Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

ЖМКлар менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасы

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Cүрөттүн автору Азамат Кыязов

Жыл өткөн сайын ЖМКлар менен күрөшүүнүн ыкмалары да уламдан улам жаңырууда. Азыр журналистти коркутуп, үркүтүп, уруп, сабабай эле, ЖМК менен соттошпой эле, алардын ишинин натыйжалуулугун жокко чыгаруунун дагы бир жолун табышкансыйт.

Качан журналист жана ЖМК күч? Качан алардын материалдарын эл окуй алганда, коомдук пикир жаралганда. А эгер материал калың катмар элге жетпей калсачы?

“Жаңы Агым” гезити 17-августтагы санында “Жаңы Агым” Ошко неге тараган жок?” деген макалада мындай деп маалымдайт:

“Өткөн жумадагы (10-август) “Жаңы Агым” гезити Ошко бараарын барып, бирок окурмандардын колуна жетпептир. Оштогу окурмандарыбыз тынчсызданып чалып, гезит неге аларга жетпей калганын сурап жатышат.

Бул боюнча айрым иликтөөлөрдү жүргүзсөк, “Жаңы Агымдын” аз-маз эле бөлүгү тарап, калганын бирөөлөр ар жерден дүңүнөн сатып жыйнап кеткени белгилүү болду…”

Мындай нерселер биринчи жолу болуп жаткан жок. Быйыл эле “Алиби”, “Майдан” гезиттерин да дүңү менен сатып кетүү учурлары катталган. Бул бизге маалым болгондору гана.

Гезитти дүңү менен сатып алуудан мыйзам бузууну табуу кыйын. А бирок журналисттердин эмгеги текке кетип жатат, элге маалымат жетпей калууда. Бул жерде бир кеңеш бере алабыз: акылдуурак болгула, душмандын аракетин өз пайдаңарга колдонгула. Дүңү менен сатылып кеткен гезитти тез арада кошумча нуска менен кантип чыгара коюга болбосун. Бул гезитке кошумча киреше.

Марат Токоев

Похожие записи