Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кыргызстандыктардын подкасттары

Кыргызстандыктардын подкасттары

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) өздөрүнүн материалдарын интернет желесине жайгаштыра баштаганда, эфирден уктурулган радио-программаларды да интернеттен кайталап угуу мүмкүнчүлүгү жаралган. Ошентип, аудио-материалдар подкаст катары тааныла баштаган.

Подкастинг деген термин эмнени түшүндүрөт?

«Подкастинг» терминин британ журналисти Бен Хаммерсли 2004-жылы ойлоп чыгарган. Бул сөздү ал broadcasting (берүү, таркатуу) жана iPod сөздөрүнөн жасап чыгарган. Журналист жаңы терминди Apple плеерлерине аудиофайлдарды жүктөө мүмкүнчүлүгүн берген жаңы технологиялык көрүнүштү аташ үчүн колдонгон.

Подкаст – бул кадимки радиоберүүлөр сыяктуу, бирок интернетке жайгаштырылган уктуруу. Аны интернеттен көчүрүп алып, же онлайн укса да болот. Кайсы жерден токтотулса, кийин ошол эле жеринен уланып кетет. Подкаст жасаган адамды «подкастчы» деп атап коюшат.

 

Кыргызстандагы подкасттар

Кыргызстандагы салттуу медиалардын ичинде биринчи жолу подкаст платформага продукциясын “Азаттык” радиосу 2012-жылы “Аудиожомоктор” деген аталышта чыгарган. Бирок ал учурда подкаст угуу тренд эмес болчу.

2019-20-жылдары кыргызча подкаст жанданды. Салттуу медиадан “Биринчи радио” Памир кыргыздарынын жашоосун сүрөттөгөн “Ысык нан” подкастын чыгарган.

“Азаттык” радиосу бир катар подкаст каналдарды ачканын жана пландап жатканын подкасттар боюнча продюсер Санжар Эралиев баяндап берди:

«Кыз-келиндердин укугуна арналган “Аялзат” подкасты; коомдук, социалдык, маданий темаларга арналган “Ачык Time” подкасты; диний темаларга багытталган “Биз жана дин” подкасты; үлгүлүү, башкалардан айырмаланган көз карашы бар кишилер жөнүндө “Азыркы кыргызстандык” подкасты чыгып жатат. Жакын арада маданияттын, адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн интервьюлары камтылган “Сыябан” подкастын чыгаралы деп турабыз. Биз адегенде подкастты өзүбүздүн azattyk.org сайтыбызга илебиз. Аны дароо гугл подкаст менен айтюнска туташтырып койгонбуз. Продукциябыз бир эле учурда сайтта да, подкаст платформаларда чыгат», – деди Санжар Эралиев.

Google podcast, iTunes ж.б. платформаларда канал ачып, даярдаган подкасттарды жайгаштырып турса болот. Аталган платформаларды плеймаркет жана Apple аркылуу жүктөп алса болот.

Элмурат Аширалиев алгачкы подкастчылардын бири. Башында «Аңда» деген аталыштагы подкасттын бир чыгарылышын даярдаган. Бул подкаст коомдук-саясий абалды өзү тереңирээк түшүнүү жана коомчулукка түшүндүрүүгө арналган.

«Алгачкы «Аңда» подкастын даярдоого көп убакыт, ресурс, изденүү жана эмгек жумшалды. Негизи, чет өлкөлөрдө подкасттарды даярдоого чоң команда иштешет да. Жалгыз иштеп, жумшаган аракетим өзүн актабачудай көрүндү. Бир чыгарылыштан кийин токтотуп коё турдум. Балким кийинчерээк улантам. Андан кийин өзүм жалгыз эле жасай ала турган «Киши» деген подкастты чыгара баштадым. 1-сезонун «Кайдыгер эмес адамдар» деп атап, кайсы бир көйгөйдү чечүүгө аракет кылган кыргызстандыктар жөнүндө айтып бергим келип жасадым. Ал эми 2-сезону «Ишеним» темасында түрдүү диний ишенимдеги, көз караштагы адамдар жөнүндө», – деди Элмурат Аширалиев.

Подкастчылар туруктуу өз аудиториясына ээ болуу үчүн подкастты ырааттуулук менен чыгарып, кызыктуу темаларды ачып берүүгө умтулушат. Анткен менен Кыргызстанда ырааттуу, мезгилдүү түрдө подкаст чыгарып жаткандар саналуу гана.

Өткөн жылы бир катар долбоорлордун алкагында жаңы авторлордун подкасттары чыга баштап, кийинчерээк көпчүлүгүндө тыныгуу болуп калды.

Кыргыз подкастчылары азырынча бул багытты киреше булагы кылыша элек. Элмурат Аширалиев подкасттан каражат табууга мүмкүнчүлүктөр жаралып жатканын кошумчалады.

«Каражат негизги факторлордун бири. Подкаст дүйнөсүндө эми акча жасоо, подкастчыларды материалдык жактан колдоо шарттарын түзө башташты. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасында материалдардын арасына реклама кошуп жасагандар болгон. Кыргызстанда рекламасы бар подкаст жасагандарды көрө элекмин. Балким, бардыр. Экинчи жагы, подкаст платформалары, мисалы Apple платформасы подкаст жасагандарга эми акча табууга мүмкүнчүлүк түзгөн функцияларды кошуп жатыптыр. Подкастты рекламасы жок таза угууну каалагандар ага жазылып, акы төлөп угушат. Андан түшкөн каражаттын белгилүү бир бөлүгү авторлорго да берилет экен. Эгер угарман жазылбаса, рекламасы менен кошо уга берет», – деди Элмурат Аширевлиев.

 

Эркин подкастчылар эмне жөнүндө айтышууда?

Учурда Кыргызстанда эркин авторлордун 10го жакын кыргыз тилиндеги подкасттары чыгууда.

«Эки дарыгер» подкасты 2020-жылдын башынан тарта чыгып келатат. Алып баруучулар хирург Эрмек Исмаилов жана дарыгер Бегимай Жетимишова эл арасында медициналык маданиятты жогорулатууну көздөшөт. Мезгилдүү чыгып келаткан бул подкасттардын узактыгы жарым саатка чейин.

Ал эми ата-энелер менен балдардын ымаласы, карым-катнашы жөнүндөгү Наргиза Кожобекованын «Бала-чака» подкасты турмуштук окуялар, көз караштар жөнүндө талкууларды камтыйт.

«Айылга арналган өмүр» подкастында Барчын Мамытбекова мугалимдердин жашоосу, көйгөйү, изденүүсү жөнүндө онго жакын чыгарылышты даярдаган. Угарман подкасттан накта айылдын жашоо-турмушун тыңдайт.

CABAR.asia медиамектебинин санарип дүйнөсү тууралуу “САНАРИП ИЗ” подкасты кызыктуу адамдар менен түрдүү темаларда ой бөлүшөт.

Кыргызстандагы орусча подкасттар арасынан Салима Джетыбаева менен Азат Рузиевдин “Больше, чем секс” подкасты популярдуу. КМШда топ-подкаст каналдардын да сап башында турат. Популярдуу подкасттардын рейтингин Яндекс.Музыка сыяктуу платформаларда аныктаса болот. Бул подкастты алар эч бир акча коротпостон өз демилгелери менен ачып, иштетип келишет.

Салиманын айтымында, подкаст кыргыз тилдүүлөрдүн көбүнө тааныш эмес. Кыргыз тилинде подкасттар аз, басымдуусу орус же башка тилдерде.

Салима Джетыбаеванын айтымында, 2019-жылдын аягында «Сорос» фонду Москвадан эң популярдуу подкастчы-журналисттерди алып келген. Алар Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан катышкан 15-20дай активистке подкаст жасоонун жол-жобосун, сырларын үйрөтүшкөн. Ошол долбоордон кийин «Сорос» фонду 12-13 подкастты колдогон. Ушул жай айларында да «Сорос-Кыргызстан» фонду аймактарга активизм жана подкаст боюнча маалымат жайылтат.

«Биздин “Больше, чем секс” подкастыбыздын популярдуу болгону – абдан табу болгон жыныстык билим берүү жөнүндө болгону үчүн го. Көпчүлүк жашырынып деле угушат, угармандардын санын статистика көрсөтүп турат да. Биздин угармандардын басымдуусу 18-45 жашка чейинкилер. Комментарий жазып, баалап, пикир калтырышат. Жыныстык тарбия боюнча кыргыз тилинде подкаст чыкса, ал да абдан популярдуу болмок. Кыргыз тилинде жакшы сүйлөгөнүмдө, кыргызча да жасамакмын. Аудиоподкасттан башка видеоподкаст да бар. Кыргыз тилинде видеоподкаст кылса абдан сонун болмок. Анткени статистика боюнча Ютуб Кыргызстан боюнча белгилүү платформа», – деди Салима Джетыбаева.

 

Подкастчылар фестивалы: көйгөйлөр, келечек жана мүмкүнчүлүктөр

Март айынын башында Улуу Британиядагы «Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институту» (IWPR) Борбор Азия өлкөлөрү үчүн онлайн-фестиваль өткөрдү. Ага Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан жалпы 200дөй подкастчы катышты. Борбор Азиянын, Улуу Британиянын жана Россиянын белгилүү подкастчылары тажрыйба бөлүшүп, катышуучулар угармандардын санын кантип көбөйтүү, киреше булагына айлантуу, подкастчылардын жамаатын түзүү жана подкастингдин келечеги жөнүндө талкуулашты.

Сурамжылоого катышкандардын 81%ы хобби, 19%ы жумуш катары подкаст жасаарын айткан. Подкасттан киреше таап жаткандар азчылыкты түзөт.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү 27 подкастты 1 миллиондон көп жолу угушканы фестивалда айтылды. Анткен менен чыныгы статистиканы көрсөткөн бирдиктүү ресурс жок экенин, анык статистика долбоордун натыйжалуулугун баалоого жана о.э. реклама берүүчүлөр үчүн да зарыл экенин белгиледи Podcasts.ru басылмасынын башкы редактору Эдуард Царионов.

Подкаст – эркин жанр. Кайсы бир теманы тереңдетип ачып берүүгө арналган 1-2 саатка чейинки подкасттар бар. Подкастчы өз көз карашын эркин билдире алат. Подкастты ар ким даярдаса болот. Аны жайылтуу жолдору авторго көз каранды. Кайсы бир подкаст каналга жазылганда ар бир жаңы чыгарылыш жөнүндө билдирме келип турат. Подкастты түрдүү жабдыктар аркылуу: смартфондо, планшете, компьютерде укса болот. Кыргызстанда подкаст акырындап жайылып бараткан жанр.

Гүлзат Газиева

______

Подкаст боюнча сайтыбыздагы материалдардан:

Подкаст деген эмне?

Мастер-класс: Подкаст даярдоонун сырлары

Похожие записи