Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Мамлекеттик ЖМКлардын ишин жакшыртуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлмөкчү

Мамлекеттик  ЖМКлардын  ишин жакшыртуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлмөкчү

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Вице-премьер-министр Камила Талиева мамлекеттик басылмалардын бүгүнкү абалы жана мындан ары иш алып баруунун жолдорун талкуулаган жыйын өткөрүп, анда өкмөттүк гезиттердин сапатын жакшыртуу, реформалоо маселеси каралды.

Ага “ Кыргыз Туусу” , “Эркин Тоо” газеталарынын башкы редакторлору жана гезиттин ишине тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

“Кыргыз Туусу” газетасынын башкы редактору Бакыт Орунбековдун маалыматы боюнча, мамлекеттик басылмалардын келечеги тууралуу кайчы пикирлер айтылды. “Мамлекеттик деген басылмаларды сактап калуу керек деген пикирлер айтылса,  бир катарлары алардын  бирөөсүн эле калтыруу керек дешти. Негизинен, гезиттерди бекемдеп, реформалоо, айтор, комплекстүү  иш алып баруу боюнча маселелер каралды”,-деп билдири Б.Орунбеков.

“Эмнеге өкмөттүк гезиттердин абалы, сапаты  күндөн-күнгө начарлап баратат, эмне көйгөйлөр болууда деген маселелер көтөрүлдү. Биз дагы болгон көйгөйлөрүбүздү айттык. Негизинен, бул демилге өкмөттөн болду”,-деди  дагы бир өкмөттүк басылма болгон  “Эркин Тоо” гезитинин башкы редактору Манас Осмон.

Учурда , мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын маселелери, ишин жакшыртуу,  аны реформалоо боюнча атайын ведомстволор аралык жумушчу топту  түзүү демилгеси көтөрүлүүдө.  Анын курамына “Кыргыз почтасынын”, Президенттик аппараттын иш башкармалыгынын жана башка бир катар министрлер менен ведомстволордун өкүлөрү кирери айтылууда. Маалыматтарга таянсак, жакынкы күндөрдөгү мындай маанайдагы жолугушуу КТРК жана ЭлТР каналдары жана андан кийин областтык гезиттердин жетекчилери менен каралган.

Андан кийин ноябрга чейин биз жогоруда айткан ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, андан аркы иш пландар  аныкталмакчы.

Похожие записи