Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное и полезное

Медиа үчүн 7 кеңеш, 12 млн катталуучусу бар басылманын жетекчисинин соцтармактарда иштөө боюнча тажрыйбасы

Медиа үчүн 7 кеңеш, 12 млн катталуучусу бар басылманын жетекчисинин соцтармактарда иштөө боюнча тажрыйбасы

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Медиаңарды жактыргандардын чоң жамаатын түзүүнү каалайсыңарбы – силерге ишенүүгө болорун көрсөткүлө.

«Москва 24» жана «Россия 1» телеканалынын (аларга 12 млн адам катталган) социалдык медиа кызматынын жетекчиси Марина Сезина, эгерде камтууну жогорулатуу керек болсо кандай форматка өзгөчө көңүл буруу керектигин, чоочун контентти өздөштүрүү эмнеси менен кооптуу экенин жана катталуучулардын сый-урматы алардын сүйүүсүнөн эмне үчүн маанилүү экенин айтып берет.

 

1. Соцтармактар өзгөчө жасалгалоону талап кылат

Соцтармактарда негизинен аймактык медиалардын кетирген эң башкы катасы – контентти ар бир платформанын талабына ылайыктаганды билбегендиктери: «ЖМКлар диструбуцияга, өзгөчө социалдык түйүндөр аркылуу маалыматты таркатууга, жакшы көңүл бурбагандыгын көп кезиктирем, аракет кылган күндөрү да аны эң жөнөкөй деңгээлде жасашат. Көбүнчө колдонулган ыкма – бул сайттагы материалга түз шилтемелер. А мындай ыкма азыр иштебейт», – дейт М.Сезина.

Мисалы видеоконтент чыгарган көптөгөн ресурстар, телеэфирде болгонду кайра монтаж жасап, өздөрүн кыйнагысы келбейт. Натыйжада колдонуучу кыска, эң сонун роликтин ордуна экрандын ачылыш сүрөтүн жана баш сөз окуган алып баруучуну көрөт.

«Соцтармактарда алгачкы үч секунд эрежеси эң сонун иштейт. Биринчи жалпы план, анан орто план, ири план, майда бөлүктөр, анан кайра жалпы план кайталанган теле монтаж жөнүндө унутушуңер керек. Эгерде жаңылык өрт жөнүндө болсо, анда алыстан бир нерсе күйүп жаткан өрттү көрсөтүп кереги жок. Биринчи кадр таасирдүү болсун – мисалы, өрт өчүргүч терезеден баланы же мышыкты алып жаткан учурду көрсөтүү зарыл. Мына ошондо кадрга көңүл бурулбай калбайт», – деп Марина кеңеш берет.

 

2. Кечиктиңерби – оригиналдуулук менен элди тарткыла

Жаңылык медиасы социалдык тармактарда ыкчам болууга милдеттүү. Эгерде болгон окуяны биринчилерден айта албай калсаңар – анда анын эч ким билбеген жактарын издегиле.

«Шереметьево» аба майданына конгон учак кырсыкка кабылганда [2019-жылдын май айы]» күйүп жаткан борттун видеосун аэропорттун камераларынан алып, бардык ЖМК тез көрсөттү. Бирок самолеттун салонунан тартылган видеону, ошондой эле, аэропорттун кызматкерлери: «Күйгөн боюнча конду» деген пикирлерин айтышкан диспетчердик пункттагы тасмаларды тапкандар чоң трафик тарта алышкан, аларды бардыгы цитаталашкан».

Ал эми эксклюзив табуу мүмкүн болбой калса, анда эмоцияга басым кылгыла. Ар бир колдонуучуга таасир эте турган көрүнүштү көрсөткүлө: «Самолетко байланыштуу тарыхта эвакуация убагында баштыгын кошо сүйрөп жүргөн жүргүнчүлөрдүн видеосу бар. Алардын көрсөтмөнү сактабагандыгы, балким, ач көздүгү далай адамдарды сактоого зыянын тийгизиши ыктымал. Басымды туура коюу колдонуучуларды пикир жазууга жана ал контентти бөлүшүүгө түрткү берет».

 

3. Кыска видео жоктон жогору

Бирок камтууга жетишүү да оңой эмес – ал үчүн форматты туура тандоо керек. Марина маалыматты видео кылып жасоого кеңеш берет, себеби акыркы мезгилде платформалар так ушул форматты активдүү илгерилетип жатат. «Адамдар жалкоо. Окугандан көрө көргөн жеңил. ТikTok тиркемесинин ийгилигинин сыры мына ушунда. ТikTok чыкканга чейин салттуу Twitter тиркемесинен тышкаркы бардык соцтармактар видеолента киргизген. Роликтерге өзгөчө Facebook жакшы көңүл бурат – видеону көрүүдө колдонуучу сиздин баракчага каттала ала турган Watch лентасына түшүп калат. Соцтармактын өзү жакындан бери мындай кеңеш айта баштады: бир мүнөттүк эмес, атүгүл үч мүнөттүк видео жасагыла, алгоритмдер болсо ага жооп катары аны эң сонун ротациялап берет», – деп Сезина ой бөлүшөт.

Бирок бир нерсени унутпагыла –кантсе дагы платформа кожоюн, атүгүл силер бардыгын туура кылсаңар дагы видеоңор көп адамга көрсөтүлбөшү мүмкүн. Соцтармактар алгоритмдерди тез-тез алмаштырып турат, күтүүсүз өзгөртүүлөрдү киргизет. Андыктан бүгүн иштеп турган алгоритм, эртеңки күнү жарым миллиондук коомдон беш миң көрүүнү араң чогултат.

 

4. Автордук укуктарды бузбагыла жана ачык сүрөттөрдү каткыла

Соцтармактар көптөн бери милдеттенмелерден эркин аянт болбой калган. Эгерде мурда аларда автордук укуктарга көз жумду мамиле болсо, акыркы эки-үч жылда платформалар контенттин мазмунуна жана анын булагына көңүл бурушат. Бүгүн чоочун контентти алып, аны өзүңдүн ролигиңе айланта албайсың – андай болсо сотко чакыруу күтө бер. «Москва 24» алган ачуу тажрыйба бар: жакында медиа сүрөтчү жөнүндө анын Instagram постторунун жана YouTube сайтындагы видеолорунун негизинде ролик даярдаган. Редакция бардык жерде контентти кайдан алганын көрсөткөнүнө карабай, ал каарман сотко берген. Бирок ал иш соттук териштирүүгө жеткен жок, ал эми видеону өчүргөнгө туура келген.

«Соцтармактар, айрыкча чет өлкөлүк социалдык түйүндөр контенттин мазмунуна кылдат көз салаарын билүү маанилүү. Facebook атүгүл кадрда «Мадонна ымыркай жана Иоан менен» сүрөтүнүн болушу үчүн эскертүү берет. Мында кеп аялдын көкүрөгү ачык болгонунда. Страйк алып калбаш үчүн аялдын төшүн бүдөмүк кылууга же жабууга туура келет. Эркектин көкүрөгүн көрсөтүүгө уруксат. Бизде Facebook сумо күрөшү боюнча балбандын төшүн аялдыкы деп кабыл алган кызык учур болгон, анда видеону блоктоону талашып-тартышууга туура келген. Эми, албетте, кадрда эч кандай зомбулук, кан төгүү жана ата-энесинин уруксаты жок балдардын кадрлары болбошу керек», – дейт Сезина.

 

5. Бардык платформаларды камтууга аракет кылгыла

Социалдык түйүндөр ЖМКнын максаттарына жараша тандалат, бирок өз аудиториясын кайдан издеш керектигин аныктай электерге, Марина бардык платформаларда иштеп көрүүгө кеңеш берет: «Эмне, кайда, кантип жайгаша турганын карап көргүлө, анан ылайыксыз платформалары иргеп салгыла. «ВК – 20 жаштагылар үчүн платформа» – деген жалпы түшүнүк бар. Бул таптакыр андай эмес – негизги аудитория платформага 10-15 жыл мурда келген, ал адамдар азыр 35 жаштан өтүп калышты. Улуу муун, ойчул адамдар Facebook соцтүйүнүн гана жактырат деп ойлоштун кереги жок».

 

6. Бардык соцтармактарга окшош контентти жүктөбөгүлө

Facebook жана «ВКонтакте» үчүн иштеген контент, Instagram үчүн таптакыр кызыксыз болушу мүмкүн. Эмне жөнүндө жазганыңарга жараша бөлүшүүгө аянтча тандагыла: «Эгерде силер бакча жана огород тууралуу жазган кууш сегменттүү ЖМК болсоңор, эч ойлонбой «Одноклассникиге» кайрылгыла, ал жакта жөнөкөй жана кооз визуал түзгүлө. Бирок бул өзүңөр жөнүндө башка соцтүйүндөрдө айтпаш керек дегенди билдирбейт».

Марина жаңылык медиаларына Telegram жана «ВКонтакте» соцтүйүндөрү үчүн жайгаштыруу тартибин ыкчам түрдө иштеп чыгууга, ал эми Facebook үчүн толукталган маалыматты – аналитиканы же тема боюнча алда канча толук түрдөгү видеону берүүгө кеңеш берет.

 

7. Окурмандардын сый-урматы алардын сүйүүсүнөн маанилүү

Өзүңөрдүн ЖМКңардын айланасында чоң жамаатты түзүүнү каалайсыңарбы – силерге ишенүүгө болорун көрсөткүлө.

Мында кайра эле соцтармактар жардамга келет. Карантин убагында «Москва 24» катталуучулардын ден соолугуна жана үйдө обочолонуп отурганда алардын терезесинен эмне көрүнүп турганына тынбай кызыгып турду. Бул камтууну көтөрдү, анткени алардын бардыгы чон талкууга катышкысы келди жана бул басылмага карата берилгендикти жогорулатты.

Анастасия Филиппова, “Журналист.ру”

Макаланын түп нускасы.

Похожие записи