Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное и полезное

Подкаст деген эмне?

Подкаст деген эмне?

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Подкастинг деген термин эмнени түшүндүрөт?

«Подкастинг» терминин британ журналисти Бен Хаммерсли 2004-жылы ойлоп чыгарган. Бул сөздү ал broadcasting (берүү, таркатуу) жана iPod сөздөрүнөн жасап чыгарган. Журналист жаңы терминди Apple плеерлерине аудиофайлдарды жүктөө мүмкүнчүлүгүн берген жаңы технологиялык көрүнүштү аташ үчүн колдонгон.

Өзүңөр байкагандай, подкаст салыштырмалуу жаңы формат болуп эсептелет.

Подкасттар – биз көнүп калган радиопрогграммаларга окшош эле радиоберүүлөр. Жасалышы, жасалгаланышы ошондой эле. Бир гана ал эфир аркылуу таркатылбай, Интернетке жайгаштырылат.

Адам аны каалаган учурда Интернеттен жүктөп алып, же интернеттин өзүнөн уга алат. Подкасттар адатынча кайсы бир темага арналып, белгилүү бир мезгилдүүлүк менен даярдалып турат.

Подкасттарды жасаган адамды подкастер (кыргызча подкастчы) деп аташат.

Подкасттын кандай артыкчылыктары бар?

Подкасттын эң чоң артыкчылыгы – аны кайсы бир ишти жасап жатып уга берсеңер болот. Ал эми, мисалы, теледен же Интернеттен маалымат алып жатканда адамга башка иштерди токтотуп коюп, экранды караш керек.

Подкаст майда-барат күнүмдүк иштерди жасаганга кеткен убакытты адам үчүн пайдалуу колдонгонго мүмкүнчүлүк түзөт.

Подкастты кантип укса болот?

Керектүү подкастты тапканга, ага жазылганга, жаккан подкастты укканга мүмкүнчүлүк берген толтура программалар жана ар түрдүү интернет кызматтар бар. Төмөндө эң таанымалдары көрсөтүлгөн. Алардан өзүңөргө жаккан подкастты таап ага жазылып койсоңор ал подкаст силердин медиаканаңарга сакталып калат.

iTunes жана Apple Podcasts (iOS жана акыркы macOS үчүн)

Overcast (iOS-то подкасттарды угуш үчүн эң мыкты тиркемелердин бири)

Google Подкасты (сайт), Google Подкасты (Андроид үчүн тиркеме), Google Подкасты (iOS үчүн тиркеме)

ВКонтакте (Андроид үчүн тиркеме), ВКонтакте (iOS үчүн тиркеме)

Яндекс.Музыка и подкасты (сайт), Яндекс.Музыка и подкасты (Андроид үчүн тиркеме), Яндекс.Музыка и подкасты (iOS үчүн тиркеме)

Anchor (сайт), Anchor (Андроид үчүн тиркеме) Anchor (iOS үчүн тиркеме)

Контентчи (сайт)

Кыргыз тилиндеги кайсы подкасттар бар?

Подкасттын пайда болгонуна 15 жылдай убакыт болуп калса да, ал эми гана кыргыз масс медиасында акырындык менен пайда боло баштады.

Кыргыз тилинде жарык көргөн подкасттарды тандап жатып, андагы материалдардын санына жана мезгилдүүлүгүнө көңүл бурдук.

“Ысык нан (Памирлик кыргыздар тууралуу кыргыз тилиндеги биринчи подкаст), автору Салта Калдыбаева, Google Подкастта;

“Киши” (көйгөйлөргө кайдыгер эмес адамдар жөнүндө баяндайт), автору Эльмурат Аширалиев, бул подкастты бул жерден уга аласыздар: Google Подкастта, Anchor-до, Apple Podcasts-да;

“Эки дарыгер (кыргыз тилиндеги биринчи медициналык подкаст), Google Подкастта;

“Бала-чака” (балдар жана аларды тарбиялоо жөнүндө подкаст), автору Наргиза Арсаматова, Google Подкастта;

“Кел баарлашалы” (аялдардын жашоосу тууралуу), Google Подкастта, Anchor-до;

“Акчанын айланасында” (акча жана айланасындагы мифтер жана уламыштар, суроолор жана жоромолдор тууралуу), автору Назгүл Коңурбаева, Google Подкастта, Anchor-до;

“Айылга арналган өмүр” (элет мугалимдеринин жашоосуна арналган подкаст), Google Подкастта, Anchor-до;

“Таберик” (өзгөрүп аткан каада-салттар жөнүндө подкаст), автору Айзада Калканбекова, Google Подкастта, Anchor-до;

“Байбол” (Нарын облусундагы айылдык ишкерлер тууралуу), автору Айзат Түмөнбаева, Listen Notes-де, Anchor-до;

“Кажы-кужу” (кесип жана жашоо жөнүндө маектер), авторлору Азамат Токтакунов жана Жаныбек Мукаш, Google Подкастта, Контентчиде, Listen Notes-де;

“Бирге өсөлү” (билим менен бөлүшүү), авторлору Ак-Бермет Богачиева жана Алия Токторбек Кызы, Контентчиде;

“Асанбек Пазыл”, журналист Асанбек Пазылдын подкасттары, Anchor-до;

“Кыргызча аудио жомоктор”, Google Подкастта, Anchor-до;

“Жаңы ырлар” (“Кыргызстан Обондору” радиосунун подкасты), Google Подкастта.

Подкастты ким даярдай алалат?

Подкастты даярдаш үчүн авторго же радиостанциянын, же кымбат баалуу жабдыктары бар студиянын кереги жок. Ошону үчүн подкастты кесипкөй радиожурналист гана эмес, каалаган адам даярдай алат. Бир гана каалоо жана угарманды айтып жатканы менен кызыктыра алгандай сүйлөө жөндөмү керек.

Подкастты даярдагысы келген адамга көп шаймандын деле кереги жок. Башында жакшы бир микрофон, смартфон, смартфонго көчүрүлгөн аудиоредактор жетиштүү жана да үн жаздырганы тынч, үн жаңырбаган бөлмө керек.

Кийин сөзсүз жакшыраак микрофонду, керектүү жабдыктарды сатып алуу, өзүнчө бир студияны жасоо тууралуу ойлонуу зарыл болот.

Подкасттарды даярдоого керек жабдыктар, подкасттарды даярдоо тууралуу толтура маалымат сабактарды интернеттен тапса болот. Алардын бардыгы орус жана башка тилдерде. Кийин биз подкасттарды даярдоого дагы кайрылып, кыргыз тилиндеги колдонмону иштеп чыксакпы деген пландарыбыз бар.

Подкастты кайда жайгаштырса болот?

Даярдалган подкасттарды Подкастты кантип укса болот?” деген бөлүмдө айтып кеткен аянтчаларга, б.а. Apple Podcasts, Google Podcasts, «Яндекс.Музыка» жана да башка аянтчаларга жайгаштыруу керек, анткени азыр подкасттар үчүн YouTube кызматына окшош №1 деген аянтча чыга элек. Бирок да ар бирине өзүнчө жүктөп убара болуунун кажети жок. Подкастты бир аянтчага жүктөп, анын RSS-агымын түзүп, кийин аны калган аянтчалар менен бөлүшүп койсо жетиштүү.

Бизди кубандырган нерсе – кыргыз подкасттарын өнүктүрүүгө арналган кыргыз тилдүү сайттардын да пайда боло баштаганы. Алардын бири – Контентчи. Учурда бул жерде кыргыз тилиндеги 49 материал жайгаштырылган.

Похожие записи