Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Data Science: дата журналистика эмне үчүн керек

Data Science: дата журналистика эмне үчүн керек

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Дүйнөдө маалыматтын көлөмү коркунучтуу тездик менен өсүүдө. Адам баласы бир күндө өзү аркылуу эсеби жок маалыматтардын агымын өткөрөт.

Маалымат майданынын ызы-чуусуна аргасыз адаптация болууда ойду топтоо кыйынчылыкты туудурат. Microsoft компаниясынын изилдөөсүнүн негизинде 2000-жылы ойду топтоп кармап туруунун орточо көрсөткүчү 12 секунданы түзсө, 2015-жылга карай ошол эле көрсөткүч 8 секундага чейин кыскарган.

Заманбап ЖМКлар окулуктуу болушу үчүн жөн гана кызыктуу маалыматты чыгарып коюу менен чектелбестен, 8 секунданын ичинде окурмандын көңүлүн өзүнө тартып алуусу зарыл. Визуалдык контент аудиторияны кандайдыр бир көз ирмемде эле өзүнө тартып алышы мүмкүн.

Дата (маалыматтар) журналистика (Data Journalism) – бул баяндоонун негизи катары структуралаштырылган маалыматтарды колдонуп, фактыларды тизмектеп айтып берүү жана аларды объективдүү башкаруу процесси.

Экапон Тинтаворм

Жаңы эски журналистика

ЖМКлар ар дайым макалаларды маалыматтар жана фактылар менен тастыктап келет. Бирок дата журналистика – окурмандар менен баарлашууну уюштуруунун принципиалдуу жаңы механизми болуп эсептелет.

Бул тармак “супсак” маалыматты визуалдаштыруунун жаңы куралдарын сунуштоо менен маалыматты так элестетүүгө жардам берет. Бирок жагымдуу визуалдык коштоо – дата журналистиканын чокусу гана.

Жөнөкөй маалыматтардан татаал тыянактар

Дата журналисттер чындыкты жеткирүү үчүн салттуу журналистиканын негизги булактары болгон маалымат берүүчү же пресс-релиздин оордуна маалымат базаларын колдонушат.

Түрдүү маалыматтар, анын ичинен мамлекеттик тутумдарда топтолгон маалыматтар – малыматтын негизги булагы болуп эсептелет. Жалпы аудитория үчүн ал түшүнүксүз жана татаал болуп эсептелет. Аудиторияга ызы-чуу жаратып жаткан маалыматтардын арасынан маанилүү бир нерсени таап чыгуучу журналист керек. Таблицаларды гана карап отурбастан, маалыматтарга туура суроо коюп, аларга жооп алуу зарыл.

Муну менен дата журналисттер алектенишет, алар көлөмдүү маалыматтарды изилдеп, иштеп чыгып структуралаштырат, кырдаалга жараша контекстке колдонушат, экономикалык жана социалдык процесстер менен кубулуштарды аудиториянын терең катмары түшүнгөндөй кылып тыянак чыгарышат.

Ишенимди кайтаруу

Жасалма жана альтернативдүү фактыларга толгон маалыматтардан улам дүйнө жүзү боюнча окурмандар ЖМКга болгон ишенимин жогото баштады. Edelman Trust Barometer 2020 уюмунун изилдүүлөрүнө таянсак, респонденттердин 57% медиа тармак такталбаган жана туура эмес маалыматты чагылдырат деп эсептешет. 2018-жылдан баштап жалган маалыматтарды “атайын курал” катары колдоноорунан кооптонгондордун саны 76% чейин өскөн. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мышык ыйлай турган ушундай абалында ар бир колдонуучуга жеткиликтүү фактыларга таянган дал ушул дата журналистика ЖМКга болгон ишенимди кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Окурман сунушталган маалыматтарга таянып, ошол маршрут менен жүрө алат, ошол эле журналист колдонгон ыкмаларды колдонуп, ошол эле тыянакка келет.

Маалымат, же тарых

Супсак маалыматтар ачык, даана болот, алар изденүү, маалыматты чыпкалоо, талдоо жана визуалдаштыруу жолу аркылуу абстракттуу нерсени конкреттештирүүгө мүмкүнчүлүк берет, бирок аларда эмоционалдуулук болбойт. Жакшы макала угуучулардын эмоционалдык реакциясын жаратышы керек. Дата журналисттердин милдети – маалыматты жеткирүүдө окуяны жаратып эле тим болбостон,  аны уккулуктуу, ынанымдуу жана жандуу кылып берүү.

Аналитикалык платформалардын вендорлору data science-тин  өнүгүүсүн илгерилетишет жана алардын айрымдары дата журналисттер үчүн өздөрүнүн продуктуларын иликтөө үчүн бекер тартуулашат.

Дата журналистиканын мындан ары өнүгүшү маалыматтык өндүрүм жаратуу менен гана чектелбестен, өздөрүнүн окурмандарына өзгөчө маалыматтык аянтчаны да тартуулашат, ал жерде алар продуктуну жаратып, аны тартуулоо формасын тандай алышат. Ал эми медиа-чөйрөдө болсо журналисттик жана дата иликтөөчүнүн чеберчиликтери айкалыштырылган гибриддик кызмат өз тамырын жайылта баштайт.

VC.RU,
макаланын түп нускасы бул жерде

Похожие записи