Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Свобода слова

Үч баскычтын доорундагы сөз эркиндиги тууралуу учкай кеп

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Эркиндик дегенде эсиме студенттик күндөр түшөт. Бизге философиядан сабак берген профессор Клара Ажибекова лекцияларда айтып калаар эле: «Эркиндик – бул койдой болуп, каалаган жакка отоп кетүү эмес, бул мыйзам ченемдүүлүк, мыйзамдарды туура колдонуу!» Эгемендүүлүккө жеттик деп кыйкырганда, башыбызга түшкөн, болуп көрбөгөндөй, эркиндикти эмне кылаарыбызды билбей, ошол эйфория менен кошо мүмкүнчүлүктөрүбүз артпагандыгын эми түшүнүп отурбайлыбы. Эл башындагылар эркиндикти бере коюп, итке  теңегендей каалаганча үрө бергиле, бирок анын чынжырын кыскартып, тамак-аш салынган мискейди да алыстатып койгондой эле болду.  Демек бул азаттык бийликтегилердин алсыздыгынан келген экен, себеби ар бир кыйкыргандын оозун тыя алмак эмес. Мына сага демократиянын жетишкендиги: каалагандай жашай бер, кыйкыра бер, бирок ал болгону ач кыйкырык белем!?  Тилекке каршы сөз эркиндиги калк үмүт кылган жакшы турмушка алып келбеди, жөн гана аткарылбас кыялдарга бөлөп-батырды. Атка минерлер эл мүдөөсүн орундатмак турсун, уккан да эмес, угууну да каалаган эмес. 20 жыл ичинде өлкөбүздө өзгөрүш да, бурулуш да байкалбай тургансыйт. Журналисттик практикадагы  үч мисалга токтолуп кетким келет.

«Мотуевди эфирден алып салгылачы!»

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин «Шаардыктар» телеберүүсүнүн түз эфирине саясатчыларды, саясат таануучуларды, экономист жана башка серепчилерди чакыра баштадык. Алар өлкөдөгү болуп жаткан процесстерге өз бааларын берүүгө аракет жасашкан. Телекөрүүчүлөр үчүн да өз-пикирин айтууга ачык теле аянтча, тактап айканда зор мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошол күндөрү анык шоу жаратуу максатында «Жоомарт» кыймылынын жетекчиси, өзүнүн стандарттан алыс ою бар, ары ызы-чууга жакын Нурлан Мотуевди чакырууну туура таптык. «Көмүр королу» аталган Мотуевдин катышуусундагы  түз эфир алдын-ала белгисиз, эрежесиз оюнга айланып кетээрин эске бекем туттум.  Кокус стакандагы сууну чачып жиберсе же микрофонду  жулуп, «кеттим» дегенге барса да моралдык жактан даярдыгым бар эле. Бирок мен ойлогон кокустук, күтүлбөгөн жактан келип түштү. Албетте, Мотуев бийликти сындай турганын билгем, бирок атайылап суроо камдаган эмесмин. Максатым –  студиядагы мейманды инсан, коомдук ишмер катары элге башка ракурста таанытуу эле. Бирок алгач аны тааныштырганда эле  “ызы-чуу коштоп жүргөн саясатчы” катары да билебиз деп, Мотуевдин мүнөзүнүн агрессиялык тарабын козгоп алдым. Суроолорума ызырынып, үнүн бийик көтөрүп жооп кайтарып жатты. Анын айтымында, эл арасында андай пикир жараткан журналисттер өздөрү  күнөөлүү экен, көрсө. Мен андан токтоо жооп берүүсүн сурандым. Көрөрмандарды анын жеке турмушу, кимди жумушка алаары, кандай блогдорду алып барат, ошондой эле жакынкы учурда эмне менен алектене тургандыгы кызыктырды. Мотуев өзүнүн манерасына жараша маскаралоо жана айрым учурда кайдыгер маанайда жооп берүүгө өттү. “Мен көмүрдү элге бекер тараткам”, –  деп мактана баштаганда, мен: бул өзүм билемдик болуп эсептелинет, деп эскерттим, тагыраак айтканда, “Кара-Кеченин” көмүр кенин басып алуу дедим. Мына дал ушул жерден ток-шоу “кульминациялык” чекитине жетти. Өзүнө оор дем киргизип туруп, бир аз токтоп, камера тарапка карап: “Убактылуу өкмөттүн жанында мен жөн эле периштемин!”,-деп ышкыргандай эле болду. ”Периште” деген сөздү ал дагы бир жолу кайталап, “убактылуу өкмөт” анын түшүнүгүндө бийликти басып алуучулар экенин белгиледи. Мен аны ачууланган абалдан чыгаруу үчүн, суроо узаттым: «Элестетип көрүңүзчү, сиз бир кулинардык ток-шоуда катышып жатсаңыз, кандай тамакты жасайт элеңиз?”, – бул суроого, “пловдон” башка баардык тамактарды жасай ала тургандыгын жооп берди. Мотуев тамактын түрүн жасаганды билет экен, убактылуу кармоочу жайда манты түйгөндү да үйрөнүптүр. Бул маалда, менин кулагымдагы микрофонго режиссер кыйкыра баштады: ”эфир аяктады, коштош!” Мен жылмайып туруп: ушуну менен биздин көрсөтүүбүз аягына чыкты, Нурлан Аманканович сизге ыраазычылык билдиребиз”. Менин коногум буга таң калып, эфир учурунда “азыр дагы эрте да”, -деп сүйлөнүп алды. Мен дагы бир жолу рахматымды айтып, берүүбүздү жыйынтыктадым.

Ошентип биздин  көрсөтүү бир нече мүнөткө эрте бүттү. Мотуев кеткенден кийин, мага башкы редактор Президенттик администрациядан телефон чалуу болуп, Мотуевди эфирден алып салууну айткандыгын билдирди. Эмнеси менен ал Ак Үйгө жакпай калды, деп, мен сураган жокмун, анткени ансыз деле түшүнүктүү болчу. “Убактылуулардын”  – утурумдук өкмөттүн маалы сөз эркиндиги, анын абалынын жакшырып, баардыгы эркин үшкүрүшкөндүгү менен эсте калат. Муну менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарына эскертүү  иретинде “дыкат болуу керек, араң турган бейпилдигибизди, тынчтыгыбызды бузуп албайлы, абайлап жазгыла” деген сөздөр менен да эсте калат. Бул мааниде өзүн “периштемин” деп эсептеген Мотуевдин сөздөрү – уратуучу сөздөр катары кабыл алынгандыр, балким.  Ал дагы бир нерсени кокус сүйлөп жибербесин деп, ачык теле аянттан алып салууну чечишкендир?!

 “Жашагым келет!”

Эфирден  алып салуу же таптакыр көргөзбөй коюу. Ар бир редакцияда мындай “кара тизмектер” болот же буга чейин болуп келген десем жаңылышпайм.  Тизмектин курамына оппозиционерлер же жаңы пайда болгон оппозициячыларды киргизишет, айтсак Феликс Кулов премьер-министрликтен отставкага кеткен убакта ушундай “кара тизмекти” толуктаган. 2007-жылы, февраль айында Феликс Кулов оппозициячыл күчтөрдү бириктирип, аларды башкаруу демилгесин билдирип чыккан. Анын максаты – президент Бакиевдин отставкасы, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жана конституциялык реформаны жүргүзүү эле. Мен анда НТС телеканалынын жаңылыктар бөлүмүндө журналист болуп иштечү элем. Куловдун билдирүүсүн биздин чыгармачыл топ тартып, материал жасашты. Кечки орус тилдеги эфирге 2-3 мүнөт калганда, мага президент Бакиевдин басма сөз кызматынан кесиптешим чалып, ошол маалыматты бересиңерби  деп кызыгып калды. Мен ага сөзсүз берээрибизди айтып, ал эмес биздин каналды көрүүнү сунуштадым. Кабинетте мен дагы кечки эфирди көрүүгө камданып жаткам. Андагы эң биринчи маалымат албетте Куловдун билдирүүсү болмок болчу. Мен телефон аркылуу сүйлөшүүнү улантып, эфирди көрүп жаткам. Диктор текстти окуп бүткөн, ал эми Ф.Куловдун интервьюсу ортосуна жеткенде үзүлүп, көк фон экранда пайда болду. Мен бул жагдайга күлүп, кесиптешиме: силердин реакцияңар ушубу?- деп тамашаладым. Ушул эле маалда ошондогу шеф-редакторубуз кабинетке чуркап кирип келди. Толкунданган, өңү купкуу. Болгону, демин токтотуп, араң үнү менен: Кесиптештер, бул эмне кылганыңар? Мен жашагым келет! – деди да, жооптуу редакторлор отурган тарапка чуркады. Мындай маалыматтын кандай реакция алып келээрин ал түшүнгөн эмес, көрүнөт ал убакта. Билишимче, шеф-редакторго чалып, коркутуулар болгон. Бакиев доору чындыгында “коркунучтуу доор” катары тарыхта калаар. Кабарчылар өзүнүн тагдыры, жакындары үчүн кооптонгон. Буйрутма өлтүрүүлөр, мунун катарында журналисттердин өлүмү дагы буга мисал. Айрым адамдар башка мамлекеттерден баш баанек издеп, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болуп жатышты. Менде, кесиптешим менен почта аркылуу жазышууларым сакталган. 2007-жыл, 15-апрель. Ал АКШнын мамлекеттик департаментинин программасы менен ал жакта жүргөн кези эле. Каттан бир үзүндү: ”АКШ келечектеги Саакашвилилерди даярдоону улантып жатабы?! (күлдүм) дегеле АКШ сага жактыбы? Бизде саясий оюндар күчөп, кайнап жатат, мен болсо ”саясатташтырылган бантиктерди” жасап жатам, лицензияны алып, жаап салышпасын деп. Эми биз бардык саясий нерселерди белгилүү өлчөмдөрдө берүүгө өткөнбүз. “НТС” мурункудай болгонун болгондой көрсөтпөй калган”. Бул кат ошондогу мамлекеттеги абалды чагылдырып берет.

 Өлүм алдындагы жан талашуу

“Өлкөдө шумдуктуудай окуялар өтүп жатса, кантип үйдө олтурасың”, – деп менин кесиптешим 2005-жылы 20-мартта сөз менен чымчылады – же “Кабар” андай жаңылыктарды бербейби?

Мен анда улуттук “Кабар” агенттигинде жооптуу редактор болуп иштечүмүн. Өлкөнүн түштүк аймагында, чындап эле, абал курчуп, Аскар Акаев Ошту жоготту  деп калганбыз. Муну ал аймактагылар жана интернет-ресурстарынан алынган маалыматты окугандар гана  түшүнгөн. Калган республиканын атуулдарынын кабары жок эле. КТР ал учурда эмнени көргөзүп жаткан? Мамлекеттик телеберүү өлкөдөгү митингдер боюнча бир беткей маалымат тараткан. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов  жана президенттин басма-сөз катчысы Абдиль Сегизбаевдер теледен түшпөй, КТРдин түз алып көрсөтүүсү аркылуу Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ”мародерлук”, “талкалоо” жана “экстремисттик” маанайдагы көрүнүштөрдү берип жатышты. КТРдин жамааты “бир тараптуу маалыматтарды пайдаланып, аларды берүүгө мажбурлоо” аракеттерине нааразы болуп, кат жазышкан. 23-мартта кечинде, КТР түштүк аймагында болуп жаткан кырдаал боюнча алгачкы жана объективдүү берүү камдашкан. Бирок ал эфирде жүрүп жатканда, белгисиз себептер менен токтотулган. КТРдеги ички тирешүүлөр башталып, жаңылыктар кызматы маалыматтарды объективдүү көргөзүүгө аракет кыла баштаган. Ал эми ушул эле учурда президент Акаевдин басма сөз катчысы Абдиль Сегизбаев 24-мартка бир-эки күн калганда  “Кабар” маалымат агенттигинин “туруктуу” коногу болуп калган. Журналисттер алдында да, бош залдагы КТРдин жалгыз камерасынын алдында да жеке маалымат жыйындарын өткөргөн.  Кокусунан жыйын залынан муну көрүп калып, мындай кадамдарга таң калгам. Бир нече сааттан кийин гана, мындай билдирүүлөр кандай максатта даярдалганын түшүндүм. Анын сөздөрү жана башка басма сөз жыйынындагы топтолгон кадрлар монтаждалып, элге таратылган. Саясат таануучулар буга ”калктын башын айлантуу” деген ат берген. 23-мартта А.Сегизбаев журналисттерди чогултуп, республикадагы кырдаал боюнча маалымат берди. “Түштүк аймагындагы кырдаал мамлекеттик төңкөрүш жасоо, бийликти бузукулар тарабынан тартып алуу катары баалап, бул абал үчүнчү күчтөр тарабынан көзөмөлдөнүп жатканын”, – билдирди ал. Ал күчтүн – бийликке жулунгандардардын – кылмыштуу элементтер, баңгимафиясы менен байланышы бар, деп Президенттин басма сөз катчысы маалымдаган. Сайттарга бул кабар чыгаары менен, Сегизбаев өз сөздөрүнүн чагылдырылышына канааттанбай жатты. ”Кабардын” журналисти ошол күнү бир текстти бир нече жолу оңдоп, башкача жазууга мажбур болду. Маалымат бир нече жолу жазылып, ошончо жолу оңдоп чыгарууга мажбур болгонбуз. Менин кол алдымда иштеген кесиптешимдин айтымында, А.Сегизбаев телефон аркылуу “ачуулана кыйкырып, кандай жазып, эмне кылышты  буйрук берип жатты”. Байкуш кабарчы ал күнү бир кутудан көп чылым чегип, ар бир телефон чалууда так секирип, үн катпай, катчынын айтканын айткандай аткарды. Өзүнүн айткан сөздөрүнө кайра кыжырданып жатканы, бул адамдын эмоциялык абалынан кабар берип турду.  Ал талап кылгандай жазылганы менен, башка маалымат агенттиктери маалыматты А.Сегизбаев кандай айтса, болгонун болгондой берээрин түшүнүп, чыгарган маалыматына ыңгайсыз болуп, “башкалардын бетин кантип карайм”,- деп кабатырланды.  Жалпысынан биздин редакцияга 24-мартта Ала-Тоо аянтындагы митингдин күч алып баштаганы менен аны таптакыр чагылдырбоо буйругу түшкөн. «Кабар» күндүн биринчи жарымында, “Борбор калаада контрафактуу парфюмерия жана косметика толуп кетти” деген маалыматтарды берип туруп алды. Ал эми саат үчтөр чамасында гана “Кабардын” фотокабарчысынын маалыматына таянып, Өкмөт үйү штурм менен басып алынганын, нааразыланган митингчилер президент Аскар Акаевдин кабинетинен президенттин желегин желбиретип көтөрүп жатышканын билдирдик. Андан кийинки эки күн биз үчүн, менен пикиримде,  абсолюттук сөз эркиндик заманы болду деп эсептейм. «Кабар» улуттук агенттиги  алгачкылардан болуп Куловдун бошотулгандыгын, Акаевдин өлкөдөн качышын, анын элге кат менен кайрылуусун жазып чыкты. “Биз түшкө чейин Акаев боюнча маалымат берип, түштөн кийин Бакиев жөнүндө кабар берип”, – бул жагдайга өзүбүз да тамашалап күлөөр элек. Бирок бул абал көпкө узабады. Биздин эркиндигибиз “Улуттук банктын Жалал-Абаттагы филиалынан Бакиевдин туугандары тарабынан акча уурдалгандыгы” боюнча маалыматты сайттан алып салуу буйругу менен аяктады. Бакиевдин алгачкы маалымат жыйынында, андан француз журналисти – мурунку Президенттен эмнеңиз менен айырмаланасыз – деген суроого, Курманбек Бакиев так жооп бере алган эмес. Көрсө, ошондо бир авторитардык система, кийинкисине алмашып, бийликке келген адам өлкөдө эч нерсени алмаштырууну каалабагандыгы биринчи эле кадамдардан айкын байкалган. Ал биринчи күндөрдөн тарта диктатурасын бекемдей баштаган.

 Соңку сөз ордуна

Учурда кыргыз тилиндеги жалпыга маалымдоо  каражаттарында Коомдук биринчи каналынын журналисттеринин билдирүүлөрү чыга баштады. Кыргызстандын президентинин маалымат саясаты боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Абдиль Сегизбаев (!) алардын редакциялык саясатына кийлигишип жатканын, Атамбаевге тиешелүү тексттерди жеке өзү текшерип жатканын билдиришкен. Мен мындай болуп жатканына чын жүрөктөн ишенгим келбейт.  Анткени акылман адам мурунку катачылыктан сабак алып, анын кайталанбашына аракет кылат. Журналистерди басмырлоо, буйрутма тексттер, бир тараптуу маалымат берүү, бир сөз менен айтканда тенденциялуулук  – мунун баары башыбыздан өткөргөнбүз. Акыркы эки жыл ичинде эркиндиктин демин сезген коомдук каналдын кызматкерлери, мындан соң бирөөнүн көрсөтмө-айтканын угуп, ийилүүнү каалабайт дейм. Бүгүн болбосо эртең, эгер “илгерки жагдай” чындап эле кайталанып жатса, алар ачык айтып чыгаарына ишенем. Унчукпай, сүйлөбөй коюуга болбойт. Президент Алмазбек Атамбаевдин жакындагы сөздөрүнөн мага жагымдуу жери эсимде калды: эгер сен саясатчы болсоң, сен ЖМКынын сынына, жамандаган кептерине кабылууга даяр болушуң керек.

Ирина Хакамаданын “Чоң саясаттагы sex” китебинде мындай сөздөр кездешет: теледеги эң ыңгайлуу, таарыныч жаратпаган жанр – үй кожойкелери үчүн ток-шоу. Бирок мында да айрым суроолордон менин көңүлүм айнып баштады: Саясатчылар арасында кимиси сиздин оюңуз боюнча өзгөчө сексуалдуу? Бирөө жарымды атасаң  – ошол убакыттан тарта ал адамды сага ойнош кылып коюшат. Ал эми эч кимди атабасаң “кумар сезимдеринен алыс” адамдардын катарына киргизип коюшат. Туура жооп: Владимир Владимирович Путин. Мында соң, баары сени жайыңа коюшуп, эч нерсени такташпайт”.

Журналисттер, мындай кылуунун кереги жок. Такташ керек, бийликтегилерди жайына койбош керек! Жагдай жаралса ар дайым айтып, сындап туруш керек. Калктын сөзү, кыйкырыгы бийлик башчылары үчүн Шералы-хандын эски чокойундай функция аткарышы керек. Ар дайым өткөн күнүн эскертип, унуткардыртпай туруш үчүн, ар дайым кайдан жана эмнеге келишкендиктерин эстеп жүрүү үчүн! Анткени, жалпыбыз үчүн ЭРКИНДИК өтө көп кан төгүү менен келди. Унутпайлы…

Сыягүл Караман,  атайын “Journalist.news” гезити үчүн

Похожие записи