Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Daily Telegraph журналисттерге акы төлөөнү макаланын окумдуулугуна байланыштырууну пландоодо

Daily Telegraph журналисттерге акы төлөөнү макаланын окумдуулугуна байланыштырууну пландоодо

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Кызматкерлердин пикиринде приоритеттерди бурмалайт деген тынчсызданууну жараткан электрондук почта боюнча маалыматты ачуу планы менен Guardian таанышып чыкты.

«Көп сандаган катталуучуларды өзүнө тартып, аларды кармап ала тургандар алда канча көбүрөөк айлык акы алганы туура го», – деген оюн айтат Daily’s Telegraph басылмасынын редактору.

The Daily Telegraph журналисттерге акы төлөөнүн айрым элементтерин макалалардын окумдуулугу менен байланыштырууну каалайт. Guardian таанышкан электрондук катта баяндалгандай, ал план «биздин редакциялык артыкчылыктарды олуттуу бурмалайт» деп кооптонгон кызматкерлердин «өтө тынчын алганын» белгилейт.

Редактор Крис Эванс өткөн бейшембиде жөнөткөн электрондук катта басылма «акырындык менен» Интернетке жарыяланган макалаларды катталуучулардын саны жана кликтердин саны сыяктуу факторлорго жараша баалаган «Жылдыздар» тутумуна өтөөрү жамаатка билдирилген. Мындай болгондо катталуучулардын маалыматын пайдалануу менен «өндүрүмдүүлүктү сый акы алуу менен байланыштыруу» мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.

Эвенс «Көп сандаган катталуучуларды тарткан жана кармап тургандар алда канча көбүрөөк эмгек акы алганы туура сыяктуу сезилет», – деп айткан жана бул нерсени майда-баратына чейин иштеп чыгуу «татаал» болоорун, андыктан «азырынча биз буга даяр эмеспиз… азырынча», – деп белгилеген.

Бирок кызматкерлер мындай сунуштарды терс кабыл алышты жана кээ бири Эвенстин электрондук каты жөнөтүлгөндөн кийинки пландарды түшүндүрүү үчүн өткөрүлгөн чогулуштарда өздөрүнүн каршы пикирин айтышкан.

Жетекчилер «бул болгону жөн гана эксперимент, олуттуу иш эместигине бардыгын ишендирүүгө аракет кылышты», – деп Guardian басылмасына бир журналист айткан. «Суроолор алардын айласын кетирди. Бардыгы муну аягында акырын четке кагыла турган ойго келгис идеялардын бири болуп калат деп үмүттөнүштү. Бардыгы ачууланды. Адамдар өздөрүн аларды мазактап жаткандай сезишти».

Дагы бири: «Мен бул маанайды козголоңчул деп айтат элем. Эгерде силер royal stories, маанилүү саясий жаңылыктарды же коронавирус жөнүндө жазсаңар, же атактуу болсоңор көп сандагы катталуучуларды тарта аласыңар. Көпчүлүк репортерлор редакторлордун кол алдында турат жана эгерде аларга кызыктуу эмес темаларды тапшырса бул алардын күнөөсү эмес – эми болсо бул алардын айлык акысынын көлөмүнө таасир эткени жатпайбы», – деп айтты.

Guardian байкаган WhatsApp боюнча ички талкуулар, кызматкерлер системаны чаташкан, адилетсиз жана балким жакшы иштегенге тоскоол кылган көрүнүш катары чабуулдун күчтүүлүгүн көрсөтөт. Бир тажрыйбалуу кызматкер кесиптештерине: «Колбаса кандай жасалып жатканын көрүү эч кимге жакпайт. Өзгөчө алар сосиска болсо», – деп айтты.

Журналисттердин улуттук союзунун башкы катчысы Мишель Станистрит, бул кадам «ар тараптуу сапаттуу журналистиканын маанилүүлүгүнө жетишсиз көңүл бурууну көрсөтөт» жана «журналисттерди массалык түрдө моралдык жактан басмырлайт», – деп айткан.

Гезиттин жетекчилери козголоңчу маанай жөнүндө сөздөрдү анык эмес деп эсептей турганы түшүнүктүү.

Эванс Твиттерге бул окуя «толук бурмаланганын» жазды жана Telegraphтын аналитикасы «акылдуу окурман эмне үчүн төлөйт жана эмнеге төлөйт» дегенди аныктоого багытталганын айтты. Бул кликбейттин карама каршылыгы. Ал Guardian «укмуш окуяны ойлоп тапты» деп болжолдогон.

Уюмдун бардык телеграф журналисттери өз эмгегинин таасирин баалоо үчүн Stars тутутумуна жеткиликтүү. Журналисттерди жылдыздардын саны боюнча ажырымдаган жана ар бир бөлүктө пикирлер жагынан кимдер алдыда бара жатканын, окурмандар макаланы же жалпы баракчаны канча убакыт окуй турганын, көрүүлөрдү, дагы башка көрсөткүчтөр улам кайра оңдолуп тизмектелип турган баракчаларды өздөрүнүн жетекчилеринин көрүп турган тутумду колдонуу ыңгайсыз экенин айрымдар айта башташты.

Telegraph басылмасынын 600 000 онлайн-катталуучусу бар, андан 150 000 катталуучу 2020-жылы кошулган, максат – 2023-жылы 1 миллионго жетүү. Эванс өзүнүн электрондук катында Stars «кеп жазылуучу окурмандарды көп тартуу жана кармап туруу жөнүндө болуп жаткан кезде, бизге ким эң жакшы иштей турганын аныктоого жардам берет», – деп белгилеген.

Эванстын сөзү боюнча, бул тутум «чыгармачыл, акылдуу жана өз алдынча» болгон сапаттуу журналистиканы баалады – бул көптөгөн редакциялардын, анын ичинде, Guardian редакциясынын окурмандар тарабынан көбүрөөк бааланган эмгектерди сан менен баалоо боюнча көптөгөн аракеттеринин бири. Мындай мамиленин жактоочулары, алда канча таанымал журналисттерге ишине жараша төлөө адилеттүүлүк деп айтууга болорун белгилешет.

Мындай көрсөткүчтөр санариптик журналистиканын ийгилигинин ачкычы болуп саналат, бирок алар акы төлөө же редакциялык артыкчылыктар боюнча чечим кабыл алууларга пайдаланылса, ЖМКды кызматкерлерди басмырлаган жана аларда системаны утуу каалоосун пайда кылган абалга алып келет.

The Telegraph мурда дагы жамааттын терс реакциясына туш болгон, басылма 2016-жылы репортерлордун столдорунун алдына кыймыл трекерлерин орноткон. Алар энергия керектөөнү ченөөгө арналганы айтылган, бирок ал жабдууларды кызматкерлер өздөрү столдо отурган кезде текшерүү үчүн пайдаланат деп кооптонушкан жана ачууланып жооп кайтарышкан. Ал пландын бети ачылгандан кийин мониторлорду алып салышкан.

Эванс электрондук катында кызматкерлерди өз пландарына ишендирүүгө аракет кылган, ал «Stars үчүн жогорку баа алган макалалар – бөтөнчө ыкмалар менен сүрөт кошулган сүйлөмдөр колдонулган жаңы форматтардан тартып, жазуу барактары сыяктуу убакыт менен текшерилген форматтарга чейин болот. Бардык ушул көрсөткүчтөр алардын сапатын бириктирет. Алар абдан ойлоп тапкыч, акылдуу жана өз алдынча», – деп айткан.

Бирок жаңылыктарда иштебеген бир журналист: «Ал өзүнө жаккандын бардыгын айта алат, бирок чынында адамдардын оозун ачырган окуялар катталуучуну алып келет. Бул биздин редакциялык артыкчылыктарды олуттуу бурмалайт», – деп айтты.

«Мени жазалашты деген ой келет, ошол эле учурда баш көтөргөн маданият жөнүндө жазган серепчи чындап бонус алат. Эгерде силер сереп же экологиялык отчеттуулук жөнүндө жазсаңар, силер анда бекериубара болгонуңар».

Башка кызматкер электрондук катка мындай деп жазды: «Бул гротеск. Акы төлөөгө байланышкан алгоритмдик буйрутма журналистикага каршы кылмыш болуп саналат. Бул «Телеграфты» кликбейт аңына түртөт».

Бир кездерде акы төлөөнү интернет-трафикке байлоо жеке менчик санариптик ЖМКда, өзгөчө АКШда салыштырмалуу кадыресе көрүнүш болгон, бирок акыркы жылдары сейрек болуп калды. 2015-жылы Digiday жазган макалада Gawker жана Vox Media «модель редакциялык чечимдерге ар кандай таасир тийгизгени боюнча көптөгөн кооптонуулардан улам бул практикадан баш тартышкан. Басылмалардын редакциялык жана ишкердик жактарынын ортосундагы дубалды бузуу менен онлайн-басылмалар ашыкча чектен чыгып кетишкен деп эсептелет».

«Telegraph гезитинин журналисттерге айлык жана сый акы төлөө үчүн кликбейттерди эсептөөнүн киргизүүсү оройлук жана ар тараптуу сапаттуу журналистиканын маанилүүлүгүн эске албайт. Түпкүлүгүндө жогорку журналисттик стандарттарга умтулган басылма үчүн бул анын репутациясын бузуп, иши бизнеске негизделген журналисттерди массалык моралдык жактан басмырлай турган акылсыз кадам», -дейт Станистрит.

Telegraph Media Group пикир айтуудан баш тартты.

Арчи Блэнд, The Guardian

Макаланын түп нускасы бул жерде

____________________________

Сиздин пикириңизде, журналисттерге акы төлөөнү макаланын окумдуулугуна байланыштыруу туурабы?

Результаты

Загрузка ... Загрузка ...

Похожие записи