Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

1ди жазып 2ни көңүлдө кармайбыз

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Орус тилиндеги белгилүү фраза болжолу ушундай айтылат. Кайсы бир иш-чараны өткөрүп жатып бул фразаны жетекчиликке алганды көнүп калганбыз. Сөзсүз түрдө, чакырылгандардын жарымына жакыны келбейт. Себептерин сурасаң — бардыгы жүйөлүү, жөндүү көрүнөт. А бирок, өзүбүздүн эле жашообуздан билебиз, бизге керек болгон учурда…

Ушундан соң биздин окутууларга катышкан адамдардын санын көрүп, журналисттерге билим деги керекпи деп ойлоп кетесиң.

Кейиткени, журналисттердин өзүлөрү менен сүйлөшүп калсаң бир ооздон ”окутуулар бизге керек” деп  айтышат. Болгондо да окутууларыбыздын темаларын аныктап жатып журналисттердин өздөрүнөн сураган элек, кайсы жаатта аларга билим жетишпей жатат деп, б.а. тренингдердин темаларын өздөрү белгилешкен.

Балким, окутуулар үчүн акы киргизгенибиз аларды чочутуп жатабы? Андай дейин десең — көп деле сурабай элебиз: 200дөн 500 сомго чейин. Башка уюмдар өткөрүп жаткан окутуулардын акысы менен салыштыра келсең бул, бери дегенде, 10 эсе аз. Анан да биз мындай окутууларды өткөрүү тажрыйбабыздан белгилүү накыл кептин чын экендигине дагы бир жолу ынандык: Бекер тамак аш болбойт.

Азыр окутууларыбыз аяктап жатат. 26-28-сентябрларда “Жаңылык жазуу”, 28-сентябрда “Инфографика”, ал эми 29-сентябрда “Блог ачуу” темасындагы тренингдер калды.

Окутууну улантабызбы — азырынча белгисиз…

Марат Токоев

Похожие записи