Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Brave браузерин түзүүчү купуялыкты камсыздаган жаңылык окуу программасын ишке киргизет

Brave браузерин түзүүчү купуялыкты камсыздаган жаңылык окуу программасын ишке киргизет

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Brave Todayдин идеясы боюнча, компания же үчүнчү тараптар колдонуучулардын профилин түзө алышпайт.

Brave веб-браузерин өндүргөн Brave Software колдонуучулардын купуялыгын коргоого багытталган жаңылыктарды окуу программасын сунуштайт – колдонуучулар кайсы сайттарга киргенин, кайсы макалаларды окугандыгын, материалдардын аталыштарын эч ким биле албайт.

Компаниянын билдирүүсүнө ишенсек, Brave Today деп аталган кызмат Google жана Facebook сунуштаган жаңылык кызматтарынан айырмаланган технологияны колдонот. Ал Braveде, интернет-провайдерлерде жана үчүнчү жактарда из калтырбай жеке адамдын таламына туура келген жаңылыктар тизмегин жеткирүүгө багытталган. Жаңы кызмат атаандаштарга караганда өз браузерин купуялык үчүн бир кыйла коопсуз кызмат катары караган Brave стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Key to Brave Today – компаниянын сунуштоосундагы контент жеткирүүнүн жаңы тармагы. Адатта жаңылыктар кызматтары контентти кэштөө жана андан соң аны колдонуучуларга сунуштоо үчүн бир CDN (контент жеткирүү тармагын) колдонот. Мындайда CDN же аны колдонгон кызмат IP-даректи жана ар бир колдонуучунун окуган жаңылыктар тизмегин көрө алат, бул маалыматтар кийинчерээк ар бир адамдын кызыккыан нерселери боюнча толук профилин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Brave Today»дин CDN тармагы башка ыкманы колдонот. Анда колдонуучунун IP-дареги ал издеп жаткан контенттен бөлүнүп турат. Бир уюм колдонуучудан шифрленген TLS- трафикти алып, аны теңдөө кызматын сунуштайт. Андан кийин гана теңдөө кызматы трафикти сурамдар менен иштеген CDN тармагына өткөрүп берет.

Теңдөө кызматы колдонуучунун IP-дарегин билет, бирок сурам шифрленген түрдө болгондуктан колдонуучу издеген контентти көрө албайт. Ошол эле учурда CDN сурамды гана көрөт, бирок аны жөнөткөн IP-даректи биле албайт. Жооптор тескери тартипте жеткирилет. Brave билдиргендей, маалыматтарды бириктирүүнүн алдын алуу максатында компания теңдөө үчүн бир жеткирүүчүнү, ал эми контентти жеткирүү үчүн башка жеткирүүчүнү пайдаланат.

Төмөндө бул кандай иштей турганын көрсөткөн сүрөт:

…CDN колдонуучунун купуялыгын сактоо үчүн башка ыкмаларды дагы колдонот. Алардын ичинде: сурам жөнөткөн адамдын ким экендигин аныктаганга мүмкүн болгон ар түрдүү баш жазууларды өчүрүү бар.

Brave колдонуучулар жөнүндө маалыматты өз кызматкерлеринен коргоо чараларын дагы көрө турганын билдирет…

Жаңылыктар кызматы браузерден чыкпай турган маалыматтарды пайдалануу менен контентти талдоого алат. Башында бул Alexa, Feedly жана Comscore рейтингиндеги эң таанымал сайттардын негизинде, RSS-каналдар топтомундагы домендер ортосундагы дал келүүлөрдү издөө жолу менен иштейт. Эң акыры сервис жергиликтүү сакталган маалыматтарды колдонуу менен гана иштеген Brave жарнак колдонуучулар тутумун колдонот.

Brave Today 300 булактан келүүчү 15 категорияга бөлүнгөн жаңылыктарга ээ. Жаңылыктар окурманы Android тутумунан тышкаркы башка бардык браузерлерде түз интеграция болот. Окуу программасын колдонуу үчүн Brave браузерин компьютерлер үчүн 1.18.70 түрүнө (версиясыга) же андан да жаңысына чейин, ал эми iOS үчүн Brave 1.22 түрүно же андан дагы жаңысына чейин жаңыртуу керек. Андан кийин жаңы баракча ачып, ылдый карай жылдыруу керек. Brave браузерин айына 22 миллион адам активдүү колдонот.

Дэн Гудин, Ars Technica басылмасынын коопсуздук боюнча редактору,
Макаланын т
үп нускасы бул жерде

Похожие записи