Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Шайлоо – 2021: «Ош ТВ» телеканалынын журналистине кол салууну милиция тергей баштады

Шайлоо – 2021: «Ош ТВ» телеканалынын журналистине кол салууну милиция тергей баштады

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Парламентке депутаттарды шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу учурунда “Ош ТВ” телеканалынын журналисти Абдумалик Базарбаевге кол салуу болду. Ал милицияга журналисттик ишмердигине тоскоолдук кылынгандыгы жѳнүндѳ арыз жазды.

Окуя 28-ноябрда Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринде болгон. Добуш берүүнүн жүрүшүн чагылдыруу учурунда бир мандаттуу округдан талапкердин биринин байкоочусу жана анын шериги журналистке ыдык кѳрсѳткѳн.

«Байкоочунун расмий бейджигин тагынган бирѳѳ сыртта «бешпи-бешпи» деп үч жаранга кыйкырып жатты. Анын күмѳндүү аракетинен жакыныраак басып бардым. Ал мага «эмнеге тартып жатасын?» деп, дароо эле оозго алгыс сѳздѳр менен сѳгүп баштаганда, бет маңдайдагы машинеден тарапташы түшѳ калып эле мени жакалап кетти. Токмоктоп салбасын деп: «камера бар» деп кыйкырып жибердим. Ошол жерде милиция кызматкери карап, күлүп гана турду. Коопсуздукту тескей турган 4 милиция жѳн гана карап турду», – деди журналист Абдумалик Базарбаев.

Бул инцидентти Ош шаардык милициясы Жоруктар кодексинин 119-беренеси “майда бейбаштык” деп каттаган.

Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ Абдумалик Базарбаев журналисттик ишмердигине тоскоолдук кылуу боюнча арыз жазды.

«Милиция «денеге оор зыян келтирүү» боюнча протокол толтуруп коюшуптур. Тергѳѳ учурунда да катардагы бир милиция уруксат сурабастан кирип барып, арызды колуман алып окуп: «бир жериң кѳгѳрдүбү?» деп үстүмѳн күлүп суроо берип жатат. Мен «журналисттик ишиме тоскоол болуу беренеси боюнча иш козгогула» деп арыз таштап келдим», – деди А.Базарбаев.

Социалдык тармактарда журналистке кол салган жарандын кечирим сураганы жѳнүндѳ маалымат тарады.

“Ош ТВ” телеканалынын башкы директору Маратбек Акимбеков инцидент боюнча ортого түшүп, «тынч жол менен чечип алгыла» деп арачыга түшкѳндѳр болгонун, бирок арыз кайра алынбастыгын, кол салуу болгон учурдагы милициянын аракетсиздигине да укуктук баа берилиши керектигин белгиледи.

«Ар бир эле саясий ѳнѳктүктѳ, митингде журналистке кол салуу боло берет. Биздин позиция – мыйзам чегинде укук коргоо органдары ѳзүнүн баасын берсин. Ал эми милициянын аракетсиздиги боюнча сураганыбызда, учурда кызматтык иликтѳѳ жүрүп жатат, аймактык тескѳѳчүнүн, шайлоо күнү ошол жерде кызматта болгон милициялардын баарынын үстүнѳн кызматтык иликтѳѳнүн жыйынтыгы менен чара кѳрүлѳт деген маалымат берилди», – деди ОшТВ телеканалынын башкы директору.

Гүлзат Газиева,
“Журналисттер” КБнын Ош областындагы өкүлү

Похожие записи