Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Кыргыз журналистикасынын абалы тууралуу америкалык окумуштуу китеп жазып жатат

Кыргыз журналистикасынын абалы тууралуу америкалык окумуштуу китеп жазып жатат

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Кыргыз журналистикасынын азыркы абалы тууралуу китеп жазам деп Американын Жоржия штатынан Илимдин доктору макамы менен окумуштуу Светлана Куликова келди. Бул айым 2002-жылы да Кыргыз журналистикасынын абалы тууралуу бир китепти жазып, каалоочуларга таратып берген эле. Андан бери он жыл өтүп, өлкө чоң саясий окуяларды башынан кечирди. Светлана айым Кыргыз журналистикасынын азыркы абалы тууралуу китепти улантуу үчүн келип, жергиликтүү журналисттер менен жолугуп жүрөт. Америкалык окумуштуунун Кыргызстан тууралуу ойлорун уктук.

Америкалык окумуштуу кыргыз журналистикасы тууралуу китепти кайра жазууга өлкөдө өтө тездик менен болуп жаткан саясий окуялар себеп экенин айтат. Ал Кыргызстандын ар бир облусундагы ЖМК өкүлдөрү мененбетме-бет баарлашып, кыргыз жуналистикасынын күңгөй-тескейи тууралуу маалыматтарды топтоп жүрөт.

«Биз Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын (ММК) азыркы абалы тууралуу толук маалымат алуу үчүн бардык аймактарды кыдырып чыгабыз. Анткени биз 2002-жылы жазган китебибиз жаңы маалыматтарга муктаж болуп турат. Акыркы он жылда Кыргызстан эки революцияны башынан өткөрдү. Адатта мындай коогалаңдарды баштан өткөрүү үчүн башка өлкөлөр бүтүндөй доорлорду коротушат. А бул жерде бир гана муундун жашоосунда эки чоң окуя болуп отурат. Биз тынымсыз саясий өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп жаткан өлкөдөгү ММКлардын абалы тууралуу так маалыматка ээ болгубуз келет».

Маалымат айдыңынын окумуштуусу Кыргызтандагы абал менен Америкадагы абалдын анча деле айырмаландаганын айтты. Анткени жаңы технологиялардын өнүгүшү, гезит, журнал, китеп сыяктуу маалымат каражаттарын эл турмушунан сүрүп сыгарышы мүмкүн экендигине токтолду.

«Азыркы тапта гезиттерди кантип сактап калабыз, деги эле гезиттер ММК катары адамзатка керекпи, же жаңы технологияларга багынып койгон оңбу деген суроолор Америкада да курч коюла баштады. Кыргызстанда деле ушундай абал бар. Ошентсе да жаңы технологиялардын келишин мен колдом. Кыргызстан жаңы технологиялар тармагын боюнча жакшы өнүгүп жаткан өлкө. Анткени Кыргызстан Борбордук Азияда байланыш технологиялардын жеткиликтүүлүгү боюнча Казакстандан кийинки экинчи орунда турат. Акыркы маалыматтарга караганда Кыргызстандын 100 адамынын 98и уюлдук телефонго ээ экен. Бул абдан жакшы. Интернеттин элге жеткиликтүүлүгү да тез өнүгүп жатат. Бул эң жакшы көрүнүш»,-дейт С. Куликова.

Окумуштуу Светлана Куликова Ош шаарынын жашоосу тууралуу чыныгы маалыматтарды алуу үчүн ар кандай жолугушууларга жөө барып жүргөнүн билдирди.  Анткени Кыргызстанга өзү келгенге чейин өлкө, Ош шаары тууралуу жазылгандар, көрсө, чындыкка коошпогон маалыматтар экендигин айтат.

«Мен Ош тууралуу башкача ойдо жүргөнмүн. Анткени ошол эле ММКлар Ош шары тууралуу абалга көп боек сүртүп салышкан. Ага ишенсек, Ош куну учкан шаар, бузулган өйлөр, согуштун издери дана бакалып тургандай элес калтырат. Чындыгында андай эмес экен. Жергиликтүү тургундар өз жашоосу менен алектенип жүргөнү байкалат. Өтө көп кош бойлуу аялдарды көрдүм. Бул жакшылыктан кабар берет. Шаар да таза экен. Анан да  лимузиндер жана чет элдик маркадагы авто унаалардын көптүгү жана аябай таң калтырды. Албетте, мунун баары тынчтыктан кабар берет. Адатта мындай чатакты башынан өткөргөн өлкөлөр өтө көп кыйынчылык менен көп убакыт коротуп, бутуна турушат»,-дейт ал.

Маалымат каражаттары боюнча илимдин доктору Светлана Куликованын кыргыз журналистикасынын абалы тууралуу жазган китеби журналисттер жана ЖОЖдордо кеңири колдонулуп келет. Окумуштуунун эми жазыла турган китеби кыргыз бийликтерине да берилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу чиновниктерге сунушталмакчы.

Маалымат булагы: “Ынтымак” радиосу, 5-июль, 2012-жыл

Похожие записи