Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

«Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк» жылына карата фотосүрөт сынагы

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

«Баракелде» маалымат сайты «Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк» жылына карата фотосүрөт сынагын жарыялайт.

Сынактын максаты:

  • КР жарандарды үй-бүлөлүк баалуулуктарга, тынчтык жана ынтымакка чакырууга көңүлүн буруу.
  • Фотоискусство тили менен адамдар арасындагы ынтымак-ырашкерлик мамилелердин маанилүүлүгүн билдирүү.
  • Жаңы ысымдарды ачып, таланттарды колдоо.
  • Фотографияны искусствонун бир түрү катары кеңири жайылтуу.

Сүрөттөрдүн тематикасы сынактын темасына жараша болуу керек.

Сынактын шарттары:

  •  Сынакка жаш курагына карабастан бардык кыргызстандыктар катыша алат.
  •  Сүрөттөр түстүү жана ак-кара боло алат.
  •  Сынакка портрет, пейзаж, фотопостановка сыяктуу сүрөт түрлөрү катыша алат. Сүрөттөр оригиналдуу жана өзгөчө болушу керек, фотошоп, коллаж жана монтаж кабыл алынбайт.

Ар бир катышуучудан barakeldeorg@gmail.com электрондук дарегине 3-5 сүрөт кабыл алынат. Ошондой эле катышуучу өзү жөнүндө кыскача маалымат жиберүүсү керек. 1,2 жана 3-орунга чыккан жеңүүчүлөр сайттын окурмандары тарабынан добуш берүү жолу менен аныкталат.

Сүрөттөрдү кабыл алуу 3-июлдан баштап, мөөнөтү чектөөсүз жүргүзүлөт.

2012-жылдын 31-августунда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталат.

Сүрөттөрдүн фоорматына карата талаптар:
Сынакка катышуучу сүрөттөр jpg, bmp, png форматында, көлөмү 2000 пикселден ашпоосу зарыл.
Коштоочу маалыматта сүрөттүн аталышын, автордун аты-жөнүн, жашаган дарегин жана телефон номерин көрсөтүү керек.

Сыйлыктар:
Биринчи орун — ноутбук
Экинчи орун — фотоаппарат
Үчүнчү орун – смартфон

Сынактын демөөрчүсү — Жаш ишкерлер ассоциациясы 
Жаш ишкерлер ассоциациясы 2006-жылы, ишкерлердин көйгөйлөрүн биргеликте чечүү, ишмердүүлүктө көмөктөшүү жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракеттенген ишкерлерди колдоо максатында негизделген. Ишкерлери соода, курулуш, тейлөө, өндүрүш секторунда бир топ иш алып барышат. Жаш ишкерлер ассоциациясы түптөлгөндөн бери инвестиция тартуу, эл аралык кызматташуу, кайрымдуулук жана билим берүү багытында бир топ ишти алгылыктуу алып барып жатат. Учурда уюмда өлкөнүн бардык аймактарынан 300гө жакын ишкер катталган. Тармактык комитеттер менен ишкерлерге кызмат берип келишүүдө. Маалыматтык кызмат, укуктук колдоо, семинар уюштуруу, инвестиция тартуу жана өнөктөш табуу – кызматтардын негизги багыттары. Бул багытта чет өлкө саякаттары маал-маалы менен уюштурулууда.

Миссиясы: Кыргызстанда демократия, патриоттулук жана толеранттуулук баалулуктарын ишкердикти өнүктүрүү жолу менен алдыга жылдыруу.

Урааны: Иийгиликтүү ишкер – күчтүү экономика! Күчтүү экономика – күчтүү өлкө!

Похожие записи