Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Свобода слова

Чыныгы сөз эркиндиги орногон убак келет

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Мындан эки үч жыл мурун журналисттердин коопсуздугу актуалдуу маселелердин бири катары каралып, калемгерлер “сөз эркиндиги” анын абалы, тууралуу пикир чогултуп, күжүлдөп жүргөн көрүнүш эстен кетпейт. “Канча журналист өлкөдөн качып чыгып кетүүгө мажбур болду?”, “Канча ЖМК бийликтин кысымы менен жабылууга дуушар болгон”, “Канча журналист сабалып токмоктолгон?” деген суроолорду ар бир журналист жадыбалындай билчү жана бул тууралуу материал жасалып жатканда, сөзсүз ушул суроолорго жооп издешчү.

Сөз эркиндигине кол салуу тууралуу сөз кылганда алгач Ош шаарында 2007 –жылы 24–октябрда буюртма өлтүрүлгөн журналист Алишер Саипов эске келет. Маркумдун атасы ушул күнгө чейин чындыкты издеп, күнөөкөрдү таап бергиле деп келет.

2009-жылы Алмаз Ташиев оор жаракаттан улам ооруканада каза тапкан. Окуяга күнөөкөр деп Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жоопко тартылган.

2009-жылдын 1-мартында, “Reporter-Bishkek” гезитинин коррепонденти Сыргак Абдылдаев бычакталып кеткен. Журналист өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болгон.

2009-жылы “Ош шамы” гезитинин кеңсесинде тапанчанын огу салынып, коркутуп, үркүткөн сөздөр жазылган конверт табылган.

2009 –жылы, 16-декабрда  Алматы шаарында кыргызстандык журналист  Геннадий Павлюкту колу буту скотч менен таңылган абалында, кылмышкерлер балкондон ыргытып жиберишкен. Көптөгөн жаракат алган журналист 22-декабрда ооруканада каза болгонун эстегенде көзгө жаш айланат.

Ошондой эле “Де Факто” гезитинин жабылышы, анын негиздөөчүлөрүнүн куугунтукталышы жана башка көптөгөн ушул сыяктуу сөз эркиндигине болгон кысымдарды санасак тизмеги улана берет.

Азыр кыйынчылыктардын баары артта калды деген билинер билинбес жеңилдик бар болгону менен, түпкүрдө кандайдыр бир ишенбөөчүлүк бардай. Эки жолку, күч менен бийлик алмашууну башынан кечирген элдин ишенимин бекемдөө кыйынга турат көрүнөт.

Чындыгында оор кыйынчылыктар артта калганы менен сөз эркиндиги боюнча маселелердин жоон түрмөгү эми гана чекеден чечилип келатат десек болот. Мурун баардыгы биригип, бир бийликке каршы чыгып, анын күчүнө туруштук берүүгө аракет кылып келсе, учурда  ар тараптуу кызыкчылыктар көбөйүп, сөз эркиндигинин жалпы сапаты тууралуу маселе кабыргасынан коюлуп жаткан учуру.

Мурун, маалымат каражаттары, журналисттер бийлик тараптан кысымга алынса, азыр ЖМКлардын белгилүү бир адам менен тирешүүсү күч алып бартат. Бул дагы табияттагы кадыресе көрүнүш. Себеп дегенде, маалымат каражаттары менен анын окурмандары, көрүүчүлөрүнүн ортосундагы чыр чатак, акыры барып отуруп конструктивдүү диалогго өтүшү керек. Учурдагы бири-бирин тарбиялоо процесси албетте, соттук иштер, араздашуулар жылма өтүшү мүмкүн эмес. ЖМКлар окуяны объективдүү чагылдырганга өтүп, ал эми окурмандар чынчыл ЖМКны тандап окуп, ушак айыңга толтурулган ЖМКлар рыноктон сүрүлүп чыкканда гана сөз эркиндигинин жанары жана баштайт десек болот.

Ага чейин дагы көп жол басууга туура келээри анык. Бирок ар ким өзүнөн баштаса, бул ары оор, ары жоопкерчиликтүү процессти тездетүүгө салымын кошоор эле.

Эльвира Жекеева, “Journalist.news” гезити

Похожие записи