Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Нигериялык басылма бизнес-отчеттуулукка жаңы ыкма колдонот

Нигериялык басылма бизнес-отчеттуулукка жаңы ыкма колдонот

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Өнүгүп жаткан өлкөнүн экономикасы нигериялык жаңылык жеткирүүчүлөрдүн көнүл борборунда турушу керек. Бирок саясий маселелер ар бир кадам сайын көңүл борборунда турат. Гезиттер, теледеги бизнес-бөлүмдөр жана маалыматтык бюллетендер, пресс-релиздер, биржалык маалыматтар жана экономикалык саясат тууралуу белгисиз билдирүүлөргө толгон. Stears Business – бул экономика жана бизнес жөнүндө ар тараптуу түшүнүктөрдү сунуштаган жана жаңы баяндама түзгөн нигериялык санариптик басылма.

Басылманын иши нигериялык кесипкөйлөр тобу Престон Идех, Абдул Абдулрахим, Фолусо Огунлана жана Майкл Фамороти 2017-жылы Улуу Британияда, Лондон экономика мектебинде окуп жаткан кезде башталган. Ал жарык көргөндөн тартып, студенттер арасында белгилүү болуп калат. Анда Нигерия экономикасы тууралуу укмуш талдоолор жасалат.

«Сиз жаңылыкты окудуңуз, эми аларды түшүнөсүз», – жаңылык агенттигинин чакырыктарынын биринде ушундай айтылат. Анын отчеттуулугу мурда болуп көрбөгөндөй өтө зарыл көйгөйлөр тууралуу же экономика боюнча толук отчет түрүндөгү кошумчаланган маалыматтарды сунуштаган аналитикалык маалыматка багытталган.

Stears Business басылмасынын башкы редактору Токунбо Афикуёми, алар көп сандаган ынтызар жана ойчул студенттер, ошондой эле, жаш кесипкөй аудитория үчүн жазышаарын айтат.

«Биздин баа боюнча, биздин аудиториянын 15% – студенттер. Алар кырдаалга жараша бакалавр же философия доктору даражасын ала алышат», – дейт ал.

Stears Business макалаларынын жардамы менен жаштар эми акчалай агымдар экономикада кандай жүгүрө турганын жана экономикалык саясат алардын жана мамлекеттин кирешесине кандай таасир тийгизээрин финансы секторудагы кеңири тажрыйбасы жок эле түшүнө алышты.

Басылма экономисттер, инвесторлор жана ынтызар нигериялыктар арасында белгилүү болду. Stears 2017-жылы Stears Data ишке киргизүү менен Bloomberg маалымат кызматын кайра иштетүүгө умтулууда. Сайт ишканалар менен өкмөттөргө маалыматтарды изилдөө кызматын сунуштайт жана ошол эле баштапкы Stears бренди алдында иш жүргүзөт.

Stears Business пандемия шарттарында StearsPremium – катталуу моделин ишке киргизди – ал болгону төрт басылма иштеген Нигерия үчүн эң жаңы бизнес-модель болуп калды.

 

Экономика боюнча ар түрдүү отчеттуулук

Stears Business башка басылмалардан айырмаланып, ар бир окуяга көп убакыт бөлүүгө жөндөмдүү. Нигериялык белгилүү башка Business Day басылмасы дагы журналисттерден тышкары экономисттерди, энергетикалык талдоочуларды жана башка адистерди жалдайт, бирок бул гезит өзүнүн барактарын жаңылыктар менен толтурушу зарыл. Анын бир макала үчүн бир жумага чейинки убакыт жоготууга шарты жок.

Stears Business ишемби, жекшембиден башка иш күндөрү болгону бир макала жарыялайт, бул кызматкерлерге окуяны толук баяндап берүүгө жетиштүү убакыт берет. Stears Business макалалары абдан терең тамырлаган маалымат журналистикасы менен катыкталган, андан маалыматтар визуалдаштырылбаган макалаларды сейрек гана көрүүгө болот.

Басылманын чакан жаңылыктар бөлүмү бар, аларда болгону төрт финансылык журналист, башкы редактор, редактордун орун басары жана өнүм боюнча менеджер иштейт.

Stears Business журналисттери жана жаңылыктар бөлүмүнүн кызматкерлери

«Бүткүл редакция айкын ой жүгүртүүгө өтө олуттуу карайт. Бул окуяны түзөт же аны сындырат. Биздики өлкөдөгү эң «жайбаракат» жаңылыктар бөлүмү экенин жашыруун эмес», – дейт Афикуёми. «Жай дегенибиз, биздин күнүнө 200 эмес, бир макала жарыялаганыбызда. Бул биздин чоң максатыбыздын бир бөлүгү жана азырынча бардыгы жакшы».

Афикуёми ошондой эле, басылманын ийгиликтерин журналисттерди эксперт кылуу үчүн эмес, тармактык эксперттерди тартып, аларды журналист кылыш үчүн окутканы менен түшүндүрөт.

Өнүм боюнча Stears Business менеджери Иветт Димири, Stears Business басылмасындагы окутуу – бул маданий иш-чара эместигин түшүндүрдү. Журналисттер Stears бизнес-стилине, ошондой эле, көйгөйлөрдү чечүүнүн жана сынчыл ой жүгүртүүнүн менталдык моделдерин изилдеп үйрөнүүгө багытталган окутуудан өтөт.

 

Төлөш керек болгон журналистика

2018-жылга чейин Stears Business абдан арзан модель болгон. Аларда толук айлыкка иштеген калемгерлер жок болчу жана макала түзгөн жазмакерлерге акы төлөшчү эмес. Анын ордуна калемгерлер тармагы макалаларды бекер түзүп берчү. Модель өзгөрдү жана каржылоонун кошумча мүмкүнчүлүктөрү басылманын өсүшүн камсыздады. Ушул жылдын башында Stears Business өзүн Нигериядагы дезинформацияга каршы күрөшкөн компания катары мүнөздөгөн Luminate Омидьярдан баштапкы каржылоо катарында 600 000 АКШ доллар каражат тартты.

Ушул жыл Stears дагы катталуу моделине өтүүнү чечти, анткени жактыруу басууларга негизделген салттуу моделдин ага кереги жок эле.

Stears басылмасынын үч катталуу топтому: айлык, кварталдык жана жылдык жазылуулар бар, алар мөөнөтүнө ылайык, 10, 27 жана 99 АКШ доллары турат.

Айрым контенттер бекер сунушталган менен «Премиум» белгиси бар макалалар катталуучуларга гана жеткиликтүү. Болгону бир нече гана макала акы төлөгөн талапка туура келбейт жана аларды «окуу акысыз» деп белгиленген. Премиум-макалаларды штаттагы журналисттер жазат, ал эми акысыз окула турган материалдарды эркин авторлор даярдайт. Ушул моделдин арты менен басылма мурдагыдай эле кеңири аудиторияга сын макалаларды жеткирет. Мисалы Нигериядагы #EndSARS кыймылы убагында Stears Business протестер жөнүндө макалаларды жарыялаган жана алардын бардыгы акысыз болгон.

Анын ар бир акы төлөнгөн макаласы Stears Business басылмасында толук иш күнү менен иштеген штаттык жазуучулардын бири жазган маалыматтык бюллетень менен коштолот. Авторлордун ар түрдүүлүгү жана маалыматтык бюллетендин маек түрүндөгү мүнөзү журналисттер менен окурмандардын байланышын күчөтөт.

Катталуу моделинин көйгөлөрүнүн бири, көптөгөн нигериялыктардын жаңылык үчүн төлөөгө көнө электигинде. Өлкөдө үч гана басылма жазылуу моделин колдонот. Алар: Business Day, The Republic жана Weetracker (Нигерияда кеңсеси бар панафрикалык басылма). Бирок Димири: «Баяндоо жай өзгөрөт жана адамдарга жазылуу жөнүндө чечим кабыл алууга жардам бериш үчүн биз башка эч жерде табууга мүмкүн болбогон контентти жеткирүүнү улантабыз», – дейт.

«Калктын басымдуу бөлүгү кирешесинин 60%дан ашыгын азык-түлүккө короткон чөйрөдө иштөө абдан татаал», – деп кошумчалады ал. «Биз маалыматтарды жана изилдөөлөрдү пайдалануу менен бул көйгөйдү чечебиз. Өзүбүздүн колдонуучулар менен сүйлөшүүдө абдан ынтызарбыз жана убадаларыбызды аткаруу жана алардын күтүүсүн кантип актай алаарыбызды түшүнөбүз».

Димиринин айтымында, эмне үчүн акы төлөш керектигин аудиторияга түшүндүрүү үчүн команда дайыма контент менен тажрыйба жасайт жана маалыматтарды изилдейт.

«Stearsng.com сайтында аккаунт түзгөн адамдардын 70% ошол эле күнү катталат. Бул концепцияны эң мыкты тастыктоо жана биз калган катталуучулар орточо эки жума аралыгында жазылаарын билебиз», – дейт Димири.

Stears Business – жазылуу программасы менен иштеген төрт басылманын бири болсо дагы, алар муну катталуучуларын саны боюнча мелдешүү катары карашпайт. «Бул биз эңсеген баскыч. Биз ушул окурмандарга фантастикалык тажрыйба жеткирүүгө көңүл топтоп турабыз», – дейт Димири.

Султан Куадри – Лагоса мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин нигериялык студенти жана People’s Check басылмасынын негиздөөчүсү.

Сүрөттөр калемгер тарабынан өз каалоосу менен берилди.

Макаланын түп нускасы.

Похожие записи