Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.
Владимир Познердин 2019-жылы декабрда АСТ басмасында жарык көргөн «Испан дептери. Субъективдүү көз караш» китебине «Дон Кихотту издөө» тасмасын тартуу убагында чогулган материалдар кирди: белгилүү испан ишмерлери, тарыхый аңгемелер, жеке фотографиялар жана эсселер бар. Китептеги журналисттердин өзүн өзү чектөө маселесине байланыштуу үзүндүнү сунуштайбыз.
Педро Рамирес
Мага ушул адам жөнүндө – Испаниядагы белгилүү журналисттердин бири тууралуу бир нече сөз айтуу маанилүү.
Ал АВС гезитинде колумнист болуп орношкон кезде 23 жашта болчу. Ал беш жыл бою жумасына бир жолу чыгуучу жекшембилик «Апта хроникасы» колонкасын жазат. 28 жашында ал 15 миңдик тиражы бар, жабылуу алдында турган Diario 16 гезитине башкы редактор болуп дайындалат. Эки жылдан кийин анын нускасы 100 миңге чейин өсөт.
Испанияда 1981-жылы 23-февралда төңкөрүш болот. Рамирестин гезити төңкөрүш лидерлерине катуу каршы чыгат. Бир жылдан кийин Рамирес төңкөрүш жөнүндө иш каралып жаткан сот залынан куулат: төңкөрүш тарапкерлери залда Diario 16 гезитинин башкы редактору отурган болсо сотко келүүдөн баш тартышат. Аскердик сот адилеттигинин Жогорку кеңеши анын документтерин чакыртып алды жана имараттан чыгып кетүүгө мажбурлады. Бул окурмандын маалыматка карата укугуна каршы келген Аскердик соттун чечимин Конституциялык сот жокко чыгарган тарыхый чечимдин кабыл алынышына түрткү болот.
Ал 1989-жылы ЭТА мүчөлөрүн өлтүрүү максатында өкмөттүн колдоосу алдында түзүлгөн GAL антитеррордук уюму жөнүндө материалдарды жарыялаганы үчүн гезит директору кызматынан бошотулат. Анын үстүнө, ага мындан ары журналистика менен алектенүүгө тыюу салынат.
Жумуштан бошотулуп, кесибинен куулгандан жети ай өткөндөн кийин Рамирес жана анын үч жолдошу El Mundo гезитин түзөт. Diario 16 гезитинин элүүдөн ашык журналисти иштен бошоп, Рамиреске өтүшөт.
Алгачкы иштеген жылы гезиттин тиражы 100 миңге жетет: мен Рамиреске жолуккан кезде ал гезиттин бир миллион үч жүз миң окурманы болгон жана нускасы боюнча Испаниядагы экинчи басылмага айланган.
Рамирестин жетекчилиги алдында гезит жыйырма чакты баск активисттерин өлтүрүүгө бийликтердин катышуусунунун бетин ачат, бул мурдагы ички иштер министрин жана башка бир катар саясий жана аскердик кызмат адамдарын сот жообуна тартууга алып келет. Гезит ошондой эле, Ирактагы америкалык согушка ыраттуу түрдө каршы чыгып келди.
2014-жылы Рамирес иштен алынат. Ал өзүн иштен бошотууга өкмөттүн тиешеси бар деп эсептейт.
Биздин маек убагында келип чыккан суроолор журналистиканы түшүнүү үчүн мага абдан маанилүү болуп саналат.
Цензура жана өзүн өзү цензуралоо. Цензура түшүнүктүү: кайсыл бир маалыматты ЖМКда жарыялоого расмий тыюу салуу болот; айрым жактарды, окуяларды, көз караштарды сындоого тыюу салынат; кээ бир адамдарга ЖМКга жеткиликтүүлүк тыюу салынган. Цензор чечим кабыл алууда колдонгон маалымдама түрүндөгү ушундай тыюулардын толук тизмеси бар. Кээде өтө аша чаап кетишет. Мен Октябрь революциясынын элүү жылдыгында (1967-ж.) Ленинградга арналган журнал номерин даярдаганым эсимде. Анда тик учактан тартылган Нева көпүрөлөрүнүн фотосүрөтүн аскердик цензорго алып келдим. Цензор аларды жарыялоого тыюу салды.
— Эмнеге? — деп мен каршы болдум. — Анткени америкалык спутниктер биздин көпүрөлөрдү гана эмес, автоунаанын номерлерин окуй алат да!
— Мындай сүрөттөргө карата 1937-жылы белгиленген тартипти эч ким жокко чыгара элек, – деп жооп берди цензор.
Ооба, цензуранын иши түшүнүктүү.
Ал эми өзүн өзү цензуралоо менен… Бүгүнкү күнү журналистика мындай абалга Орусияда гана чалдыккан эмес. Журналист материал даярдап жатып ойлонот: бул редакторго жагабы? Мэрдин ачуусун келтирбейби? Губернатордучу? Президентти капа кылбайбы? Мага коркунуч келбейби? Мени иштеп бошотуп салбайбы, эгер бошоп калсам менин үй-бүлөм кандай болот? Балким бул жөнүндө жазып, айтуунун кереги жоктур? Балким башкалар жөнүндө жана башкача жазуу керек?
Эрежелер жок, журналист өзүн коргоого ишенбеген, мыйзам эмес, өзүм билемдик өкүм сүргөн жерде өзүн өзү цензуралоо жаралат жана гүлдөйт.
Андыктан бул эч ойлонбой «өкмөт менен партиянын» саясатын колдоону чындап чечкендерден башка бардык журналисттерге тиешелүү. Аларда өзүн өзү цензуралоо жок. Аларды бул кыйнабайт. Чынында алар журналист болбой калышкан…
Рамирес айтат:
— Жарыкчылыкта бардык кырдаалдардан милдет жогору турган үч кесип бар: алар дин кызматчы, дарыгер жана журналист.
Дин кызматчынын милдети кандай, мен так билбейм.
Дарыгердин милдети түшүнүктүү: ал дарылаш керек. Мисалы айтсак, дарыгер согуш майданында келе жатып, жерде жаткан жарадарды көрдү дейли. Андан биздикисиңби же чоочунсуңбу деп сурабайт, ал аны сактап калышы керек. Эгерде сурай турган болсо, анда демек ал дарыгер эмес.
Журналисттин милдети кандай? Маалымдоо. Мүмкүн болушунча толук, болушунча калыс, болушунча чынчыл. Адамдардын кимдигине карабай. Мекенчилдик, достук жөнүндө ыксыз түшүнүктөрдү эске албастан милдетин аткаруу зарыл.
Мына мисал. Мен АКШда иштеп жана CNBC телекомпаниясы үчүн Фил Донахью менен Pozner & Donahue программасын жасап жүргөндө Америкага таанымал журналистика профессору Фред Френдли көрүнүктүү тележурналисттер тобун жыйнады жана аларга мындай табышмак айтты:
— Силер коргоо министринен интервью алып жатабыз деп элестеткиле. Анын кабинетинде отурасыңар. Кокустан телефон чырылдайт. Ал аны алат, угат, андан соң – «Жакшы» – деп айтат, телефонду коет жана силерге кайрылып:
«Үч мүнөт отуруп туруңуздар, мен азыр келем», – деп чыгып кетет. Силер, албетте, анын столунда эмне бар экенин карайсыңар, силер журналистсиңер да. Анда бир документ жаткан болот, бирок силер тескерисинен окуй аласыңар, силер журналистсиңер да. Ошол өтө жашыруун документтен он күндөн кийин силердин мамлекет башка мамлекетке согуш жарыялай турганын билдиңер. Бул атайын сыноо эмес, болгону министр документти жаап койгонду унутуп калган. Силер эмне кыласыңар?
Бизге бир жактуу жооп даярдоо үчүн жарым мүнөт керек болду: биз ушул маалыматты жарыялоого аракет кылабыз, – деп айттык.
Мен бул окуяны Орусиядагы журналистика факультетттеринин студенттерине айтып бергенде ар түрдүү жооптор болот. Көбүнчө бул маалыматты ачык айтуу мекенчилдик болбой калат деп айтышат.
Мекенчилик эмеспи? Анда кандай маалыматты жарыялап, кандайын унчукпай коюуну чечкидей биз кимбиз? Согуш баштоо жөнүндө биздин макулдукту сурабай чечим кабыл алуу мекенчилдикпи? Биздин аталар, күйөөлөр, бир туугандар, уулдар курман болушун биз каалайбызбы? Биз ушуга макулбузбу?
Бул теориялык мисал. Бул болсо чыныгы мисал. 1986-жылы 26-апрелде Чернобыль АЭСинин блогу жарылганда, радиоактивдүү чаң аба аркылуу тарап жатканда, Киевдеги Биринчи май демонстрациясы радиоактивдүү жамгыр алдында өткөндө ЖМК унчукпай турду – ушул мекенчилдик болгонбу?
Мен көп жолу айтып берген дагы бир таптакыр башкача окуя. Хорхе Семпрун аттуу бир испан жашаган. Ал Франкого каршы согушкан. Франко жеңгенде ал Францияга качат – бул 1939-жылы болгон. Ошол эле жылы Экинчи дүйнөлүк согуш башталат, анда Франция аброю түшүп багынат. Семпрун «Каршылык көрсөтүү» кыймылына кошулат, көп өтпөй лидерлердин бири болуп калат жана Франциянын эркиндиги үчүн күрөшкөндөр арасынан немистер көп издеген кишиге айланат. Аны кармашат, көп өтпөй концлагерге, кыязы Бухенвальдга жөнөтүшөт. Бирок ал тирүү калат. Кийин Семпрун болочок лагерь туткундарын кантип айдап барышканы жөнүндө китеп жазат. Ал китеп Le Long Voyage деп аталат. Бир бөлүмдө Семпрун төмөнкүдөй эпизодду айтып берет:
Ал гестапонун бир кишилик камерасында отурат. Аны кайтарып жүргөн аскер сурайт:
— Эмнеге отурасың, сен эмне кылдың эле?
— Мен мында эркин адам болгонум үчүн отурам.
— Сен эркинсиңби? – деп аскер күлүп айтат, – кандайча эркинсиң?! Сен түрмөдө отурасың, ал эми мен болсо – эркинмин. Бир аздан кийин казармага, анан бистрого барам, пиво ичем…
— Сен жинди экенсиң, – дейт Семпрун, – эч нерсе түшүнбөйсүң. Мен дагы өмүрүмдү тобокелге салбай, силерге каршылык кылбай, үйдө отуруп, кызыл шарап ичип, гезит окуп отура алат элем. Бирок эркин адам катары менде тандоо жок экенин түшүнгөм. Анткени силер, фашисттер, эркиндиктин душманысыңар. Эгерде силерге каршылык кылбасам, эркиндигимден баш тарткан болот элем.
Сага болсо «тигини ат» дейт, сен атасың, «бурул, алдыга жөнө» дейт – сен буруласың жана айткан жакка жөнөйсүң. Сен эркин адам эмессиң, – деп Семпрун аскерге айтат.
Эркин адамдын милдети. Дин кызматчынын милдети. Дарыгердин милдети. Журналисттин милдети. Бул айрымдар унуткан жана көпчүлүгү билбеген милдеттер жөнүндө сөз.
Познер Online, 08.12.2019
Түп нускага шилтеме – https://pozneronline.ru/2019/12/26597/