Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Сот системасынын ЖМК менен өз ара кызматташтыгы

Сот системасынын ЖМК менен өз ара кызматташтыгы

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Заманбап дүйнөдө маалыматка ээ болбогон адам ийгиликтерге жетпеши анык. Бирок, маалымат агымынын тереңинде эки милдет турат: биринчиси – ишенимдүү уникалдуу маалымат алуу жана аны кызыгып окугандардын санынын көп болушуна жетишүү. Кандай гана оперативдүүлүк болбосун, кабарчылар маалыматты тактап, текшериши керек жана бул үчүн расмий булактарга, тактап айтканда, басма сөз кызматтарга кайрылышат. Анткени мамлекеттик органдар коомдук маанилүү маалыматтардын негизги булагы болуп эсептелет.

Бир маалыматтын ар кандай багытта берилиши

Бүгүнкү күндө интернеттин кыргыз сегментинин колдонуучулары жөнөкөй билдирүүлөрдөн тартып олуттуу болгон лонгриддерге чейин ар кандай сапаттагы маалыматтарды сиңирип жатышат. Бул көрүнүш маалыматты керектөөчүлөрдүн деңгээлинин айырмачылыгын жана ЖМКнын ар түрдүүлүгүн көрсөтөт.

Бардык ЖМКда чыга турган маалыматтардын арасында сот тутумуна байланышкан кабарлар болот. Маалымат керектөөчүлөрүнө ким, эмне үчүн жана канча жылга кесилгендиги, же болбосо канча айып пул салынгандыгы туурасында соттун өкүмү кызыктырат. Мисалы ажырашууга байланыштуу соттук иш Сот үчүн, балким, катардагы жарандык иш болушу мүмкүн, а бирок бул иш эстрада ырчысына тийиштүү болсо, анын күйөрмандары үчүн бул кумирдин жеке жашоосундагы маанилүү окуя, алардын кызыгуусун жарытышы ыктымал.

Мына ушул жерден сот органдарындагы басма сөз катчылар менен журналисттердин ортосунда өз ара алака-мамилелер башталат. Айрым кабарчылар сот залынан түз маалымат берүүгө аркеттенишсе, айрымдарына соттун өкүмү эле жетиштүү болот, дагы башкалары журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүшөт, кээ бир журналисттер соттошкондордун жакындарынын айтымында деп ушактарды таратышса, айрымдары бир тараптын эле көз карашын чагылдырат.

Дагы бир маселе – уникалдуу маалыматты тез арада алууга умтулган журналисттер, аны издөөнүн ар кандай жолдоруна барышат жана расмий булактардан ырасталышын күтүп отурбай чыгарып салган учурлар да көп кездешет. Ал эми такталбаган маалымат чыгып кетсе, аны төгүндөгөн материалды окугандардын саны кыйла азыраак болорун жашоо көрсөтүүдө. Ушундан улам сот системасы, андагы каармандар туурасында чындыкка дал келбеген маалыматтар чыгып кетип жатат.

 

Кадрлардын жетишсиздиги

Бардык редакцияларда жалпы бир көйгөй бар – бул сот тутуму, судьялар жана сот актылары туурасында жазган, бул темаларага адистешкен штаттык кызматкерлердин жоктугу.

«Общественный рейтинг» гезитинин башкы редактору Айбек Чекошевдин пикири боюнча, өлкөдө жогоруда айтылган, сот темасына адистешкен кабарчылар жок.

“Кандайдыр бир өкүмдөргө байланыштуу соттук чечимдер, соттордун чуулгандуу чечимдери боюнча туура эмес маалыматтар социалдык түйүндөр, басылмалар жана санарип ЖМКлар аркылуу чыгууда. Сот системасын түшүнбөгөн адамдар маалыматты бурмалап берип жатышат. Ал эми аны алган калк өз тыянагын чыгарууда. Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиеванын ЖМКлар менен болгон акыркы ар жылкы жолугушуусунда биздин өлкөдө сот кабарчылары жетишсиздиши тууралуу абдан кызыктуу тема көтөрүлгөн. Чындыгында, биздин өлкөдө муну эч ким окутпайт. Бизде иш жүзүндө буга адистешкен бир дагы журналист жок ”, – деди Айбек Чекошев.

Чындыгында журналисттердин арасында юридикалык билими барлар дээрлик жок. Ушундан улам маалымат берүүдө каталар кетип жаткандыгын байкаса болот.

Күнүгө бизге журнаисттер ар кандай суроолор менен кайрылышат. Алардын көбү интернет сайттардын журналисттери, телевидениедеги жаңылыктарда иштеген кабарчылар жана башкалар бар. Алгач алар тигил же бул сотук отурум качан болорун, конкреттүү иш боюнча чечим, интервью сурап кайрылышат. Буга чейин журналисттер менен кичине түшүнбөстүктөр болуп келген. Мисалы, журналисттер соттук коллегиянын жана тараптардын уруксаты жок эле сот залына киргизүүнү бизден талап кылышчу”, – деп белгиледи Жогорку соттун аппарат кызматкери Изати Шугуралиева.

Биздин өлкөдө журналисттерге жана байкоочуларга ачык сот отурумдарына катышуу укугу берилген. Көбүнчө аларга сот залында видео жана сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк алышкан. Ал эми айрым өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, Улуу Британияда кабарчылар сот имаратынын жанында гана туруп маалымат бере алышат.

Юридикалык терминдердин татаалдыгынан, аларды билбегендиктен соттун чечимдери жарандарга түшүнүктүү боло бербейт. Көп учурда соттор мындай иш ушундай чечимдин негизинде кабыл алынды деп гана билдирилет. Дагы да ар бир журналист жана редакция муну өз ыкмасында жазышат. Бири кимдир бирөө жазаланды деп жазса, башкалары аны актаган жок деп жазышат, же иш кайрадан каралат деп бериши ыктымал.

 

Абалды жакшыртуунун жолдору

Жогорку соттун өкулдөрү ушул багытта өз аракеттерин жасап келишет.

“Бирок, азыр бир катар жылыштар жана ийгиликтер бар: жыл сайын Жогорку сотун төрайымы ЖМК өкүлдөрү менен жолугушат, “Сот системасынын ЖМК менен өз ара кызматташуусу” аталышындагы колдонмо чыгарылган. Мындан тышкары, журналисттерге оперативдүү маалыматтарды берип туруу үчүн атайын вотсапта сот системасын чагылдарган ЖМК өкүлдөрүнүн атайын тобу бар”, – деп билдирди И.Шугуралиева.

Чындыгында “Сот системасынын ЖМК менен өз ара кызматташуусу” деген аталыштагы колдонмо журналисттер үчүн жакшы жардам бере алат.

«Журналисттер иш-чараларды чагылдырууда жана ар кандай материалдарды даярдоодо ченемдик укуктук актыларга баш багышы үчүн, бийликтин бир дагы бутагы буга окшогон колдонмо чыгарышкан эмес. Айрыкча сот тутумунда көп нерсе катуу жөнгө салынган. Журналист материалды чагылдырып жатканда, өзүнүн сабатсыздыгынан улам кээ бир нормаларды жана талаптарды туура эмес жазып алышы ыктымал. Мисалы, судьялар мыйзамга ылайык, соттук акт тууралуу комментарий бере албайт. Журналист дагы каалаган жерден сүрөткө же видеого тарта албайт. Анткени, тараптардын бири буга макулдугун бербей коюушу мүмкүн” – дейт vb.kg интернет порталынын башкы редактору Бакыт Стамов.

Ал эми Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белековдун пикиринде, сот органдары өздөрүнүн электрондук гезитин чыгарышы керек.

“Сот бийлиги өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар, кабыл алынган соттук актылар, кызыктуу статистикалык маалыматтар камтылган электрондук басылманы чыгарса болот. Мындай гезит соттун чечимин, судьяларга тиешелүү болгон маалыматтарды объективдүү жеткире алмак”, – дейт Барктабас Белеков.

Гүлжан Алтымышбаева

Похожие записи