Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

«Kloop.kg» сайтынын кызматкерлери Р.Матраимовдун арызы боюнча сурак беришти

«Kloop.kg» сайтынын кызматкерлери Р.Матраимовдун арызы боюнча сурак беришти

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

«Kloop.kg» сайтынын журналисти Элдияр Бакиров, оператору Хамидулло Узаков, айдоочусу Бекболсун Каипов, мурда сайтта иштеген кызматкери жана тажрыйба алып жүргѳн студенти Руслан Матраимовдун арызы боюнча милицияда сурак беришти.

9-январда «Kloop.kg»тун» кызматкерлери Ленин көчөсүндѳ жайгашкан үч кабаттуу курулушу бүтѳ элек имаратты дрон менен тасмага тартып алышкан. Аталган имарат мыйзамсыз курулган деп айтылып жүрѳт. Журналисттер маалыматты тактоо үчүн жергиликтүү бийликке сурам да жѳнѳтүшкѳн.

Оператор Хамидулло Узаковдун айтымында, тасмага алуу аяктап калганда аларга кара кийимчен жигит келип, дронду түшүрүп, тартылган видеотасманы кѳрсѳтүүнү талап кылган.

«Кѳрсѳткүлѳчү, биздин үйдү эле тартып жатасыӊар», – деди. Биз анын үйүнѳн алыс эле аймакты тартып жатканыбызды пульт менен экрандан кѳрсѳттүк. Бирок, ал дронду түшүрүүнү талап кылды. Эки тараптан кайым айтышуу болуп, биз машинеге отуруп жѳнѳп кеттик», – деди Хамидулло Узаков.

Р.Матраимов «Дрон менен үйүбүздү тартып, жеке жашообуздун кол тийбестигин бузуп жатат» деген мааниде арыз жазган. Анын негизинде милиция «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

10-январь күнү милиция ««Kloop.kg» сайтынын айдоочусу Бекболсун Кайыповду машинеси аркылуу таап, аны суракка алган. Ал эми журналист Элдияр Бакиров тасмага алынган имарат жѳнүндѳгү мэрияга жѳнѳтүлгѳн сурамдарды кѳтѳрүп милицияга барганда, аны да күбѳ катары сурашкан. Бирок, Элдияр Бакиров тасмага тартуу учурунда башка жакта болгон.

11-январда оператор Хамидулло Узаков сурак берди.

«Суракта эмне кылганыбызды, дронду ким учурганын сурашты. Негизи, ал күнү үчѳѳбүз эле болгонбуз. Журналистика мектебинин студенти съемкага катышкан деле эмес. Ал буюмдарыбызды кѳтѳрүшүп жүргѳн эле», – деди Х.Узаков.

14-январь күнү ««Kloop.kg»» сайтынын мурдагы кызматкери сурак берди.  Ал ѳзүнүн коопсуздугунан чоочулап турганын айтты.

«Менин Твиттер баракчамды таап, мурда жазган какшык сыяктуу постторумду бурмалап, фейк аккаунттар менен соцтармактарда мени каралоолорду жүргүзүштү. Кайым айтышуудагы тасманы коюп, аброюма шек келтирген постторду жазышты, «Колго түшсѳ сазайын беребиз» дегендей билдирүүлѳрдү таратышты», – деди ал.

«Kloop.kg» сайтынын мурдагы кызматкери маалымдагандай, ал күбѳ катары сурак берип жатканда тергѳѳчү ага Р.Матраимовдун арызы жана тергѳѳнүн максаты менен тааныштырган эмес. Ошондой эле сурак протоколунун кѳчүрмѳсүн сураганда, аны берген эмес.

15-январда «Kloop.kg» медиа-мектебинин студенти да сурак берди. Ал милицияда бир сааттай сурак берүүдѳн соӊ, «маалыматты сыр сактайм» деген маанидеги тил кат жазып чыккан.

Жактоочунун түшүндүрмѳсү боюнча, суракка чакырылгандар Р.Матраимовдун жазган арызын текшерүүдѳ кылмыштын курамы барбы-жокпу дегенди тактоо үчүн күбѳ катары сурак беришкен.

Руслан Матраимов – Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун иниси. Ѳткѳн жылдын аягында Матраимовдордун үй-бүлѳсү журналисттик иликтѳѳ материалдары үчүн «Азаттык», ««Kloop.kg»» жана «24.kg» сайттарын сотко берген.

Гүлзат Газиева,
Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу ѳкүлү

Похожие записи