Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Журналисттин мекенчилдиги тилиндеби?

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Эртең Кыргызстан «басмачыларынын» кесиптик майрамы. Калем сыясы окшош болгону менен жазган тилине байланыштуу кесиптештерибиз айрым учурларда бөлүнмөйү бар. Орус тилдүү журналисттер тарабынан кыргыз өнөктөштөрүнүн кесипкөйлүгүнө сын айтылса, экинчи жак «мекенчил эмес, улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкты коргошпойт», – деп айыпташат. Кээ бир байкоочулар муну жалпы өлкө журтчулугундагы тил маселесиндеги түшүнбөстүктөн улам жаралган тирешүү уландысы катары баалашат.

Мындан улам, кесиптик күндү белгилөө алдында «24.kg» маалымат агенттиги кыргыз жана орус тилдүү журналистикасынын өзгөчөлүктөрү, айырмасы тууралу кесиптештерибиздин пикирлерин уктук.

Турат Акимов, «Деньги и власть» гезитинин башкы редактору:

– Мен эки тарап менен тең жакшымын. Эч кандай тирешүүнү байкаган жокмун. Сый-урмат менен мамиле кылабыз. Бирок бир тарап экинчинин жектегенин, ал эми экинчи тарап акылдуу сынганын угуп калам.

Кандайдыр бир карама-каршылык деп айткыдай соттошуп, чыр-чатак жаралып, конфликт болгон жок да.

Ал эми кесипкөйлүгү ар биринин жеке билимине жараша демекмин.

Мэри Бекешова, Кыргызстан ЖМК кесиптик уюмунун жетекчиси:

– Ооба, эки жактын бири-бирине айткан сын-пикирин угуп калам. Менимче, бул жагдай жергиликтүү журналистиканын бир тутумдан экинчиге өткөнүнө байланыштуу болсо керек. Себеби, мурда маалымат жыйындар, отурумдар, мамлекет башчыларынын кайрылуулары расмий тилде болуп, бул тилде жазган журналисттерге абдан ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Азыр айрым жыйындар жалаң кыргыз тилинде өтүп, орус тилдүү журналисттер толугу менен маалыматка ээ болалбай калышууда. Өзгөчө парламент толугу менен отурумдарын кыргыз тилинде алып баргандыктан, аны кенен чагылдыра албай калып атышат.

Ал эми кыргыз тилдүү журналисттер расмий тилде өткөн жыйындарды да кеңири түшүнө албайт. Менимче, бул тирешүү эмес, атаандашуу болуп эсептелет. Орус тилдүү журналисттер азырынча каршылык көрсөткөнү менен убакыт өткөн сайын муктаждыктан улам кыргызча билүүгө аргасыз болушат.

Кесипкөйлүгү боюнча – кыргыз тилдүү гезиттер этика кодексин көп бузушат. Аны моюнга алыш керек. Андан сырткары, материалдарды даярдоодо да кыргыз журналистикасы өнүгүп келатат. Себеби, буга чейин китептер, университеттеги билим берүү жалаң орус тилинде болуп келген.

Ал эми орус тилдүү журналисттер негизинен кыргыз гезиттерин «гезиттер. орг» сайты аркылуу окуп, таанышышат. Мен бул сайттын максатын билбейм. Бирок анда жалаң кыргыздын жаман жагын көрсөткөн макалалар которулат. Кыргыз коомчулугунда негизи башынан эле сын айтып, ачуу чындыкты чучукка жеткире билдирип, кыргыз өзүн катуу сындаган салт бар. Буга белгилүү акын Салижан Жигитов мисал.

Улукбек Бабакулов, «МК-Азия» гезитинин башкы редактору:

-Тирешүү гезит кожоюндарынын ортосунда болушу мүмкүн. Ал эми катардагы журналисттер бири-бири менен тирешпейт.

Эки тилдүү журналисттердин ортосунда чоң айырмачылык бар. Себеби, орус тилдүү журналисттер, гезиттер кесипкөйлүктү, этиканы сактаганга аракет кылат. Себеби, биздин окурмандардын талабы жогору. Ал эми айрым кыргыз гезиттери ушак гана жазышат. Алардын аудиториясында ошого муктаждык бар.

Ал эми орус тилдүү журналистерде мекенчилдик сезимдери жок дегенге кошулбайм. Биз болгонду болгондой жазып, чындыкты жеткирип гана атабыз.

Негизинен кыргыз тилдүү гезиттер кожоюнуна, а орус тилдүү гезиттер окурмандары үчүн жазат. Бирок кыргыз тилдүү журналистканын арасында да абдан мыктылар бар.

Кубат Чекиров, журналист:

-Тирешүү жок. Бирок жасалма тирешүүнү жаратып, аны курчуткусу келгендер бар. Мисалы, Фарафоновго каршы иш козголгондо «эмнеге ушинтип эле жазган кыргыздарга унчукпайсыңар» – деп орус тилдүү журналисттер өзүнчө бөлүнгөндөй болгон. Ошону менен токтоп калды. Антогенездик карама-каршылык мамилелер болгон эмес. Дайым эле тилектештик менен мамиле түзүп келгенбиз. Улуттук белги боюнча бөлүнүп жарылуу жок.

Айырмачылык айылдык, райондук журналистердин кесиптик даярдыгынан болушу мүмкүн. Ал эми орус тилдүү журналисттер кыйын деген да туура эмес. Анткени мен эки тилдеги маалыматтарга көз жүгүртүп, мониторинг жүргүзүп келатам. Эми кээ бир учурларда кыргыз тилдүү журналисттер аша чаап кетсе эле аны менен кесиптик деңгээли начар деген туура эмес.

Кубан Мамбеталиев, медиа-серепчи:

– Булардын жазган объектти, максаты эки башка. Мисалы, орус тилдүү журналисттер «Кумтөр» кени боюнча такыр сын жазышкан жок. Ал эми кыргыз тилдүү гезиттер чыркырап, чындыкты жазып атышат.

Кыргыз тилдүү журналисттердин өздөрүнүн чөйрөсү бар. Эгер жалаң эле орус журналистеринин жазганын которуп олтурса, анда эч ким окумак эмес. Орус журналисттеринин тайкылыгы – алар көбүнчө тилди билбей, өлкөнүн шарт, өзгөчөлүгүн билбей эле жаза беришет. Маалыматтык жетишсиздигинен жапа чегишип, анан кичине билсе да, аны акылдуу кылып көрсөтүп туруп алышат. Орус тилдүү гезиттер кыргыз жашоосун жеткилең чагылдыра албайт. Жакында мына орус тилдүү тарыхчылар «Курманжан датка» боюнча китеп чыгарышыптыр. Эми тарыхта болбогон, эч качан кыргызда антип айтылбаган сөздөр жазылып калыптыр.

Жакынкы эле Өзбекстан, андан ары Кавказ мамлекеттеринде жашаган жеринин тилин билбеген славян улуту жок. Тилди үйрөнүш керек. Ошондо гана мекенчил сезимдер жаралып, журналисттик милдетин так аткарып калат.

Бабур Жээнбеков, «Алиби» гезитинин башкы редактору:

– Кээ бир маселелер боюнча гана көз-караштар ар башка чыгып калып атат. Болбосо тирешүү жок. Мисалы, 2010-жылы Ош коогалаңында орус тилдүү журналисттер бир аз башкача өңүттө чагылдырышты. Булардын Кыргызстанда жашап туруп, ушул өлкөгө күйбөгөн макалары кездешет. Биздин мамлекеттин эмес, Орусия жана башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп кеткендей. Бул биз үчүн коопту көрүнүш. Себеби, эгер 2010-жылдагы окуя кайталана турган болсо, анда маалымат багыты такыр башка тарапка ооп кетиши ыктымал. Мени ушул орус тилдүү журналисттердин мекенчилдик жагынан аксагандыгы кооптонтот.

Ал эми кесипкөйлүк жагынан кыргыз журналистикасы көп нерсени үйрөнүш керек. Албетте, мени кесиптештер кечирип койсун, бирок мен жалпы жонунан алганда орус тилдүү журналисттерге таң берем. Айрыкча «Вечерний Бишкек» гезитинин курамына.

Аслан Сартбаев, «Учур» гезитинин башкы редактору:

-Кыргыз журналисттери коомдогу окуялардын чагылдырат. Азыр бизде саясатбузукулуктун, ушактын деңгээлинде. Биздин жетекчилер жогорку трибунадан ушакты айтышат. Айткан сөздөрү такталбай калып атпайбы. Ушакты гезиттер чыгарган жок. Ал саясый чөйрөдөн чыгат.

Ал эми кесипкөйлүгү төмөн деп айта албайм. Тескеринче, орус тилдүү басылмалар маалыматтан артка калышат. Кыргыз гезиттери маалыматты эрте алып, алдын ала жазат. Кыргыз тилдүү гезиттерге чыккан айрым маалыматтар ушак катары кабылданга менен көбүнесе алар кийин такталат.

Эки тарап мекенчилдиги менен да бири-биринен айырмаланат. Негизинен кыргыз гезиттерин азыр орус тилдүү коомчулук «гезиттер. орг» сайты аркылуу окуп калбадыбы. Андагы кээ бир маалыматтар которулганда күчөтүлүп калганы байкалат.

 Игорь Шестаков, «Регион» сайтынын башкы редактору:

– Кыргыз тилдүү, орус тилдүү болуп бөлүнгөндүн өзү туура эмес. Мисалы, Орусияда татар тилдүү, калмак тилдүү, орус тилдүү болуп бөлүнүп жатканын элестетүү кыйын. Ал жакта бирдиктүү орусиялык ЖМК деген гана түшүнүк бар.

Ал эми кыргыз тилиндеги маалымат каражаттары ушак жазышат деп күнөөлөө орунсуз дээр элем. Ошол эле орус тилдүү гезиттерде да ушактар жетиштүү. Эмне үчүн кыргыз тилдүүлөргө мындай жарлык тагылгандыгы тууралу ошол ЖМКлардын жетекчилери ойлоно турган маселе. Бул маселени мен 2006-жылы уккам. Алгач медиа-эксперттер айтып башташса, эми жөнөкөй журналисттер да айтып башташты. Буга кандайдыр бир деңгээлде «гезиттер.орг» сайтынын таасири болушу мүмкүн.

Менин жеке пикиримде, келечекте орус же кыргыз тилдүү деп эмес, тигил партия, бул партиянын ресурсу болуп бөлүнүп калышса керек. Учурдагы өнүгүү тенденциясы ошондой тарапка буруларын көрсөтүп турат.

Булак: http://kyr.24.kg/pikir/suramzhy-loo/zhurnalisttin-mekenchildigi-tilindebi

Похожие записи