Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.
“Азыркы учурда Кыргызстанда сөз эркиндиги боюнча ахыбал Россияга караганда кыйла эле жакшы болуп калды”,- дейт 15 жыл НТВ каналында иштеп, бул тапта Россиянын RTVi телеканалында журналист болуп эмгектенген Павел Селин. Ал Кыргызстандын журналисттери үчүн К-News уюштурган атайын тренингде үйрөтүүчү болгон.
“Сиз журналист катары министрге, анын жардамчысына же болбосо башка эле бир адамга телефон чалып, кайсы бир маселе боюнча комментарий сурасаңыз, алар сиздерге жок дей албай, жообун беришет. Мына ушуну сөз эркиндиги дебегенде эмне дейбиз. Ал эми журналисттик иликтөөнү болсо, сөз эркиндигисиз элестете да албайбыз. Эгерде сиздин өлкөңүздө сөз эркиндиги жок болсо, анда эч нерсени иликтей албай турганыңызды да бөркүңүздөй көрүңүз. Муну сиз орус каналдарын көрүп, салыштырып көрсөңүз да болот.
Павел Селиндин айтымы боюнча кыргызстандык журналисттердин жаңы бир нерселерди ойлоп табууга, жаңы нерсени жазууга, каалаганын айтып, журналистиканы өнүктүргөнгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. 1990-жылдардын башында мындай абал Орусияда болгонун да эскерип кетет. “Силер эмнени кааласаңар жазып, эмнени кааласаңар сүрөткө тартып жатпайсыңарбы. Силерде программаларды, телеканалдарды жаап салуу деген жок экен. Ой, бул эң сонун нерсе да. Силерде чыныгы журналистиканы жаратуунун эң сонун мүмкүнчүлүктөрү бар турбайбы”,-деп баса белгилеп кетти, россиялык журналист Селин.
Журналисттик иликтөөнү журналистика кесибинин эң эле туу чокусу деп билиңиз. Мындай иликтөөгө өтө көп каражат сарпталат. Өтө кыйын, тажатма иш болгону менен ары кызыктуу жагы да бар. Бир жолу православ сыяктуу көрүнгөн сектада эмне болуп жатканы жөнүндө иликтөөнү тартып жаткам. Көрсө, койдун терисин жамынып, дин кызматкери катары көрүнгөн адам жаш балдарды бузуп жүргөн экен. Биз бул темага сектанын курмандыгы болгон адамдын интервьюсунан улам чыгып калдык. Ал адам бизге бул сектада эмне окуялар болуп жаткандыгын баяндап берди. Биз секта арендага алган үйдүн маңдайынан батирге үй таптык. Эки ай бою ага байкоо жүргузүп, күтүп, акырында аны тартып алдык.
Журналисттик иликтөөдө уят, абийирден башка эч кандай чек болбошу керек. Бул жерде бардык ыкмаларды пайдаланса болот.
Эгерде сенин иликтөөнүн бийиктигине чыгара турган ыкмаң бар болсо, аны эч кимден тартынбай, эч нерсеге кылчактабай, коркпой туруп пайдаланышың керек. Бардык нерсени башынан баштап казыш керек. Куйругунан баштасаң пайда жок. Баарына белгилүү болгондой балык башынан сасыйт эмеспи. Журналисттик иликтөөдө бейтараптуулукту карманыш керек. Анткени коомчулук келесоо эмес да, алар дагы баардыгын байкап,түшүнүп турушат. Эгерде сен журналисттик калыстыкты бекем тутунуп, иштеп жаткан темаң өтө катаал болсо дагы, сенин калыстыгың, бейтараптуулугуң көп маселени чечип коюшу мүмкүн. Көрүүчүлөргө эгерде сен тараптуу болуп психологиялык кысым көрсөтсөң, алар сенин иликтөөңдү кабылдабайт.
Максималдуу түрдө четте турган сыяктуу, муздак кандуу болуп көрүнүшүң керек. Биз менен сиздин негизги максатыбыз-үгүттөө же болбосо анын тетириси эмес. Биз менен сиздин негизги максатыбыз-коомчулуктун өзүнүн кантип жашап жаткандыгы тууралуу туура маалымат берүү болуп эсептелет.
Изилдөөнүн композициясы детективдик принциптин негизинде түзүлүшү керек. Эң алгач өзгөчө бүйүрдү кызыткан өтө курч интрига, андан кийин кокустан пайда боло калган деталь, андан кийин окуянын тарыхы айтыла башташ керек”,-дейт орусиялык журналист.
“Саресеп”, 01.04.2015-ж.
Сүрөт www.knews.kg сайтынан алынды