Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Көп эл катышкан нааразычылык акцияларын чагылдыруу учурундагы коопсуздук боюнча кеңештер

Көп эл катышкан нааразычылык акцияларын чагылдыруу учурундагы коопсуздук боюнча кеңештер

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси журналисттерди көп эл катышкан нааразычылык акцияларын чагылдыруу учурунда этият болууга чакырат. Төмөнкү кеңештер көп маселелердин алдын алууга жардам бериши мүмкүн (орусчасы бул жерде.):

  • Көп эл катышкан нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн журналисттер анын ЖМК өкүлү экенин көрсөткөн “Пресса” деген жазуусу бар жилеткасы же тийиштүү бейджи болгону туура. Бирок кайсы учурда анын журналист экенин башкалардын билүүсү керектигин журналист кырдаалга жараша өзү чечет.
  • Нааразычылык акция жүрүп жаткан жерди жакшы билиши зарыл, бул коопсуз жерден нааразычылыгын билдирип жаткандар менен укук коргоо органдарын бирдей жакшы байкоого алганга мүмкүнчүлүк берет. Күтүлбөгөн нерсе болуп кетсе каякка чегинсе болоорун алдын ала ойлонуштуруп коюу зарыл. Кандай гана кырдаал болбосун аны башка журналисттер же команда менен (кабарчы-фотосүрөтчү, оператор, кабарчы) биргеликте чогуу туруп чагылдырган туура. Чогуу болгондо ар түрдүү коркунуч тууралуу бир-бирин өз убагында маалымдап турганга шарт түзүлөт.
  • Журналист ошондой эле тийиштүү мыйзамдарды билүүсү шарт – укук коргоо органдарынын өкүлдөрү же нааразычылык акцияларына чыккандар тарткандарын көрсөт десе, же тартып алууга аракет кылганда жардамы тийиши мүмкүн.
  • Кийимге өзгөчө көңүл бургула. Башынан ойлонуштургула: элдин бөлүнүп көрүнүп турган оңбу, же алар менен билинбей аралашып кеткен туурабы. Кийим кыймылдаганга жолтоо болбогондой, жүн же пахта кездемеден тигилген болсун – синтетика бат күйөт. Бут кийим да ыңгайлуу, жеңил, таманы сыйгалак болбошу керек.
  • Мүмкүн болушунча окуя болуп жаткан жерден обочураак турган оң. Нааразычылык акцияларын чагылдырууда кагылышып жаткан эки тараптын ортосунда калбаганга аракет кылуу зарыл. Таш же башка нерселерди ыргыткандар адатынча топтун ортосунда болууга аракет кылышат, анткени аларга элдин арасына кайра кирип аралашып кеткенге жеңил болот.

ЖМКлардын укуктарын коргоо Борборунун, ВВС Академиясынын жана Журналисттерди коргоо комитетинин кеңештеринен тандалып алынды.

Похожие записи