Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Свобода слова

Эрнис Асек уулу, журналист, маркум Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси: “Эшимкановдун окуучулары, бирөөлөрдүн керт башына асылганды токтотподук…”

Эрнис Асек уулу, журналист, маркум Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси: “Эшимкановдун окуучулары, бирөөлөрдүн керт башына асылганды токтотподук…”

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

– Эрнис мырза, жакында эле агаңыз Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд түзүп, интернет сайтын ачтыңыздар. 23-июнда агаңыздын жаркын элесине арналган футбол боюнча журналисттер арасында мелдеш уюштуруп жатасыздар. Ушул боюнча окурмандарга маалымат катары кененирээк айтып берсеңиз? 

– Ооба, кандай болгон күндө дагы агам Мелистин коомдо ээлеген орду зор болчу. Башкасын айтпаганда да, агамдын кыргыз журналистикасы, анын ичинен басма сөздөгү сөз эркиндигинин өнүгүшү үчүн кошкон салымы зор экенин танууга болбойт.

Союз тарап, өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып, Кыргызстандагы эң алгачкы эркин жана саясий гезиттерден болгон “Асаба” гезиттин ачып, бийликтин кетирген кемчиликтерин тайманбай сындап жазуу менен, сөз эркиндигине кандайдыр бир деңгээлде жол ачып берди десем жаңылышпайм. Байкемдин мына ошол эрдигин эске алып, журналисттердин башын бириктирип, өсүп келе жаткан жаш журналисттерди чыгармачылык жактан колдоого алуу максатында аталган фондду түзүп, сайтты ачтык. Түзүлгөн фонд, жыл сайын мыкты жазып, мыкты иштеген бир журналистке 100 миң сом ыйгарып турсакпы деген оюбуз бар. Каражат болсо журналисттер үчүн көп эле жакшы иштерди аткарсакпы дейбиз, тилекке каршы каражатыбыз тартыш. Бирок, кандай болбосун каражат таап, журналисттерди колдоп алууга аракет кылабыз. Ал эми фондду түзүп, сайтты иштетүүгө тууган уруктарыбыз жана байкемдин жакын достору каралашышты. Мисалы байкемдин саясаттагы эң жакын досторунун бири Кубатбек Байболов фондду иштетүүгө шаар ичинен офис берди. Ошондой эле депутат Феликс Кулов да жардам берээрин убада кылды. Коомдук ишмер Аскар Салымбеков футбол аянтчасын берип, буюрса, 23-июнда журналисттер арасында кичи футбол боюнча атайын мелдеш өткөргөнү турабыз. Мелдешке жалпысынын 12 команда катышаары күтүлүүдө.

– Сиз айткандай Мелис байкени эркин журналистиканын башаты десек туура болоор. Учурунда көптөгөн журналисттер Мелис байкенин мектебинен өтүп, алардын көбү учурда башкы редактор, айрымдары журналистика тармагындагы жогорку кызматтарды аркалап жүрүшөт. Айтайын дегеним, ошол журналисттер Мелис байке чаап берген арыкты андан ары улап кете алдыштыбы? 

– Бул нерсе тууралуу акыркы убактарда Мелис байкем да көп айтып, тилекке каршы кыргыз журналисттери туура эмес жолго түшүп алды деп кейип калчу. Байкем менен кошо мен да бир канча жыл журналист болдум. Акыркы беш жылдан бери чыгармачылык менен алектенип, кыргыз журналисттерине сырттан гана көз салып жүрдүм. Байкасам, байкемден тарбия алып, учурда башкы редактор болуп иштеп жаткан журналисттердин баары эле байкемден алган тарбиясын коомчулукка көрсөтө алышкан жок. Көпчүлүк гезиттер майдаланып, аналитикалык макалалар жокко эсе болуп, журналисттер ушактын деңгээлинен көтөрүлө албай калышты. Ашыкча эле бирөөнү жамандап, анын керт башына асылган көрүнүштөр өтө көп орун алууда. Мисалы Мелис байкем бирөөнүн былыгын чукучу, бирок анын былык чукуу деңгээли башкача эле. “Жазсаңар керт башына асылбай, факты менен жазгыла”- деп бизге дайыма эскертип турчу. Аны биз, Мелис байкенин окуучулары эске албай, бирөөлөрдүн керт башына асылуу менен гана алектенип келе жатабыз. Мени ушул нерсе абдан өкүндүрөт.

– Каза болооруна жакын Мелис байке, “Баягы Асаба” деген гезит ачып, журналисттик кесибин улантмак деп айтылып жүрөт. Чындап эле гезит чыгармак беле? 

– Бир күнү журналист Алым Токтомушев үчөөбүз сүйлөшүп отуруп, ошондо Мелис байкем, “силер кандай дейсиңер, эгер туура көрсөңөр” “Жаңы Асаба” деген гезитти каттоодон өткөрүп, гезит чыгарсамбы деп жатам”- деди. Биз туура көрүп, бирок, гезиттин атын “Жаңы Асаба” эмес, “Баягы Асаба” кылып өзгөрттүк. Ошентип, аталган гезитти байкем каттоодон өткөрдү. Көп өтпөй эле илгери “Асабада” чогуу иштеген журналисттердин баарына телефон чалып, аларды жумушка чакырган экен. Алардын көбү байкемдин оюн колдоп, иштемей болушуптур. Мага болсо, башкы редакторлукту сунуштады. Бирок мен гезитке иштегенге көңүлүм жок болгондуктан, редакторлуктан баш тарттым. Ошентип гезитти мына чыгарабыз деп жатканда байкемдин көзү өтүп кетти. Азыр болсо мен эптеп каражат таап, гезитти чыгарсамбы дейм, бирок жетиштүү каражат болбогондон кийин менин гезитим деле катардагы жайнаган гезиттердин бири болуп калабы деп корком. Ошондой эле, байкем экөөбүздүн кино тарталы деген пландарыбыз да бар болчу. Мени Россияга барып, режиссёрлук кесипти окуп кел деп жаткан. Тилекке каршы ал тилегибизге да жетпей калдык.

– Акыркы учурларда Мелис байке, Бакиевдер менен иштешкенине катуу өкүнүп жүрдү дешет. Өкүнгөнү тууралуу да айтып берсеңиз? 

– Эң башкысы Мелис байкем бирөөнү алдап, калп айтканды жаман көрчү. Бирок аябай ишенчээк болчу. Турмушта ошол ишенчээктигинин запкысын көп тартты. Бакиевдер менен иштешкенине да ошол ишенчээктиги себеп болду деп ойлойм. Бакиевдер алгач байкеме элчилик кызматын сунуштап, ага көнбөгөндө КТРКга директор кылышты. Андан соң, Максим Бакиев менен бирге иштешип, ЦАРИИ де кызмат өтөдү. Бирок ЦАРИИге анда- санда гана барып аралашканы болбосо, ал жакта андай деле иштеген жок. Кыскасы байкем Бакиевдер менен иштешкенине өкүнчү эмес. Тескерисинче убагында үзөңгүлөш болуп бирге жүргөн оппозициядагы досторуна “бир муштумдай болуп бириге албай койдук”- деп нааразы болуп жүрдү. Анан калса, коомчулукта Максим Бакиев байкеме үй белек кылыптыр деп да айтып жүрөт. Учурдан пайдаланып айтып коёюн, ал үйдү Максим Бакиев белек кылбай эле, байкем шаардагы үч бөлмөлүү квартирасын, андан тышкары достору белек кылган 90 миң долларлык жип үлгүсүндөгү машинесин сатып, аталган үйдү сатып алган. Болгон байлыгы ошол, андан башка байкемде эч кандай байлык болгон эмес. Менимче ал үйдү деле Данияр Үсөнов намысына тийбегенде сатып алмак эмес болушу керек. Мелис байкем мурунку үйүндө жашап турганда Д. Үсөнов барып, Мелис сен ушундай үйдө жашайсыңбы деп намысына тийген экен. Ошондон кийин байкем намыстанса керек, аталган үйдү сатып алды. Эмне дейбиз байкемдин өмүрү кыска экен, 50 жашка толбой, балдарынын жакшылыгын көрөөр мезгилде каза болду. Кээде Эшимкановдордун тукуму ушундай аз жашайбы деп да ойлойм. Анткени, ата- тегибизде 50 жашка толбой каза болгондор көп болгон. Кыскасы, байкемдин өлүмү боюнча ар кандай нерселер ойго келет. Каза болоруна жакын ооруканага барып, “жүрөгүм жаш баланыкындай экен”- деп сүйүнүп келген эле, ошондон улам бирөөлөр эле уу берип койдубу деген да ой келет. Ал эми өзүм жөнүндө айта турган болсом, бир топ жыл журналистикадан алыстап, чыгармачылык менен алектенип келе жатам, соода- сатыкка аралашып, бизнес да кылып көрдүм. Учурда аз- азтан болсо дагы макала жазып, айрым гезиттер менен иштешип жатам.

Маектешкен Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула” гезити, 22-июнь, 2012-жыл 

Похожие записи