Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Курманбек Осмонов “Вечерний Бишкек” боюнча юридикалык баа берди

Курманбек Осмонов “Вечерний Бишкек” боюнча юридикалык баа берди

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

“Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов, “Вечерний Бишкекти” рейдердик жол менен басып алууга көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу комментий берип жатып, маселе боюнча текшерүү иштеринин таза жана объективдүү жүргүзүлүшү маанилүү экендигин айтты.

“Мен бул маселеден кабардармын жана басма үйүнүн кайрылуусу боюнча президент бардык фактыларды текшерүүгө алууну тапшыргандыгы туура болду. Эми текшерүүчү органдар өз жыйынтыгын чыгарышы керек. Эң негизгиси алар текшерүүнү бардык фактылар боюнча ачык жана объективдүү жүргүзсө болду. Башкы прокуратура бул нерсени камсыз кыла алат деп ойлойм”, – деди депутат.

Ошондой эле Осмонов, президент “Вечерний Бишкек” басма үйүн басып алуулар боюнча фактыларды текшерип, күнөөлүү жактарды макамына карабай жоопкерчиликке тартууну талап кылуу менен текшерүүчү органдарга , карт-бланш берип койгондугун айтат.

“Мен так айта албайм, бирок Рябушкиндин артында бийлик өкүлдөрүнөн бирөө-жарым бар деп болжолдуу түрдө айта алам”, – деди Осмонов.

Андан тышкары Осмонов, юрист катары ишкананын эки түзүүчүсүнүн ортосундагы талаш-тартыш маселелер боюнча бир катар суроолорго жооп берди.

– Мөөнөтү өтүп кеткен иш боюнча доону сот кайрадан кароого мыйзам жол береби?

– Эгерде мөөнөтү өтүп кетсе, сот доо-арызды карамак эмес. Ага мыйзам жол бербейт.

– Эгерде биринчи жана экинчи инстанция басма үйүнүн кайсыл бир үлүшүнүн сатылып кеткендиги тууралуу доону тааныса, башка инстанция бул чечимди жокко чыгара алабы?

– Эгерде жаңы ачылган жагдайлар боюнча гана соттук иш кайрадан жанданбаса, мындай шартта ишти кайрадан кароого негиз жок.

– Эгерде түзүүчү ЖЧКдагы үлүшүн сатып жибергендиги сотто далилденсе, ал адам түзүүчүлөрдүн курамынан чыккан убакыттан берки мезгил үчүн компенсация талып кылууга укуктуубу?

– Албетте, жок. Эгерде ал менчик ээси укугунан ажыратылса, эч нерсе талап кылууга укугу жок. Анткени ал менчик ээси эмес да.

Маселенин келип чыгуу тарыхы:

“Вечерний Бишкек” гезити жана “Рубикон” жарнамалык фирма курамына кирген медиа-холдинг 1997-жылы түзүлүп, анын эки уюштуруучусу болгон. Алар Александр Ким жана Александр Рябушкин. 2000-жылы Рябушкин пайда табуу үчүн өзүнүн үлүшүн “Петровски Корп” структурасына сатып жиберген. Ал экс-президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө таандык, Адил Тойгонбаев тарабынан аффилиацияланган компания. Ошол убакыттан бери Александр Рябушкиндин медиа-холдингге эч кандай тиешеси жок. Ал үлүшүн сатып компаниянын курамынан чыккандыгы тууралуу соттун чечими азыркы учурга чейин бар.

Арадан 14 жыл өткөн соң Рябушкин күтүүсүздөн чыга калып, ал өз үлүшү үчүн эч кандай төлөм албагандыгын жар салып, сотко берген. Бирок доо ошол кезде Рабушкин акциясын саткан “Петровски Корп” – фирмасына эмес, “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн азыркы ээси Александр Кимге коюлган. Эгерде доо “Петровски Корп” – фирмасына коюлса, ошондо гана талаш чыныгы чарбалык деп эсептелмек. Рябушкин Александр Кимден мурда ээ болгон үлүшүн талап кыла баштаган. Бул доо-арыз боюнча кылмыш иши козголуп, соттук эки инстанция Рябушкиндин дооматтарын мыйзамдуу деп табышкан. Бирок аны менен катар бир нече мыйзам нормалары бузулган.

Кийинчерээк Рябушкин 2000-жылдан тартып азыркы кезге чейинки мезгил үчүн 15 миллион доллар компенсация талап кыла баштаган. Ага кошумча Юстиция министрлиги түзүүчүлөрдү мыйзамсыз кайра каттоодон өткөргөн.

17- апрелде “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн эмгек жамааты сот системасында болуп жаткан абалга көңүл бурууну суранып, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. Медиа-холдингдин кызматкерлери басма үйүнүн жана “Рубикон” жарнамалык фирмасынын тегерегинде болуп жаткан соттук териштирүүлөр – бул саясий жагдай менен байланышкан рейдердик басып алуу экендигин маалымдашкан. Күчтүү административдик ресурсу жок жана мамлекет башчысынын тегерегиндеги таасирдүү кишилердин жардамысыз доо арыз өндүрүлмөк эмес. Анткени андай кылууга мыйзамдуу негиз жок.

18-апрелде мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарына “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн жамаатынын кайрылуусунда көрсөтүлгөн айыптоолорго текшерүү жүргүзүүнү жана макамына карабай күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга тапшырма берген.

Ошол эле күнү УКМКнын кызматкерлери “Вечерний Бишкектин” жетекчилери менен маектешкен. Ал эми 20- апрелден тартып бардык кызматкерлерден түшүнүк кат ала башташты.

“Кабар ордо”

Похожие записи