Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

ЖМКлар кыргыз тили боюнча жаңы талаптарды аткара алышабы?

ЖМКлар кыргыз тили боюнча жаңы талаптарды аткара алышабы?

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы 2021-жылдын ноябрь айында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун жарыялады. Ага ылайык, телерадио уюмдар мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн көлөмү 65 пайыздан кем болбошу керек. Эскерте кетсек, учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча телерадиокомпаниялардын 50%дан кем эмес эфири кыргыз тилинде болушу керек.

Тил боюнча жаңы талапты жергиликтүү электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары канчалык деңгээлде аткарала тургандыгына сарасеп салабыз.

Ковиддин таасири

Жер жүзүндө пандемиянын башталышы менен экономиканын, кызмат көрсөтүүнүн бир топ тармактары жабыркап, ишкана, медиакомпаниялар кирешелерин жоготту. 

Индустриалдык медиакомитети байкоочу кеңешинин төрагасы, медиаэксперт Марина Кыдыралиева пандемия маалымда жарнамалардын көлөмү кыйла азайганын билдирди. 

“Эгер пандемияга чейинки 2019-жылды 2020-жыл менен салыштырсак Кыргызстандагы видеорекламалардын бюджети 17,2 пайызга төмөндөгөн. Андан сырткары, түрдүү эксперттик балоолорго ылайык,  телеканалдардын бюджети 60тан 70 пайызга чейин төмөндөгөн. Мындай тенденция бизде эле эмес, дүйнө жүзүндөгү медиа тармакта да байкалды. Коңшу мамлекеттердеги телеканалдардын бюджети 40тан 50 пайызга чейин төмөндөгөн”, — деди М. Кыдыралиева.

Ата мекендик телерадио кампаниялардын негизги киреше булагы — бул жарнамадан түшкөн каражаттар. Ал эми Коомдук канал (КТРК) жана бир катар мамлекеттик телерадиокомпаниялар бюджеттен дагы каржыланышат. Мындан улам азыр жеке медиакомпаниялар кыйын күндөрдү башынан кечирүүдө. 

Акыркы айларда гана телеканалдардагы жармалык каражаттар акырындык менен көтөрүлүүдө. Алсак,  2021-жылдан тогуз айында телеканалдар жарнама чыгаруу менен сегиз миллион доллар тапкан. Бул көрсөткүч 2020-жылдын тогуз айында жети миллион 913,2 миң доллар болгон. Мындайча айтканда,  өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу бир пайызга көп.

2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу айрым өсүш болгону менен, телекомпаниялардын рекламалык бюджети 2019-жылдагы көрсөткүчтөргө дагы деле жете элек. 

 

50 пайыздык талапты кимдер аткарып келген?

Мындан улам жергиликтүү телерадиоканалдар бийлик сунуштап жаткан жаңы талапты кантип аткарабыз деп бушайман. Анткени пандемияга чейин деле жергиликтүү телеканалдардын баардыгы тең мамлекеттик тил боюнча мурдагы 50 пайыздык талапты аткара алчу эмес. 

“Эксперт” консалтинг агенттигинин 2019-жылы жүргүзгөн мониторингине ылайык, мамлекеттик сегиз телеканалдын алтоосунда гана көрсөтүүлөрдүн 50 пайыздан көбү кыргыз тилинде чыгарылып келген.

Ал эми жеке каналдардын дээрлик көпчүлүгү ал талапты аткарбай, айрымдары ага такыр көңүл бурчу эмес. 

 

Жаңы талаптарды телеканалдар аткара алабы?

“НТС” телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев пандемиянын айынан жарнамадан түшкөн каражаттар төмөндөп, кызматкерлердин санын азайтканын айтат.

“Пандемияда өлкөдөгү телеканалдардын көпчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизди. Кызматкерлерди, чыгымдарды кыскартканга туура келди. Жарнамалардан түшкөн каражаттар өтө төмөндөп кетти. Ошондуктан президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын сунушун аткаруу өтө татаал. Ага жараша контент даярдашыбыз керек. Телеканалдардын контент өндүргөнгө каражаты жок.  Өлкөбүз 2017-жылы санарипке өткөндөн кийин телеканалдарда жарнаманын баасы төрт-беш эсеге арзандап кетти. Анан тура калып эле, 50 пайыз аз экен, 65 пайыз кылалы деген болбойт. Эфирди биз эмне менен толтурабыз? Толтурса болот дечи. Мейли, мамлекет 100 пайызга чейин көтөрүп койсун. Бирок биз эртеден кечке чейин көрсөтүүлөрдү кайталап көрсөтүп, сапатсыз көрсөтүүлөрдү өндүрүп калабыз”, – деди М.Балыбаев. 

Ал ошондой эле жаңы талап ишке кирсе, маани-маңызы жок клиптер, тилди өнүктүрбөй эле, тескерисинче, өлтүрө турган фильмдерди көрсөтүү көбөйө турганын кошумчалайт. 

“Санарипке кирген каналдар эч нерсеге өндүрбөй эле чет элдик кинолорду берип коюп эле отурат. Мен шарттуу эле айтайын, биз кардарларга жарнаманы 100 сом десек, эч нерсе өндүрбөй кино көргөзгөн каналдар 5-6 сом дешип бааны түшүрүп жатат. Ошондуктан, каражат жок, сапаттуу контент жасоо кыйын. Коңшу Казакстанды эле айтайын, аларга кино тартканга, казак тилинде телевизиондк материалдарды жасаганга 100 миллион доллар бөлүп жатат. Бизге ага бир да сом бөлүнбөйт”, – деди Миржан Балыбаев.

“Пирамида” телеканалынын башкы директору Дооран Адаханов телеканалдар жардамга муктаж экендигин айтты.

“Акыркы эки жылдан бери рекламадан каражат түшпөй эле. Көпчүлүк жарандар маалымат алуу булагы катары социалдык тармактарга, ютуб каналдарга ыктап кетишти. Бул тенденция бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө болуп жатат. Телеканалдар жылына 10-30 пайызга чейин көрүүчүлөрүн жоготуп алды. Буга карабай биз учурда кыргыз тили боюнча талапты толук аткарып жатабыз. Мамлекеттен социалдык пакеттер болсо биз сериалды, фильмди, көрсөтүүлөрдү которуп чыгара алабыз. Бирок мамлекет тарабынан колдоо болушу керек”, – деди Д.Адаханов.

Индустриалдык медиакомитеттин байкоочу кеңешинин төрагасы, медиаэксперт Марина Кыдыралиева да бул талаптарды ата мекендик каналдарга аткаруу өтө кыйын экенин белгилейт. 

“Азыр биздеги телеканалдарга шарт түзүлүп берилген эмес, ошондуктан көрсөтүүлөрдү 65 пайызга чейин жогорулатуу мүмкүн эмес. Эгер бул талапты аткарсак көрсөтүүлөрдүн сапаты начарлайт. Мындан улам жарандар маалымат алуу үчүн интернетке качат. Анан бийлик күчкө сала берсе, алар күткөн жыйынтыкты бербей калышы мүмкүн”, — деди М. Кыдыралиева. 

Ылдыйда учурда өлкөбүздүн рыногында калыптанган телепродукцияларды өндүрүүнүн орточо баалары келтирилген.

Мыйзамдын талаптарын телекомпаниялар аткарып коё алышат. Бирок формалдуу түрдө гана: көп каражатты талап кылбаган берүүлөргө басым кылып, кайталоолордун санын көбөйтүп. Бул кыргыз тилиндеги берүүлөрдүн жанрдык жактан жардылыгына, программалардын кызыктуулугунун азайышына алып келиши мүмкүн.

Мындай кадамдарга баралбаган телекомпаниялар болсо жабылууну ойлоно башташат, же эфиринин көлөмун кескин азайтууга барышат. Бул кадам кайрадан эле алардын экономикалык абалын дагы да начарлатаары шексиз, анткени бул телекомпания жарнама берүүчүлөр үчүн кызыктуу болбой калат.

Кыргыз тилиндеги контенттин көлөмүн көбөйтүү жана сапатын жогорулатуу үчүн телекомпаниялар мамлекет тараптан жардамга муктаж. Анын сөзсүз эле каржылай төлөм, грант болушу кажет эмес. Жардамдын башка түрлөрүн караштырса болот. Бирок аны үчүн бийлик ТВ өндүрүүчүлөр менен диалогго барышы керек. Азырынча аны биз көрө элекпиз.

2021-жылдын декабрынын орто чендеринде жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүлүп, анда мамлекеттик тилдеги программалардын үлүшү 60%га чейин түшүрүлгөнү белгилүү болду. 

Учурда Кыргызстанда 30дан ашык электрондук ЖМКлар бар. Алардын басымдуу бөлүгү жеке менчик телерадиоканалдар.

 

____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Похожие записи