Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Чөнтөкчүлөр менен “кызыл шапкечендердин” чөнтөгү чогуубу?

Чөнтөкчүлөр менен “кызыл шапкечендердин” чөнтөгү чогуубу?

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Бишкектеги коомдук жайларда, транспорттордо, эл көп жүргөн чоң базарларда чөнтөкчү шылуундардын азабын тартып, документин же акчасын алдырган элдин саны арбын. Өзгөчө базарларда көз көрүнөө колунан алдырып же кантип уурдатканын билбей калгандар мындан көп. Сөзүбүз куру болбосун үчүн Ош базарындагы чөнтөкчүлөр, аларды көзөмөлгө алган “кызыл шапкечендер” тууралуу журналисттик иликтөө жүргүздүк.

Себеби бул базарга күнүнө 70 миң адам келип-кетип турат экен. Ал эми тартип сакчыларынын билдиргенине таянсак, Бишкек шаарында беш жүздөн ашуун дасыккан чөнтөкчүлөр бар. Аларды тартип сакчылары деле сыртынан таанып бүтүшүптүр.

Жакында айылдан жаңы келип студент болгон Самара аттуу кыз Ош базарынан беш миң сому менен паспортун ошол жерде жүргөн өзү теңдүү эле кыргыз кыздарга жулдуруп жибериптир. Артынан кууп жете албаган Самара айласы кетип базардагы ГОМго кайрылат. Ал жерде эки милиционер отурган экен. Аларга өзүнүн көйгөйүн айтып жардам сураса милициялар ага кылмышкердей орой мамиле жасап урушуп, кемсинткен сөздөрдү айтышкан экен. Милиционерлердин алгачкы эле сөзү:

– Эмне оозуңду ачып жалдырап жүрөсүң! Абайлабайсыңбы! Эми аны ушунча кишинин арасынан кантип таап беребиз? Сендей арызданып келгендер толтура. Адам өзүнө сак болуш керек. Бизге келсең эле табылып калат деп атасыңбы! – деп бир тийиптир. Айылдан келген баео кыздын өз укугун коргой албай, ага каяша айта албасын да билсе керек. Ооба, адам өзүнө сак болуш керек, бирок кырсыкка айла жок. Алдырарда жаздырар болуп, айылдан келген карапайым кыз эмес, жашы өтүп калган адам деле чөнтөкчүлөрдүн курмандыгы болуп калбасына эч ким кепилдик бере албайт. Үч күндөн кийин келип көр, табылбаса арыз жаз же Ош базарындагы радиотүйүндөргө барсаң ошол жактан табылып калышы ыктымал дептир. Бирок радиотүйүндөн да, милициядан да эч жардам болбогонун айтып кейиди Самара.

Чөнтөкчүлөргө “акыл” үйрөткөн тартип сакчылары

Самаранын айтканы туурабы деген ойдо өзүм да Ош базарына барып, паспортум менен акчамды жоготуп алганымды айтып ГОМго кайрылдым. Эгер мен журналисттик иликтөө жүргүзүп атам десем, милициялардын башкача кабыл алары турган иш дечи.

Ош базарындагы эт саткан жердин жанында жайгашкан бул ГОМдо жарым саатка чейин эч ким жок, сырты бек турду. Менден кийин дагы бир карыя келип, пенсиялык күбөлүгүн кантип алдырып жибергенин билбей калганын айтып кейиди. Аңгыча жаш милиционер келип эшикти ачканда эле артынан кирип бардык.

Биздин көйгөйүбүздү уккандан кийин бул ишти мен карабайм, азыр кылмыш иликтөө боюнча тергөөчү келет, ошого кайрылгыла деди. Ал да жарым сааттан ашык күттүрүп, маалкатып атып келди. Жарандык кийим кийген жигит алиги карыя экөөбүздү Ош базарындагы башка милиция бөлүмүнө алып барды. Анын сыртындагы “милиция” деген өңү өчүп бараткан жазууну эч ким байкачудай эмес. Бул жерде да милиция бөлүмү барбы, билинбейт го дедим.

– Жазылып турбайбы, көрбөй атасыңарбы! – деп одураңдап бир тийди. Карыя анын мындай орой мамилесинен чочуп, корккону да байкалып турду.

Кезекте мен биринчи тургандыктан алгачкы болуп кирип, капчыгымдан паспортумду жана акчамды алдырып алганымды кабарладым. Столдун үстүндө үч калың журнал турган экен, ууруну таанып калсаң ушул жердеги сүрөттөрдөн кара, балким чыгып калар дейт.

Журналдарды барактап карап, ар түрдүү курактагы аялдар, кыздар, жаш балдар, кары кишилердин сүрөтүн көрдүм.

– Булар ууруларбы? Эгерде сыртынан билсеңер анда неге жазалабайсыңар?- дедим.

– Бул сүрөттөгүлөр мурда ушундай майда уурулук үчүн кармалып, түрмөгө отуруп чыгышкан. Алардын сүрөтүн тартып алганбыз. Ансыз деле түрмөдө эл көп, ушундай майда уурулук, кылмыштуулук үчүн камай берсек батпай кетпейби. Жакында амнистияга туш болуп 2000 киши боштондукка чыкты. Эми алар да ушундай кылмышкерлердин катарын толуктабайт деп ким кепилдик берет? Негизи базарга келген аялдар жакшы кийим көрсө эле оозу ачылып, капчыгы эмес кээде жанындагы баласын да жоготкон учурлар болот. Биз ууруларга ачык эле айтабыз, акчасын алгандан кийин документти таштандыга же сууга ыргытпай, жок дегенде көчөгө таштап кеткиле, эртең менен короо тазалагычтар таап алып радио түйүнгө берип коюшсун дейбиз.

Тергөөчүнүн айткандарын угуп, чөнтөкчүлөр менен милиция чогуу иштешет деген эл арасындагы кепке аргасыз ишенгендей болдум. Көрсө, алар акчасын ала бергиле да документти радиотүйүнгө түшкөндөй кылгыла деп ачык айтып, акыл үйрөтүшөт экен да. Акыры менин журналист экенимди билгенден кийин жанатан бери одураңдап, ар бир сөзгө ызырынып жооп берип аткан тергөөчү жоошуй түштү.

 

Документиңди жоготтуңбу, радиотүйүнгө бар!

Негизи Ош базарынан документтерин, акчасын жоготкон жабырлануучулардын дээрлик бардыгы аларды кайрып ала алышпайт. Бирок чөнтөкчүлөргө уурдаткан документти Ош базарында беш радиотүйүндөн тапса болот. Ар бир радиотүйүндө базардан жоголгон документтер кутучаларга салынып, үйүлүп турат. Кеминде жүзгө жакын ар кандай документтер. Радиотүйүндөгүлөр аларга түшкөн документтердин фамилиясын жаттап алышкандай. Эгерде ушундай документим жоголду десең арасында жок болсо дароо айтышат. Ал эми жоготкон документ ошол жерде болсо сүйүнчүсүнө да оңбогондой акча сурашат экен. Мисалы, айдоочунун күбөлүгү жана паспортко оозу-мурду кыйшайбай туруп эле 1500 сом сурашат. Бирок алар менен соодалашса да болот. Милицияга билдиребиз деп коркутса, билгениңди кылып ал дешет. Булар милицияны тоготпогондугубу же алар менен табакташпы, түшүнүп болбойт. Азыр деле Ош базарынан документин жоготуп, эми кантем деп жүргөндөр болсо радиотүйүндөргө барып каратып көрсө болчудай.

Албетте “өзүңө сак бол, кошунаңды ууру тутпа” дейт. Бирок милиция бөлүмүндөгү чөнтөкчү уурулардын сүрөтүн коомдук жайларга жабыштырып, алар үчүн атайын профилактикалык иштерди жүргүзүп, же мыйзам чегинде катуу жазаласа балким кылмыштуулуктун түрү да азаймак беле. Түрмөдө эл батпайт деп алакан жайып, чөнтөкчү уурулар жүрө беришсин деп отурган тартип сакчыларынын кайдыгерлигинен канчалаган адам жабыр тартып жатат…

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, сүрөттөр автордуку

Булак:http://presskg.com/agym/12/1012_17.htm

Похожие записи