Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысына кол көтөргөн адамды милиция издей баштады

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысына кол көтөргөн адамды милиция издей баштады
Дастан Үмөтбай уулу

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулуна кол көтөргөн жаранды Ички иштер министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы издей баштады.

1-февралда Дастан Үмөтбай уулу милицияга күбө катары сурак берди жана ага кол көтөргөн адамга чара көрүү жөнүндө арыз да жазды.

«Арызда окуя качан, кантип болгонун кыскача баяндап бердим. (6-октябрда) «Реформа» партиясынын өкүлдөрүнө кол салуу болуп жатканын видеого тартып баратканымда, бирөө менин телефонумду тартып алууга аракет кылды. Мен качып баратканымда уруп салды.

Кээ бирөөлөр айтып жатышат: «Сенин журналист экениңди билген жок, сени да «Реформанын» кишиси деп ойлогон», – деп. Жаалданган топ келатканда «Реформанын» кишилери качып баратышкан. Мен уруп бараткан кишилер менен катар эле басып, видеого тартып баратканмын. Булар бирөө видеого тартып алуусун каалаган эмес, ошон үчүн телефонду тартып алууга аракет кылып, анан уруп салган деп ойлойм», – деди Дастан Үмөтбай уулу.

«Азаттык үналгысы» парламенттик шайлоодон кийинки коомдук-саясий абалды чагылдырып жүргөн кабарчыларына кысым жана кол көтөрүүлөр болгону жөнүндө ИИМге кайрылып, укуктук баа берүүнү жана териштирүүнү сурап кайрылган. ИИМдин тапшырмасы менен иш Жоруктар кодексинин «майда бейбаштык» 119-беренеси менен 19-январда бирдиктүү реестрге катталып, Ош шаардык милициясы тергөөнү баштаган.

Журналисттин жазган арызы 19-январдагы катталган ишке кошо тирелди.

Дастан Үмөтбай уулу ага кол көтөргөн кишинин сүрөтүн өзү тарткан видеодон скриншот кылып, аны социалдык тармакка жайгаштырды:

«…Милиция жакынкы күндөрү табат деп ишенем. Мени уруп жиберген бала жасаган жоругу туура эмес экенин түшүнүшү керек. Журналисттерди, деги эле жөнөкөй жарандарды уруп-согууга, анын буюмдарын тартып алууга эч кимдин акысы жок жана андай жосунга барууга эч кайсы кырдаал шылтоо болбойт. Тынчтык болсун!», – деп жазды Дастан Үмөтбай уулу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.

Эске салсак, өткөн жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо таза өтпөдү деп нааразы болгондор 5-октябрда митинге чыгып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Элдик толкундоолордо журналисттерге кысым көрсөтүүлөр, кол көтөрүүлөр болгон.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү

Похожие записи