Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Устат-шакирт системасы жаш журналисттерди такшалтуунун жакшы ыкмасы

Устат-шакирт системасы жаш журналисттерди такшалтуунун жакшы ыкмасы

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Кыргызда устат-шакирт түшүнүгү эзелтен бар. Мунун арты менен элибиз кандай гана өнөр болбосун аны жоготпой, муундан-муунга өткөрүп аздектеп келгенин билебиз. 

Шакирттин устат күтүүсү кайсы бир өнөрдү үйрөнүүдөгү чоң мектеп болсо, устаттын шакирт тарбиялоосу, өз өнөрүн кийинки муунга тапшыруу катары кабылданып, коомдо жогору бааланган.

Бул система кыргыз журналистикасында да, ар бир редакцияда колдонулуп келген. Тажрыйбалуу журналистке жаш калемгер бекитилчү. Бирок 1991-жылдан кийин жеке менчик ЖМКлар өнүгө баштаганынан тарта, устат-шакирт ыкмасы сейрегирээк колдонула баштады. Чыгымдарды азайтуу максатында ар бир редакцияда журналисттердин саны кескин кыскарган. Алардын ар биринин иши көп болгондуктан жаш журналистке бир адамды бекитүү кыйын болуп калды.

2014-2015-жылдардан баштап атайын долбоорлордун алкагында устат-шакирт ыкмасын жаш муундагы кесипкөй журналисттерди даярдоо, кыргыз журналистикасынын деңгээлин көтөрүү максатында колдонула баштады. 

Бул аракеттер жакшы жыйынтыктарды берди. Журналистика тармагында кесипкөй адис болууга умтулган ошондогу шакирттердин көбү азыр көптөгөн редакцияларда алдыңкы катарда эмгектенип, өз ордуларын тапты десек болот.

Системанын артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу төмөндө көрсөтүп беребиз:

 

Учурда устат-шакирт системасы менен иштеп жаткан долбоорлор

Internews Network уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2021-жылы аймактык журналистика боюнча стипендиалдык программаны баштаган. Негизги максаты – аймактардагы журналистиканын деңгээлин жогорулатуу болуп саналган бул долбоор устат-шакирт ыкмасы менен иштей тургандыгын анын координатору Максуда Айтиева билдирди.

Анын айтымында, адегенде конкурс өткөрүлүп, Кыргызстандын бардык аймагынан 9 жаш журналист тандалган. Алар менен иштешүү үчүн элге тажрыйбасы менен таанымал болгон үч журналист устаттыкка чакыртылган. Долбоор башталгандан бери алар өздөрүнө бөлүнгөн үчтөн жаш журналисттер менен иштешип келет.

“Жаш журналист темасын тандаганда, алдын ала тажрыйбалуу шакирт менен биргеликте аны жакшылап пландап алат, структурасын түзөт. Кайсы маалымат булактары менен иштөө керектигин, суроолор менен кимге кайрылышты, кандай ыкмаларды колдонуу керектиги боюнча устат керектүү кеңештерди берет.  Журналист көтөрүп жаткан көйгөйдүн келип чыгуу себептери менен аны чечүнүн жолдору материалды даярдоо алдында иштелип чыгат. Жаш калемгердин эмгеги устаттын текшерүүсүнөн өткөндөн кийин  Интерньюстун сайтына жарыяланат”, — деди долбоордун координатору М.Айтиева.

Интерньюстун аймактык журналистика боюнча стипендиалдык программасынын алкагында даярдалган материалдар менен бул жерден таанышууга болот.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин bashat.info сайтына жарыяланган эмгектер дагы устат-шакирт системасынын жемиши десе болот.

Бул сайтка журналистикага жаңыдан кадам таштаган жаш калемгерлердин эмгектери жарыяланып турат. Адатта жаш калемгердин эмгеги редактордун тыкыр текшерүүсүн талап кылат эмеспи. Адегенде жаш калемгер бул жерден атайын форманы толтуруп? өзүнүн эмгегин электрондук түрдө жөнөтүшү керек. Сайтка келип түшкөн ар бир эмгек тажырыйбалуу журналисттер менен редакторлорго текшерүүгө сунушталат. Алар материал менен таанышып, мүмкүнчүлүккө жараша калемгер менен биргеликте материалдын үстүнөн иштеп, тажрыйбасы менен бөлүшөт. Текшерүүдөн өтүп, иштелип чыккан материал bashat.info сайтына жарыяланат. Сайтка баш багып, устат-шакирт системасы аркылуу даярдалган эмгектер менен таанышсаңыз болот.

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Похожие записи