Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Журналист жана блогер

Журналист жана блогер

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Маалыматтык технологиялар менен интернеттин өнүгүшү бардык адамга пикир айтуу, маалымат таратуу жана өзүн таанытуу жаатында эбегейсиз эркиндикти тартуулады. Анын арты менен ар бир адам контент жаратып, өзүнүн жеке билдирүүлөрүн түзүп аны социалдык тармактарга жайгаштырууда. Айрымдардын эмгеги элге жагып, окурманы артып отуруп, коомго блогер катары таанылышты. Бирок, интернет мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин кенен ачканы менен маалымат таратуучулар болгон журналисттер менен блогерлерди ажырата билүү жаатында көйгөйлөр жаралды.

Биз бул материалда журналиcт менен блогердин айырмасын, алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп беребиз.

Аныктамалар

Журналист — ЖМКда же интернет медиада иштеген же алар менен тыгыз кызматташтыкта иштеген, коомдун кызыгуусун жараткан акыркы окуялар боюнча так жана ишенимдүү маалыматтарды жыйнап, алардын үстүндө иштеп, гезит, сайт, радио же телеканал аркылуу маалымат колдонуучуларга болушунча ыкчам жеткирип турган кызматкер. 

Блогер — интернетте күндөлүк жүргүзгөн адам. Башкача айтканда өзүнүн жашоосу жана хоббиси тууралуу жазган, билгендерин башкалар менен бөлүшкөн, коомдогу ар кыл көрүнүштөр боюнча көз карашын өзү тандап алган  платформада байма-бай жарыялап турган адам. Алардын контенти текст, видео, сүрөт же аудио түрүндө болушу мүмкүн.

Башына

Журналист менен блогердин окшоштуктары жана айырмачылыктары

Окшоштуктары

Журналист менен блогер маалымат менен иштешет, аны элге жеткирүү жолдорун жана ыкмаларын жакшы билишет.

 

Айрымачылыктары

Журналист ー бул биринчи кезекте кесип ээси. Ага жарандарды так жана бейтарап маалыматтар менен камсыздоо милдети жүктөлгөн. Журналист өзү сыяктуу бир нече адам менен бирге, юридикалык жактан катталган кайсы бир ЖМКда эмгектенет же аны менен кызматташат. Ал маалымат таратууда өзү билип баарын жасай албайт, дайыма редактор менен акылдашат. 

Журналисттин кесиптик иши «Маалымат каражаттары тууралуу», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө», «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги» сыяктуу дагы көптөгөн мыйзамдар менен жөнгө салынган. Журналист андагы талаптарды сактоого милдетүү. 

Ошондой эле журналисттер үчүн этикалык кодекс жана дүйнөдөгү бардык журналисттер карманган бирдиктүү стандарттар бар. Аларда жалган маалымат таратпоого, маалыматты бир нече булактан текшерүү жана бейтарап болуу сыяктуу бир катар эрежелер жазылган.

Блогерлик ー бул кесип эмес, жөн гана хобби. Блогер журналисттен айырмаланып баарын өз эрки менен жасайт. Контентти өзү жаратат, өзү жайгаштырат, өзү жайылтат. Анын ишмердүүлүгү кандайдыр бир мыйзамдар менен жөнгө салынбайт. Башкача айтканда мыйзам тыю салбагандын барын жасай алат. Блогер, журналисттен айырмаланып, маалымат таратууда фактыларга таянууга милдеттүү эмес. Ал кайсы бир көрүнүш, факты боюнча өз пикирин, аларга болгон мамилесин билдирүүгө кызыкдар.

Башына

Журналист менен блогерлердин жоопкерчиликтери

Ким кайсы кесипти аркалап, эмне менен алектенбесин баарында жоокерчилик бар. Мисалы, ашпозчу жасаган тамагына, сатуучу товардын сапатына жоопкер болгондой эле  журналисттер менен блогер дагы тараткан маалыматы үчүн жоопкер. Эгер алар сапатсыз же жалган маалымат таратышса анын кесепеттери коомчулукка тийиши мүмкүн.  Ошондуктан журналист мыйзам талаптарын жана этикалык нормаларды так сактоого милдеттүү. 

Алсак, журналисттин этикалык кодексинде бир катар насааттар жана эрежелер жазылган. Алардын эң негизгилери: жалган маалымат таратпоо, каршылаш эки тараптын пикирин берүү, пара албоо, чындыкка кызмат кылуу ж.б. Бирок этикалык кодекстин юридикалык күчү жок, ал жөн гана сунуштама.

Ал эми журналисттин кесиптик ишин жөнгө салган майзамдарда ал аткарышы керек болгон укуктар менен милдеттер так көрсөтүлгөн. 

Мисалы, «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамдын 23-беренесинде коомчулукка таратууга болбой турган маалыматтардын тизмеси көрсөтүлгөн.

Эгер журналист андагы мыйзамдын талаптарын сактабай коомдук кызыкчылыктарга жана адам укуктарына каршы маалыматтарды таратса жоопкерчиликке тартылып калышы толук мүмкүн. 

Кыргызстанда журналисттер соттук иштерге кабылып, каржылай доого жыгылган учурлар кезигет. 

Журналист чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды жайылтканы үчүн кайсы учурда жоопкерчиликке тартылбай тургандыгы ошол эле «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамдын 26-беренесинде жазылган.

Блогер кайсы мыйзамды сакташы керек

Барган сайын көп адамдар маалыматты түздөн-түз медиа-басылмадан эмес, блогерлерден же социалдык тармактардан алууга ыктап жаткан учурда блогерлердин жоопкерчилиги тууралуу көп айтылууда. Көптөгөн өлкөлөр сыяктуу Кыргызстанда дагы блогерлердин ишин тескеген атайын мыйзам жок. 

Мыйзамда блогердин милдети жана жоопкерчилиги кандай экени тууралуу «Медиа Полиси Институту» уюмунун юристи Нурбек Сыдыков буларды айтып берди:

«Эгерде блогерлер кимдир бирөөнүн кадыр баркына же ишкердик беделине шек келтирсе, анда анын жоопкерчилиги  жалпы адамдарга тиешелүү Жарандык кодекс боюнча каралат. Эгер ал мамлекетти күч менен басып алуу, массалык башаламандык же улут аралык кастыкты козутуу боюнча чакырыктарды жасаса, анда Кылмыш жаза кодексинин негизинде жоопко тартылат», ー деди юрист.

Аталган мыйзамдар журналисттерге деле тиешелүү. Айырмасы — алардын ишин жөнгө салган дагы кошумча мыйзамдар жана кодекстер бар, анда эмнени жазууга болбой турганы көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда блогерлерди жоопкерчиликке тартуу аракеттери жок эмес. Алсак Sydyman деген ат менен белгилүү Элмир Сыдыманов Instagram баракчасы аркылуу Кыргызстандын айрым аймактарында колдонулган сөздөрдү сындаганы үчүн «аймак аралык кастыкты козутту» делип камакка алынып, кийин акталган.

Өткөн жылы Интерньюс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Bloggers Media компаниясы менен биргеликте «Блогер бол» долбоорун ишке ашырган. Bloggers Media агенттигинин жетекчиси Адел Муканова учурда  TikTok`тогу блогерлердин популярдуулугу өсүп жатканын баса белгилеп, бирок алар өздөрү түзгөн котент этикалык нормаларды бузаарын  жана  калың аудитория алдындагы кандай жоопкерчилиги бар экенин толук түшүнүшпөй тургандыгын айткан

Башына

Блогерлердин көп түрдүүлүгү

Блогерлердин баары бир тема боюнча маалымат беришпейт. Алар багытына, тандап алган контентине, маалымат бөлүшүү ыкмасына, маалымат менен бөлүшүүдө колдонгон платформаларына жараша бөлүнүшөт.  Бүгүнкү күндө кайсы тармактар эң маанилүү деп эсептелсе баарында блогерлик өнүккөн.  

Кыгызстанда блогерлер контенттерин Facebook, Instagram, YouTube жана TikTok`ко, айрымдары жеке блогдоруна жайгаштырышат.  Алардын ар биринин жеке максаттары жана кызыкчылыктары бар.

Блогерлердин популярдуулугу алар жайылткан контеттин элге жагышы жана катталуучуларынын саны менен өлчөнөт. Айрымдары катталуучуларын көбөйтүү үчүн сенсация кубалап, атайын хайптарды (англ. hype — «ызы-чуу») жаратышат.

Бирок да 1.1STUDIO компаниясынын башкы продюсери Асхат Табалдиев катталуучусу көп адамдын баарын эле блогер деген туура эместигин айтат.  

«Учурда блогерлик деген түшүнүк аралашып калды. Мисалы катталуучусу көп адамдын баарын эле блогер деген туура эмес, анткени, айрымдар ар кандай гифтерге катышып, катталуучу чогулат . Блогер бул өзүнүн тандап алган багыты, позициясы жана контенти бар адам. Ал өз контенти боюнча маалыматты үзгүлтүксүз жарыялап турат», – деди А.Табалдиев.

Демек, кайсы бир тармак боюнча контенти бар жана аны өзүнүн аянтчасында материалдарды үзгүлтүксүз жарыялап турган адамдын баарын блогер деп айта алабыз.

Башына

Кыргызстандагы белгилүү блогерлер

Кыргызстанда дагы катталуучусу жана окурмандарынын саны жагынан айрым ЖМКлар менен тең тайлашкан таасирлүү блогерлер бар.  Керек болсо жакында эле ишин баштаган VII  чакырылыштагы Жогорку Кеңеште дагы Эрулан Көкүлов сыякту блогерликтин арты менен коомго таанылып, депутат болгондор да жок эмес. Көкүлов коомдук тамактануучу жайлар менен дүкөндөрдөгү тамак-аштын санитардык абалы тууралуу видеолорду тарткан блогер катары элге белгилүү. Депутат Орозайым Нарматованы дагы бул тизмеге кошууга болот. Ал дагы өлкөдөгү саясий маселелер боюнча өзүнүн жеке пикирин интернетке  байма-бай жарыялап жүрүп коомго таанылган.

Кыргызстанда ар кайсы тарматарда иш алып барган жүздөн ашык блогерлер бар. Биз алардын баарын тизмектеп отурбастан айрымдарын тандап алып, алар кайсыл аянтчаларда иш алып барышарын жана катталуучуларынын санын көрсөтүп бердик.

Интернет маалымат алуунун негизги булагына айланган заманда жарандар  журналист менен блогерди айырмалай билүү тийиш. Болбосо аудитория такталган маалымат менен жеке пикирди ажырата албай маалыматтык башаламандык жаралышы мүмкүн.

Башына

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Похожие записи