниси жана тоо экосистемаларын сактоо, тоолуу аймактардын өнүгүүсү жана “жашыл экономика” багыттары түзүшү керек.
– Конкурстук макалалар тандалган багыт боюнча ынанымдуу аргументтер жана фактылар менен көркөм публицистикалык стилде жазылууга тийиш.
– Макаланын көлөмү 12 шрифт менен терилгенде А-4 форматында 3 беттен ашпоосу керек. (Конкурстук макалалар кол жазма түрүндө да кабыл алынат.)

Конкурка келип түшкөн материалдар 30-октябрга чейин кабыл алынат.

Биздин дарек: Бишкек шаары,Уфа туюк көчөсү, 3.

E-mail:a.demi.news@mail.ru

Байланыш телефондор: (0312) 54 23 46 (кошумча номер 113)

Түз байланыш: 0555 50 06 09

Похожие записи