Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Ооганстандын Ишкашим шаарчасында Кыргызстандык эки журналист чыга албай кармалып турушат

Ооганстандын Ишкашим шаарчасында Кыргызстандык эки журналист чыга албай кармалып турушат

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

“Фергана” маалымат агенттиги Тажикстан менен чектешкен Ооганстандын Ишкашим шаарында кыргызстандык эки журналист жана алтымышка жакын туристтер эч жакка чыга албай калгандыгын билдирди.

Бишкектеги “МК-Азия” басылмасынын Бишкектеги бөлүмүнүн баш редактору Улугбек Бабакулов жана эркин журналист Эгамберди Кабулов Ооганстандын кичи Памиринде отурукташкан этникалык кыргыздардын жашоосу тууралуу материал жазуу үчүн барышкан.

“Фергана” маалымат агенттиги журналисттер менен 24-июлда эки ирет жана 25-июлда эртең менен байланышкан.

“Ишкашимде чек ара пункту бар. Ушул жерден Тажикстанга өтүп, андан ары Мургаб же Хорог аркылуу Кыргызстанга жетебиз дегенбиз. Бирок, аталган чек ара пункту Тоолуу Бадахшандагы окуя жана талибдердин Вардуш айылындагы көтөрүлүшүнүн кесепетинен жабылып калыптыр. Эмне окуялар болуп жаткандыгын, бул жерден интернетке киргенден кийин гана билдик. Чек арачылар да, аскерий адамдар да бизге эч нерсе айткан эмес. Тажикстан байланыш каражаттары бул жерде өчүрүлүптүр, ал эми кыргызстандык “Билайн” роуминг байланышы бул жерде иштебейт экен”, – деп айтып берген У.Бабакулов “Фергана” агенттигинин башкы редактору байланышка чыкканда.

Журналисттердин айтымында, Ишкашим шаарчасы азыр эки тараптан тең тосулуп, эки оттун ортосунда калган абалды элестетет. Эки журналисттен сырткары ооган шаарчасында Германиядан, Польшадан, Франциядан, Орусия жана Кыргызстандан барган 60ка жакын алпинисттер, велотуристтер да же Кабулга же Тажикстанга чыга албай отурушкандыгын да айтып беришкен.

Бул маалымат боюнча комментарий сурап, КРдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар аталган маалыматтарды тактап жатышкандыгын билдирди.

Похожие записи