Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Свобода слова

“Сөздүн эркиндиги ойдун эркиндигин ээрчитип келет”

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Жакында 3-май Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгиленет. Ал күндөрү Кыргызстан сөзэркиндиги боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы орунда турганы сөзсүз айтылат. Ал эми сөз эркиндиги – коомдун бакубат жашоосуна таасир береби деген суроо туулат. Алгачкы экипрезиденттин тушунда кандай жашасак, ошондой эле жашап келе жатабыз.

Учурдагы сөз эркиндиги чектен чыгып кетти, гезиттер каалаганын калпы-чыны аралаш жазып атат деген пикирлер бар. Муну жөнгөсалуукерекпи? Же сөз эркиндиги деп жөн коюу зарылбы? Негизи элебизде сөз эркиндиги барбы?

Бул тууралуу биз кесиптештер менен пикир алыштык.

“Окурмандын тандоо укугуна эч ким кол салган жок”

Венера Жуматаева, “Азаттык”үналгысынын Прагадагы кеңсеси

Кыргызстанда мурдагы жылдарга жана коңшулаш өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги бар депайта алабыз. Айрым алешемдиктер болбой койгон жок, бары ойдогудай деп айтуу али эрте. Эл аралыкуюмдар да Кыргызстанда салыштырмалуу сөз эркиндиги бар деген баасын берип жатышат. Ошол эле маалда журналистиканын сапаты төмөндөп кеткени өкүндүрөт. Кыргыз тилдүү болобу, орус тилдүүболобу, маалымат каражаттары тенденциялуу, же кайсы бир тараптын кызыкчылыгын көздөп иштегенучурлар көбөйдү. Ушундан улам, кесиптештердин профессионалдык, адамдык этикасы, атуулдукжоопкерчилиги ойлондурбай койбойт. Жакшы жагы, элди алдай албайсың, түркүн-түстүү басылмаларичинен окурман өзү таразалап, тандап алат. Баарыбыз элдин кызыкчылыгында иштеп жатабыз депойлойбуз, ал вазийпаны канчалык калыс аткарып жатканыбызды эл өзүбаалап алат. Окурмандынтандоо укугуна эч ким кол салган жок. Ошол баарынан маанилүү.

“Көч жүрө-жүрө түзөлөт”

Канымгүл  Элкеева, Азаттык үналгысынын кабарчысы:

Кыргызстанда сөз эркиндиги бар дагы, жок дагы деп айтууга болот. Мурдагы эки бийликтегидей сөз эркиндигин бууп, журналисттерди куугунтуктап, изине түшкөн учур азырынча жок. Бирок айрым маалымат каражаттары (алардын айрымдары бийликтеги жогорку жетекчилерге таандык экени көпчүлүккө маалым), бир тараптуу маалымат таратууну улантып келет. Мындай маалыматтарды журналист эл аралык стандарттарга таянып, өзү билгендей жазыпжатат дегенден алысмын.

Экинчиден, Кыргызстанда “бөрк ал десе, баш алган” учурлар көп эле болгон. Жөнгө салыш керекдеген шылтоо менен көп маалымат каражаттарынын тамыры кыркылып калышы ыктымал. Чындыгында өлкөдө сөз эркиндигин тура эмес түшүнүп, кээси буюртманы аткарып, кээси гезиттинокумдуулугун арттырыш үчүн калпы-чыны аралаш “имиштин” негизинде жазгандар да жок эмес. Менимче, сөз эркиндиги деп жөн коюу керек. Көч жүрө-жүрө түзөлөт. Окурмандар эмнени окуп, эмнениокубасын билсе гезиттер ошондон тарбия алышат. Эгер жалган жала менен жеке адамдын ар намысынашеек келтирген болсо сот бар.

Улам сотко чуркаганды каалабаган маалымат каражаттары жалган нерселерди, калпты-чындыкойгулап жазганды токтотот.

“Калп-чынын жазат деген айып жөндүү”

Курманбек Мамбетов, журналисттик иликтөө агенттигинин редактору

Сөз эркиндиги, албетте, бар. Мурунтан көбүнчө де-юре болсо, азыр, менимче, де-факто бар. Себебибелгилүү: азыр өлкөдө саясий бийликтин бир нече борбору (президент, парламенттик фракциялар, таасирдүү саясий фигуралар ж.у.с.) пайда болду, бул саясатта чоң атаандаштыкты түздү. Мунун баары сөз эркиндигине жакшы шарт жаратты: азыр эч ким жалпыга маалымдоо каражаттарын жалгызкөзөмөлдөй албайт.

Сөз эркиндигинин болушу мамлекет, коом үчүн сөзсүз оң таасирин берет. Бул, биринчиден, элдик көзөмөл (жалгыз эле журналисттер жазбайт да), экинчиден, ашынып бараткан коррупционерлер, мамлекеттик кызматкерлердин кетирген кемчиликтери убагында айтылып жатпайбы. Мындай факторлордун дагы көбүн санаса болот.

Калп-чынын жазат деген айып жөндүү. Суроо: кантип жөнгө салуу керек? Менимче, конкреттүүфактыларбоюнча сот деген бар, ошого кайрылышкерек. А негизинен окурман жөнгө салышы керек: газетанын саясатына макул эмессиңби, окубай кой. Демократиялык коомдо башка жол жок. Окурмансурашы мүмкүн: ишене турган, калыс, объективдүү басылмалар барбы? Андайлар бар.

“Сөз эркиндиги бизде бар деп да, жок деп да айтуу мүмкүн эмес”

Гүлзада Турдалиева, “Майдан” гезитинин редактору:

Сөз эркиндигин бетке кармап, ашыкча эле апыртып, көбүртүп-жабыртып жазган, радио-теледе ээн ооз кесиптештерибиз бар. Муну тана албайбыз. Бирок бул азыркы баш-аламандык, кимди ким көрдү деген заманга жараша болуп жаткан көрүнүш деп ойлойм. Албетте, бара-бара жөнгө салынып кетет. Сөз эркиндигине күч менен, цензура кылуу аркылуу тыюу салуу мүмкүн эмес, болгону ар бир журналист жазып, айтып жатып ошол нерсенин залакасы, пайдасы окурманга канчалык тийе турганын ой жүгүртүп, аздыр-көптүр болсо да, журналисттик этиканы сактап анан окурмандарга тартууласак дурус эле болмок.

Сөз эркиндигибизде бар деп да,жок деп да айтуу мүмкүн эмес. Буга таасир эткен көп факторлор бар, ал баарына эле белгилүү эмеспи. Мүмкүн, кандайдыр бир мыйзамдар менен чектөө зарылдыгы да тургандай.

Сөз эркиндиги бакубат жашоого таасир берүүгө тийиш. Себеби журналист коомдогу, саясаттагы терс көрүнүштөр тууралуу өз маалында коңгуроо кагып турушу зарыл. ЖМК бекеринен 4-бийлик депайтылбайт да.

“Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, болгон эмес, болбойт дагы”

Константин Конкин, Comment.kg маалымат порталынын кабарчысы:

Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, болгон эмес, болбойт дагы. Кагаз жүзүндө бар, чыныгы жашоодо жок. Эң жөнөкөй мисал келтирсек Коомдук канал, “5-Канал” жана башка мамлекеттик ЖМКлар ээлеринин көз карашынан, кызыкчылыгынан чыга алышпайт. Дээрлик ар бир редакцияда жагымсыз инсандардын тизмеги болот. Бизде журналист микрофонду кармап турган нерсенин гана ролун ойнойт. Анткени кайсы окуя кандай чагылдырылышы керектиги журналист үчүн алдын ала чечилген болот. ЖМК кызматкерлери маалыматты болгонундай эмес, кандай керек болсо ошондой нукта чагылдырып күнөө кылганы аз келгенсип, айрым маанилүү маселелерди чагылдырууга тыюу салынган. Алар тууралуу жазмак тургай сүйлөшүүгө болбойт. 2010-жылдан кийин баары өзгөрөт деген үмүт болгон. Азыр ал үмүтүбуз таш капты. Учурдагы бийлик акаевдик ыкманы болбосо дагы, бакиевди ыкманы колдонуп жатканы анык.

Ошол эле учурда, биздеги эркин эмес сөз эркиндиги кошуна мамлекеттердин катарында алда канча алдыда тураарын танууга болбойт.  Кошуна мамлекеттерде, бийликтин пикирине каршы чыгуу кылмышка тете.

“Сөз эркиндиги адамдын дүйнө таанымына таасир берет”

Аделя Лаишева, Кыргызстандагы “Internews-Network” уюмунун өкүлчүлүгү:

Сөз эркиндиги адамдын дүйнө таанымына таасир берет. Ал эми бакубат жашоосуна, сөз эркиндигинин өлкөдөгү салмагы болгондо таасирин тийгизет. Бирок сөз эркиндиги жашоонун сапатына түздөн түз эмес, кыйыр таасир берүүчү фактор десек болот.

Айрымдар сөз эркиндигин – өзүм билемдик катары кабыл алышат. Мени пикиримде, бул туура эмес.  Ошол эле учурда биздеги сөз эркиндиги маалымат каражаттарынын ээлери тарабынан чектөөлөр коюлуп жатат.

Алгач “ой”, анан “сөз”, кийинкиси “чечим кабыл алуу”

Эмил Үмөталиев, “KyrgyzConcept» компаниясынын жетекчиси

Сөз эркиндиги коомдун бакубат жашоосуна түздөн түз таасир берет. Бул адамзаттын баалууктарынын эң негизгилеринин бири. Кыргыз элинин “кеңешип кескен бармак оорубайт”, “баш кесмек бар тил кесмек жок” деген макалдары илгертен болгон. Маанилүү маселени кыргыз эли илгертен эле кеңешип чечкен.

Сөздүн эркиндиги ойдун эркиндигин ээрчитип келет.  Сөз эркиндиги ойдун сапатын жогорулатат. Мындан кийин  чечим кабыл алынат. Кеңешип кабыл алынган чечим, албетте сапаттуу болот.  Алгач “ой”, анан “сөз”, кийинкиси “чечим кабыл алуу”.  Мындай система, биринчи кезекте элдин жашоо сапатына таасир берет.

Алгачкы эки президенттин тушунда кандай жашасак ошондой жашап келтабыз дегенге мен кошула албайм. Биздин турмушубузда өзгөрүүлөр бар. Аны салыштырмалуу байкасак болот. Азыр биздекуугунтук азыраак. Мурункуга салыштырмалуу эл өз оокатын өзү кылганга үйрөндү. Эл ичинде түрдүү өнөрлөр өсүп жатат.

Албетте, терс көрүнүштөр болуп атат. Ошолордукөрүп алып эле жашообуз өзгөрбөй атат деп ойлой беребиз. Чындыгында ошол терс көрүнүштөрдү сөз эркиндиги бар үчүн билип жатабыз. Биз негизи эле ушундай шартта жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Терс көрүнүштөрдү билгизбей, айтпай койсо дагы болмок, бирок андан жашоонун сапаты өсмөк эмес.

Сөз эркиндигинин  чеги жок болуп, аша чапканы бар. Бирок аны жөнгө салуууга аракет кылбаш керек. Аны коом өзү жөнгө салат. Кимдир бирөөгө жөнгө салууну тапшырса, ал албетте өз кызыкчылыгына иштейт. Эл өзү таразалап, керектүү маалымат каражаттарын өзү иликтеп алат.

Учурда толук сөз эркиндиги бар деп айтканга болбойт. Мурдагы системанын калдыктары жашап келтат. Маселен мамлекет маалымат каражаттарынын ишине кийлигишпеш керек. Ал сөз эркиндигинин өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган мыйзамдарды түзүп, анын аткарылышын көзөмөлдөп бериш керек.

“Жоопкерчиликке чакыруу сөз эркиндигин чектөөгө чейин өсүп жетиши мүмкүн”

Бурулкан Сарыгулова,  Азаттык үналгысы:

Кыргызстанда абсолюттук сөзэркиндиги бар деп айтууга болбойт. Бирок салыштырмалуу бүгүнойдун, сөздүн эркиндиги жашап жатат. Мамлекеттик азыркы саясатта ызы-чуу менен кеткен мурдагыэки бийлик тушундагыдай маалымат каражаттарына, журналисттерге ар кандай одоно кысымдарбайкала элек. Журналист кылчактабай, каалаганын жазып жатат.

Кылчактаткан жагдайлар кайсылар? Биринчиден, мамлекеттин карамагында турган айрыммаалымат каражаттары бийликтин таасиринен чыга албай, көз карандысыз иштөөгө кудуретсизболууда.

Экинчи жагдай, материалдык көз карандылык көптөгөн маалымат каражаттарынын кендирин кесип турат. Дүйнөлүк тажрыйбада редакциялык саясатка киришпей, сөз эркиндигинин өнүгүшү үчүндеп каражатын аянбай берген меценаттар, ири компаниялар, өкмөттөр аз эмес. Андай тажрыйбаКыргызстанда, тилекке каршы, калыптана элек. Ага жараша ишин сактап калгысы келген, нан тапкысыкелген жалданма журналист, каражаты жупуну, жалдаган журналисттерин баккысы келген медиа ээси же редактор тигил же бул кызыкдар тараптын камчысын чаап, басма сөз эрежелеринин ордунаматериалдык кызыкчылыкты алдыга чыгарууга аргасыз. Калп-чынды койгулаштырып жазып жататдеген нааразылыктын да төркүнү ушул жакта.

Албетте, мунун бардыгы кыргыз журналистикасынын калыптануу жолундагы балалык оору. Андан кандайдыр бир кескин чаралар, мыйзамдардагы илинчектер аркылуу кутулуу опурталдуу, жоопкерчиликке чакыруу сөз эркиндигин чектөөгө чейинөсүп жетиши мүмкүн.

Балалык оорудан кутулуу үчүн, менимче, журналисттин беделин көтөрүүгө күч үрөө керек. Эгер чын эле сөз, басма сөз эркиндигинин жашашына кызыкдар болсо, бийлик дагы, карылуу коомдук-саясийкүчтөр дагы милдет артпай, өз көмөчүнө күл тартпай туруп медианы сүрөгөнү оң. Журналисттин жана ал иштеген медианын баркы эркиндик менен кесипкөйлүктүтеңештиргенде, атаандаштыкка туруштукберүүгө кудуреттүү болгондо көтөрүлөт. Күчтүү медиасы, анны таптаган журналистиканын мартабалуумектеби түптөлмөйүнчө эл ишенгидей кынтыксыз, бейтарап, күмөн жаратпаган маалыматтарга ээ ачыккоомду түзүү жеңил болбойт.

Похожие записи