Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Инструменты

Тиктокер болгуң келсе

Тиктокер болгуң келсе

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

ТикТок — вертикалдык видеолорду түзүү жана көрүү үчүн сервис. Тиркеме колдонуучуларга кандай мүмкүнчүлүктөрү бере турганын талдайбыз.

ТикТок адамды өзүнө тартат. Андагы роликтердин эң узактыгы – 1 мүнөт. Көбүнчө андан да аз. Видеолорду бирден көргүчө, убакыт кандай өткөнүн билбей каласың. Тиктокерлер арасында өспүрүмдөр менен бирге эле ар кыл курактагы колдонуучулар абдан көп. Бири кеңешин айтат, башкалары артистерди туурап ырдайт, үчүнчүлөрү бийлейт, төртүнчүлөрү үйрөтөт…

Эгерде башкалардын видеосун көрүүдөн тажасаң, өзүңдүкүн түзө башта. Аны жасоо жолдорун жана тиркеменин кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин талдап көрөбүз.

ТикТок орноткула:

 

Аккаунт ачкыла

Тиркемени ачкыла, өзүңөрдүн кызыгууңарды аныктагыла, «Андан ары» баскычын, андан соң «Көрүүнү баштоо» баскычын баскыла. Видеону каттоосуз көрө берсе болот. Бирок өзүңдүн роликтериңди киргизүү үчүн катталуу зарыл.

Жогору жагында «Катталуу» жана «Сиздер үчүн» деген эки баракча бар (тиркеме видеолорду силер тандаган кызыгууларга жараша тандайт).

Төмөндө меню баскычтары бар:

  • Башкы бет
  • Кызыктуулар
  • «+» (ролик киргизүү үчүн)
  • Келип түшкөндөр (билдирүүлөр)
  • «Мен» (профиль).

«Мен» баракчасына өткүлө. Телефон номер/электрондук почта, ВКонтакте, Google, Фейсбуке, Инстаграм, Твиттердеги өзүңөрдүн аккаунтуңар аркылуу катталгыла.

«Профилди өзгөртүү» баскычын баскыла, аватар – фото же 6 секунддук видео койгула, атыңарды жазгыла, сүрөттөөнү, өзүңөрдүн YouTube жана Инстаграмдагы (милдеттүү эмес) аккаунтуңардын шилтемесин кошкула.

 

Видео тарткыла

Ролик тартуу үчүн экрандын төмөн жагындагы (ортосундагы) «+» баскычын баскыла. Видеонун узактыгы 1 мүнөткө чейин чектелген. 15 секундга чейин же 1 мүнөткө чейин которгуч – экрандын ылдый жагында турат.

ТикТокто видео тартууда төмөнкүдөй функциялар бар (оң жак колонкада):

  • тасманын ылдамдыгын тандоо – тездетүү же жайлатуу;
  • сүрөт үчүн фильтр коюу (свайп менен дагы оңго же солго өзгөртүлөт);
  • жүздү жакшыртуу – терини «жылмалоо», «тишти» агартуу, контурду так кылуу, макияж «сүртүү»;
  • видео тартуу жана тыныгуу үчүн таймер коюу.

Видео тартуу баскычынын жанында (ортодон төмөн жакта) «Эффекттер» баскычы жайгашкан – булар видеонун үстүнө коюла турган маска же фильтр. Эффектилерди алмаштырууга болот – ал үчүн бир масканы тандап, тартып баштагыла, анан жаздырууну токтотуп, башка эффектини тандагыла – анан кайра тартууну уланткыла. Жагып калган эффектилерди кийин издебеш үчүн тандалгандардын катарына кошуп коюуга болот.

Видеону тартып бүткөндөн кийин, кызыл тегеректеги белгини баскыла (төмөнкү оң жакта).

 

«Эффектилерди» кантип колдонуу керектиги жөнүндө мисалдар

@filatova_isВТОРОЙ СПОСОБ как снять ТРЕНД одному??♬ Bad (2012 Remaster) – Michael Jackson

@tthideНовые тренды раньше в телеграм: @tthide #новыйтренд♬ …..Wiii – ⚡ ?????⚡

 

Видеону жүктөгүлө жана тиркеменин өзгөчөлүктөрүн пайдалангыла

Видеону жүктөш үчүн экрандын төмөн жагындагы «+» баскычын баскыла (ортосун). «Тартуу» деген баскычтын жанында «Жүктөө» деген баскыч бар. Роликтин узундугу 1 мүнөттөн ашпаш керек.

ТикТок видеонун же фотонун бир нече бөлүгүн автоматтык түрдө бириктире алат.

«Жүктөө» баскычын басып, галереядан видео жана фото тандап, «Андан ары» баскычын басасыңар. Тиркеме видеону иштетет, ага музыка кошот. Төмөн жактан роликке музыкалык коштоо тандоого болот. «Коррекция видео» баскычын басканда бөлүктөр автосинхронизация болот. Алардын тартибин колго өзгөртүүгө болот – видеонун же фотонун бир бөлүгүн баскыла жана керектүү жерге койгула. Анан “Даяр” баскычын баскыла.

Эгерде бир эле видео болсо, жүктөгөндөн кийин аны тездетип же жайлатып, ылдый каратып коюуга болот. Редакциялоону улантуу: фильтр, музыка, эффект, текст, стикерлерди кошуу үчүн «Андан ары» баскычын баскыла (жогорку оң бурчта).

Фильтрлер роликти тартып жатканда дароо тиркемеде пайда болушу менен өзгөчө.

Эффектер айырмаланат. Видеонун борбор жагын бөлүп, сүрөттү көбөйтүп, тор, слоумо (жай кыймыл эффектиси) түрүндө тоскоолдук кошуу менен «бүдөмүк» көрүнгүдөй жасоого болот.

Видеого интерактивдүү сурамжылоо кошууга болот, «Poll» баскычы стикерлерде турат.

 

Тиркемеде дагы кандай функциялар бардыгы жөнүндө мисалдар

@barisyresmiSubscribe to my Youtube channel #barisyresmi #tiktok♬ orijinal ses – Barış Yeşildağ

@filatova_isВТОРОЙ СПОСОБ как снять ТРЕНД одному??♬ Bad (2012 Remaster) – Michael Jackson

 

Видеого үн кошкула

Тиктокерлердин эң сүйүктүү көңүл ачууларынын бири – видео, анын ичинде музыкалуу, lip syncing (эрин кыймылын үн менен синхрондоштуруу) менен тасма түзүү. Тиркеменин базасында ырлар, фильм үзүндүлөрү, артисттер менен комиктердин өнөрлөрү көп. Автордук укукту бузбаш үчүн жаздыруу 10-60 секундга эсептелген. Тректер категорияларга бөлүштүрүлгөн.

Видео тартып же жүктөп жаткан кезде оң жактагы мамычада үн менен иштөө үчүн аспаптар пайда болот:

  • нукура үнгө эффекттерди кошуу (баритон, вибрация, батарейка отурган үн, мегафон),
  • роликке кошумча үн коштоо,
  • нукура жана кошумча үндүн бийиктигин жөнгө салуу.

Төмөнкү менюда «Музыка» баракчасы бар, аны басканда тиркеменин жыйнагы ачылат. Андан композицияны тандап алып уккула жана белгини баскыла.

Өзүңдүң трегиңди жүктөө үчүн ачылган баракчанын төмөнкү оң бурчунан «Менин музыкам» баскычын баскыла.

Анда плейлисттер категорияларга бөлүнгөн, жагып калган тректерди «Тандалгандарга» кошуп коюуга болот.

ТикТок роликке үн кошууга гана эмес, жаккан роликке видео тартууга дагы мүмкүнчүлүк берет. Жүгүртмө саптагы композициянын аталышын же пластинканын белгисин баскыла (экрандын төмөнкү оң жагында). Композициялар баракчасы ачылат. «Ушул үндү пайдалан» баскычын баскыла.

 

Дуэт түзгүлө жана чоочун роликке өзүңөрдүн бөлүктү кошкула

Эгерде колдонуучу тууралоодон купуялык менен чектебесе ТикТокто өзүң тарткан же болбосо башка чоочун роликтер менен дуэт жасаганга болот. Дуэт тартуу үчүн кызыккан видеону тандагыла, горизонталдык үч чекитти, андан кийин «Дуэт» баскычын баскыла. Үлгү жасагыла жана видеонун өзүңө тиешелүү бөлүгүн тарткыла.

«Бириктирүү» функциясы чоочун видеого өзүңдүн бөлүгүңдү кошууга мүмкүндүк берет. Видеону тандагыла, горизонталдык үч чекитти, андан кийин «Бириктирүү» – «Жасап көрүү» баскычын баскыла. Видеонун бир бөлүгүн бөлүп алгыла (чектөө 5 секунд), «Андан ары» баскычын басып (экрандын төмөнкү оң бурчунда), өзүңөрдүн бөлүктү тарткыла.

Видео даяр болгондо «Андан ары» баскычын баскыла, видеого сүрөттөө жазгыла, хэштегдерди кошкула, досторду белгилегиле. Кимдер видеону көрүп, пикир кошо алаарын жана роликти дуэттерге пайдаланып же бириктире алаарын тууралагыла. «Жарыялоо» баскычын баскыла.

Нускама 2021-жылдын февралына карата актуалдуу.

Сделано.Медиа

Макаланын түп нускасы бул жерде

Похожие записи