Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

Аналитика

Кыргызстанга өзбекче медиа керекпи?

Кыргызстанга өзбекче медиа керекпи?

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Июнь коогасынан соң Кыргызстанда кескин азайган өзбек тилдүү медиа-мекемелердин катары убакыт өткөн сайын толукталып баратат. Бирок алардын айрымдары гранттын эсебинен күн көрүп жаткандыктан, жарандар арасындагы маалыматтык боштук жоюлду дегенге эрте экенин адистер белгилешүүдө.  Ошол эле учурда атайын өзбекче медиа-мекеме ачпай эле өзбек коомчулугун жергиликтүү маалымат каражаттарына кызыктыруунун жолдорун сунуштагандар да бар.

Кыргызстандагы өзбек тектүү жарандардын көпчүлүгү жаңылыктарды чет өлкөлүк маалымат каражаттарынан алат. Улуттук  медиага интеллигенция өкүлдөрү гана көңүл бурбаса, жөнөкөй жарандар негизинен кошуна Өзбекстандын телерадиоканалдарын көрүп, угушаарына жашоочулар менен баарлашкан учурда ынандык.

Алар мунун себебин жергиликтүү каналдар ашкере саясатташып кеткени, көңүл ачуучу берүүлөрдүн аздыгы жана орус тилиндеги көрсөтүүлөр көбүрөөк экени менен түшүндүрүшөт.

Аравандык блогер Икбол Исаковдун оюнча, Кыргызстанда жашаган башка этностордун кызыкчылыгын көздөгөн программалардын аз экендиги жалпыга маалымдоо каражаттарына кызыгууну басаңдатууда:

-Өзбек коомчулугу жергиликтүү маалымат каражаттарына көңүл бурбай жаткандыгынын эки себеби бар деп ойлоймун. Биринчиси – телерадиоканалдарда, гезиттерде берилип жаткан кабарлардын өтө эле саясатташып кеткени.  Ансыз да саясий окуялардан тажаган карапайым калк көңүл ачар берүүлөргө ыктап калат эмеспи… Экинчиден, адамдардын социалдык жашоосун чагылдырган берүүлөрдүн аздыгы, жалпы улуттардын кызыкчылыгын көздөгөн баяндардын саналуу гана экендиги буга себеп болушу мүмкүн. Тилди толук түшүнбөй калуудан улам да жергиликтүү телерадиолорго кызыгуу төмөн десек болот,- дейт блогер.

2010-жылдагы Ош окуясынан кийин өлкөдө өзбек тилинде чыккан ОшТВ, МезонТВ сыяктуу медиамекемелер толугу менен кыргызчаланган. ОшТВ атын өзгөрткөн эмес, МезонТВ – БашатТВ болуп өзгөргөн. Серепчилердин байкоосунда,  бул алмашуу өзбектердин жергиликтүү каналдардан алысташына өбөлгө түзгөн.

Учурда Ош шаарында «Уш садоси», Жалал-Абад шаарында «Жалолобод тонги», Араванда “Дустлик” аттуу мамлекеттик гезиттер жарык көрөт. Ош шаардык «Ош шамы» гезитинде атайын өзбекче бет чыгат. Республикалык көз карандысыз “Аалам” гезити бир жылдан тарта “Олам” деген аталышта өзбекче чыгып келатат.

Өспүрүмдөр үчүн басылып жаткан “Данек” гезитинде да өзбекче беттер бар. Андан сырткары,  өткөн жылдан тарта маркум журналист Алишер Саиповдун бир тууганы Шахрух Саипов интернет булактарындагы Кыргызстанга таандык маанилүү макалаларды өзбекчеге которуп, «Дайжест» аттуу гезитке басып чыгара баштаган.

2012- жылдын март айынан бери Кыргыз өкмөтү менен Интерньюс эл аралык уюмунун биргеликтеги долбоору катары  “Ынтымак” радиосу уктурулат, жаңы жылдан тарта “Ынтымак” телеканалы өзбекче берүүлөрдү обого алып чыгууда.

Медиа-серепчи Бакыт Ибраимовдун оюнча, ошого карабай өзбек коомчулугун жергиликтүү маалымат каражаттары өзүнө толук тарталбай жатат:

-Кыргызча телерадиоканалдар аркылуу өлкөбүздө жашап жаткан өзбектердин жана башка улуттардын турмушун, маданиятын чагылдырган баяндарды берип турсак, өлкөдөгү башка этностогу мекендештерибизде жергиликтүү маалымат каражаттарына болгон кызыгуу артат, деп ойлойм,- дейт медиа талдоочу.

Ошондой эле Бакыт Ибраимовдун айтымында, айрым маалымат каражаттары гранттардын эсебинен күн көрүп жаткандыктан, алар өзбек жамааты үчүн туруктуу маалымат булагы катары жашап калат деп ишенүүгө болбойт:

-Ошол эле “Ынтымак” каналын, же болбосо өспүрүмдөрдүн “Данек” гезитин алалы. Булар гранттын эсебинен чыгып жаткан маалымат каражаттары болуп эсептелет. Долбоор аяктагандан соң ишин улантып кетеби, же жокпу, бул белгисиз. Өзбек коомчулугун арасындагы маалыматтык боштукту жабуу убактылуу эле.

Серепчинин оюнча, мамлекетте болуп жаткан окуялар тууралуу өз тилинде кабардар болуу ошол өлкөнүн ички турмушуна активдүү аралашууга өбөлгө түзөт. Деген менен Кыргызстандагы башка этностордун, алардын арасында өзбек коомчулугун жергиликтүү маалымат каражаттарына кызыгуусун арттыруу үчүн сөзсүз алардын тилине ыктап иштөө шарт эмес, деген пикирдегилер бар. Алардын бири «Youth of Osh» коомдук бирикмесинин өкүлү Акмарал Сатинбаева:

-Негизгиси, телерадиоканалдардагы баяндар, гезиттердеги макалалар жалпыга кызыктуу болушу керек. Ар бир жаранга тиешеси, таасири болсо, улутуна карабай эле көрө берет, уга берет, окуй  берет. Менимче, ар бир этноско өзүнүн тилинде берүү даярдоонун кажети жок. Башка тилдерде маалымат каражаттары болушуна каршы эмесмин, бирок ар биринде Кыргызстандын кызыкчылыгына, мекендин келечегине салым кошууга ыктаган баяндар болушу керек,- дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абадда чыгып жаткан 7-каналда жаңылыктарды күн сайын бир жолу өзбек тилинде көрсөтүү демилгеси коомчулукта нааразылык жаратып, ал ишке ашпай турат. ОшТВ телеканалынын жетекчилиги тарабынан да жаңылыктарды күнүгө бир жолу өзбек тилинде көрсөтүү демилгеси көтөрүлгөн, азырынча чыга элек.

Санжар Эралиев, “Азаттык”, Ош. 

Сүрөт автордуку

Похожие записи