Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Дагы бир этикалык кодекс. Бул жолу – гендердик

Дагы бир этикалык кодекс. Бул жолу – гендердик

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Европа Биримдиги менен БУУнун биргелешкен «Теңдик нуру» глобалдык демилгесинин алкагында 2022-жылдын августунан тартып 2023-жылдын январына чейин Ош, Нарын жана Чүй облустарындагы 18 медиа уюмдун контенттерине жүргүзүлгөн сапаттык жана сандык талдоо көрсөткөндөй, кыргыз журналисттеринин гендерге сезимталдыгы боюнча чоң маселе бар. Маселен, журналисттик материалдардын басымдуу көпчүлүгүндө (⅔) негизги каарман эркек болуп эсептелет. Журналисттер эксперттерге кайрылганда да негизинен эркектерге артыкчылык беришет. Ошондой эле материалдарда гендердик стереотиптер орун алган учурлар арбын кезигет.

Мындан бир ай мурда болгон көчөдө ташталган ымыркайларга байланыштуу окуяларды чагылдырууда да кыргыз ЖМКларында гендердик сезимталдыкка көңүл бурулбаган учурлар байкалды. Медиалардын көбү ымыркайды таштаган энеси гана тууралуу сөз кылып, анын атасы тууралуу эч нерсе жазган эмес.

Гендердик сезимталдыкта тийиштүү билимге ээ болуудан сырткары гендерге байланыштуу адеп-ахлактык, б.а. этикалык маселелерди да чече билүү чоң роль ойнойт. КР журналисттеринин этикалык кодексинде гендерге байланыштуу норма анын 6-пунктунда гана келтирилет:

«Журналисттин жалпыга маалымдоо каражаттарын коомдун мүдөөсүнө, адамдын жана жарандын укуктарына каршы, согушту, зомбулукту, расалык, улуттук, жыныстык, гендердик, региондук, диний, сексуалдык жана социалдык кастыкты пропагандалоо максатында пайдаланышына жол берилбейт. Журналист материалды даярдап жатып жогоруда аталган чөйрөдөгү терс стереотиптер коомдук пикирге чоң залакасын тийгизерин жана басмырлоого, кастык тилди колдонууга жана адам менен жарандын укуктарын бузууга алып келишин түшүнөт. Материалдарды даярдоодо макаланын мазмунунан ажыратуу мүмкүн болбогондон тышкары башка учурларда журналист адамга (же адамдар тобуна) таандык белгилерди, ошондой эле тышкы кебете жана психикалык өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүдөн оолак болгону абзел».

Бирок бул пункттан журналистке гендердик сезимтал болуу, гендердик теңчиликти сактоо боюнча так кеңештерди алуу татаал. Ушуга байланыштуу жогоруда аталган «Теңдик нуру» глобалдык демилгенин алкагындагы гендердик-сезимтал журналистика боюнча окутуулар учурунда анын катышуучулары өзүнчө гендердик-этикалык кодексти иштеп чыгууну туура көрүшкөн. Декабрда өткөн «Медиадагы гендердик оптика 2.0» аймактык форумда белгилегендей, аталган кодекстин биринчи өзгөчөлүгү – анын алгач кыргыз тилинде даярдалгандыгы. Бизде, адатынча, тескерисинче кылынат эмеспи – расмий тилде даярдалып, анан гана мамлекеттик тилге которулат. Мындай документтин кыргыз аудиториясына сиңимдүү, түшүнүктүү болушунда маселелер жаралып калышы мүмкүн.

Аталган Гендердик-этикалык кодекстин башка өзгөчөлүгү – андагы 10 пункт «менежмент» жана «контент» деген аталыштагы эки бөлүккө бөлүнүп берилгени. Бизди алгач кызыктырганы – контент жаратууда жетекчиликке алына турган 2-бөлүгү. Анда келтирилген 4 пункттун экөөсү кандай бир деңгээлде жогоруда келтирилген КР журналисттеринин этикалык кодексинин 6-пунктун кайталап, бир аз толуктап турат. Калган экөөсүндө журналисттерге пайдалуу болушу мүмкүн кеңештер берилет:

«9. Журналист маалыматтын булагы, эксперттик көз карашын билдирүүчү  катары аялдар менен эркектерге бирдей мүмкүнчүлүк берет жана алардын  ар бирин салттуу эмес ролдордо чагылдырууга аракеттенет.

10. Журналист гендердик зомбулук темасын чагылдырганда курмандыктын укуктарын жана кызыкчылыктарын биринчи орунга коет. Бул көйгөйдү ашыкча жөнөкөйлөтүп, ага турмуштук кадыресе көрүнүш катары түс  берүүдөн карманат».

«Менежмент» бөлүгүндө каралган кеңештер медианын өзүнүн иш алып баруусунда гендердик-сезимталдыкты жетекчиликке алууга багытталган. Бул жүйөлүү. Анткени, медиа өзү айтып келген баалуулуктарды карманган учурда гана аны элге натыйжалуу жана сиңимдүү жеткире алат.

Бул кодексти карманып иш алып баргысы келген медиалар менен расмий макулдашуунун түзүлүшү каралган. «Медиадагы гендердик оптика 2.0» аймактык форумда жана макулдашуунун сайтында маалымдалгандай, бул кодексти азырынча 20нын айланасындагы медиа колдонуп келет.

Бирок бул жерде өз алдынча этикалык кодексти иштеп чыгып, ЖМКлар арасында аны жайылтууга аракет кылганга караганда КР журналисттеринин этикалык кодексине гендердик-этикалык кодексте каралган айрым нормаларды киргизүү аракети жемиштүү болобу деген ой жаралат. Анткени жаманбы-жакшыбы кыргыз медиа өкүлдөрүнүн КР журналисттеринин этикалык кодекси менен тааныштыгы бар, бул кодекс окуу жайларында да окутулуп келет. Аны жетекчиликке алып иш алып барган ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссия да бар. Андан сырткары ар-бир 2-3 жылда бул кодекске замандын талабына ылайык оңдоп-түзөтүүлөр киргизилип турат.

Макаланын түп нускасы: https://factcheck.kg/ky/kyrgyz-dagy-bir-etikalyk-kodeks-bul-zholu-genderdik/

Похожие записи