Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кибер- (робот-) журналисттер келатат!

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Сүрөт http://vk.com/public41772682 сайтынан алынды

Жакынкы убакта дүйнөлүк журналистикада чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Батышта пайда болгон жаңы технологиялык нерсе бизге бат эле жетээрин эске алсак, биз эртең эле аны сезе башташыбыз мүмкүн. Технологиялык дегеним, ал өзгөрүүнүн себеби так ушу тармакка байланыштуу.

“Кабар” агенттигинде жаңыдан иштеп жүргөнүмдө агенттиктин карт бөрүсү Альберт Богданов жаңылыкты бардык стандарттарды сактоо менен жазган программа тууралуу айтып калар эле. Бул мындан 10 жыл мурун болчу. Биз аны тамашадай көргөн элек, кантип эле чыгармачылык мамилени талап кылган  жаңылыкты кайсы бир жансыз робот-программа жаза алсын деп. Убакыт өтүп Богдановдун айтканы кечигүү менен болсо да ишке аша баштаганын байкап турабыз.

Алгач атайы жазылган программалар спорттук жана биржалык кыска жаңылыктарды жазганды үйрөнүштү. Анткени бул тармактагы жаңылык акты кара деп айтууга мүмкүн эмес сандарга, статистикага байланыштуу эле. Эми, айрым маалыматтарга ишене турган болсок, кибер-журналисттер (же робот-журналисттер деп да койсок болот) саясатка байланыштуу чоң макалаларды да жаза башташыптыр. Школа современной новостной журналистики билдиргендей, америкалык Forbes сайты автору катарыNarrative Science («баяндаган илим») көрсөтүлгөн макалаларды жарыялап келет. Бул аталыштын артында адамдын катышуусуз ырааттуу тексттерди жаза алган технология жатат.

Азырынча робот-журналисттин макалаларынын деңгээлин студент-практиканттардын эмгектери менен салыштырып келишет. Бирок, бул технологиянын өзгөчөлүгү, убакыт өтүп, тажрыйба топтологон сайын тексттин сапаты да өсүп турат.

Ишенбейин десең, бир кезде ЭВМ адамды шахмат оюнунда утуп коет дегенге да ишенбейт элек. Азыр эң акыркы программалар адамдар арасындагы дүйнө чемпионун  бир нече жолу сызга отургузганга жетишти.

Муну ойлосоң, келечектеги журналистика тууралуу тынчсыздана да баштайсың. Анткени робот-журналист адамга окшоп ооруп калбайт, чарчабайт, анда чыгармачыл кризистер болбойт. ЖМК кожоюндарына мындан артык не керек? Адам журналисттер жумушсуз калбай, гой.

Бирок менимче, кесипкөй адам журналист дайым керек болот. Робот-журналист, балким, чыгармачылык чабытты көп талап кылбаган жаңылыктарды же макалаларды жазганга жарайттыр, бирок чыныгы адамдын генийи гана жарата алган нерсеге тиши өтпөстүр.

Анан да адамдан артык адамды эч ким түшүнө албас.

Дагы бир жагдай бар. Журналистиканын маанилүү бөлүгү — бул фактыларды, пикирлерди чогултуу. Робот-журналист ага жараарына күмөн санайм. Бирок, ким билет. Балким бул жакта да бир нерсе ойлоп чыгара салышабы. Мындай божомол кылууга азыр эле себеп бардай. Компьюлента сайты туптуура бир жыл мурун эле көчөнү кыдырып, өткөндөрдү камерага тартып, алардан интервью ала алган робот тууралуу жазыптыр.

Марат Токоев

Похожие записи