Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Кыргыз тилинде аналитикалык макала жазуу семинарына конкурс! Акысыз, стипендия менен

Кыргыз тилинде аналитикалык макала жазуу семинарына конкурс! Акысыз, стипендия менен

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Семинардын датасы:

Тренинг: 4 – 8 ноябрь, 2019 (9.00 – 15.30 сааттары арасы)
Изилдөө иши: 11 – 24 ноябрь, 2019
Презентациялар жана тегерек стол: 25 – 26 ноябрь ( саат 9.00 – 12.30 сааттары арасы)

Семинар өтө турган жер: ЕККУ (ОБСЕ) Бишкектеги Академиясы, Кыргызстан

Тренер: Др. Элира Турдубаева, БААУнун профессору

Семинар тууралуу: Аналитикалык изилдөөлөрдү жана макалаларды кыргыз тилинде жазуу маанилүү көйгөй болуп эсептелет. Бул маселени чечүү максатында ЕККУ Академиясы журналисттер жана блоггерлер, ошондой эле изилдөөчүлөр жана активисттер үчүн кыргыз тилинде аналитикалык макалаларды жазуунун негиздерин үйрөтүүчү семинарды уюштурууда. Аталган пилоттук долбоор келечекте ЕККУ Академиясы тарабынан Орто Азиянын башка республикаларында, Афганистан жана Монголияда да уюштуруусу пландалууда.

Семинардын аналитикалык изилдөөлөрү “Mиграция, айыл-чарба жана элет коомчулуктарындагы өзгөрүүлөр” темасында жүргүзүлүп, жыйынтыгында ЕККУ Академиясы, өкмөт өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда миграция тууралуу талкуу өткөрүлмөкчү. Бул талкуу ЕККУ Академиясынын AGRUMIG (‘Артыбызда бир нерсе калтыралы’ – Миграцияны биргеликте башкаруу жана айыл-чарба жана жергиликтүү коомчулуктарда өзгөрүү: Европадан, Азиядан жана Африкадан салыштырмалуу тажрыйба) долбоорунун алкагында болмокчу.

Семинар өзүнө лекцияларды, талкууларды, изилдөө иши жана аны редакциялоо, презентацияларды жана тегерек стол талкуусун камтыйт.

Семинардын тили: Кыргыз тили

Семинар: акысыз

Изилдөө ишине бериле турган стипендия: 150 евро (накталай). Стипендиянын биринчи жарымы изилдөө иши башталганга чейин берилет жана калган бөлүгү изилдөө иши толугу менен тапшырылган соң берилет. Эң ийгиликтүү изилдөө иштери ЕККУ Академиясынын Орто Азия аналитикалык макалаларында жарыялануусуна чакырылат http://www.osce-academy.net/ru/research/policy-briefs/

ЕККУ Академиясы ар бир кабыл алынган макалага 250 евро сунуштайт.

Кимдер катыша алат?

  • Жаш журналисттер, блоггерлер, изилдөөчүлөр жана активисттер;
  • Журналистика же гуманитардык илимдер багытындагы бакалавр же магистр даражасы бар адистер;
  • Журналистикада же аналитикалык жазууда иш тажрыйбасы бар болгон адистер.

Кантип тапшыруу керек?

4 барактан ашпаган төмөндөгү документтер:

  • Резюме (эки барактан ашпаган);
  • Мотивациялык каты (300 сөздөн ашпаган)
  • “Mиграция, айыл-чарба жана элет коомчулуктарындагы өзгөрүүлөр” темасына аналитикалык макаланы (изилдөө) жазуу үчүн бир барак сунуш (500-600 сөздөн турган) кыргыз тилинде кандидаттын Аты Фамилиясы менен MS Word форматында сакталып жөнөтүлүүсү күтүлөт.

Документтер 2019-жылдын 23 – октябрына (Бишкек шаарынын убактысы боюнча саат 18.00го) ЧЕЙИН кабыл алынат. Документтер электрондук почта аркылуу “Кыргызча аналитикалык жазуу” темасы менен, изилдөө жана тренинг боюнча асисстент Венера Мамбаевага training@osce-academy.net почтасына жиберилүүсү керек. Бул көрсөтмөлөргө туура келбеген сунуштар кароого алынбайт.

ЕККУ Академиясы тандалып алынган талапкерлер менен гана байланышат

Тандоо жана мөөнөттөр

Тандалып алынган талапкерлерге 2019-жылдын 28-октябрына чейин кабар берилет. Семинарга чакырылган катышуучулар башынан аягына чейин катышууга жана изилдөө ишин бүтүрүүгө милдеттүү. Семинардын бардык катышуучулары изилдөөлөрүн 2019-жылдын 15-декабрына чейин бүтүрүп тапшыруусу керек.

Сайттын дареги: http://www.osce-academy.net/en/seminars/full/72.html

Похожие записи