Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Абдиламит Жумашев: “Мелис Эшимкановдун кеңешин уга албай арманда калдым”

Абдиламит Жумашев: “Мелис Эшимкановдун кеңешин уга албай арманда калдым”

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

— Абдиламит мырза, сиз жетектеген “Жетиген” журналы алты жашка чыкты. Рыноктун катаал шартында журнал чыгаруу жеңил эместир…

— Убакыт деген көз ачып жумганча өтө берет турбайбы, журналыбыздын алгачкы саны жарык көргөнүнө алты жылдын жүзү болду. 6 жылда 72 ай бар болсо, журнал 72 жолу жарык көрдү, туруктуу чыгууда. Алгач 68 бет менен, 3 миң нуска менен чыккан болсо, бүгүнкү күнү 164 бет менен чыгып, нускасы 20 миңге жетти. Эң башкысы 6 жыл мурда 68 бет менен чыкканда 150 сом болсо, азыр да 164 бет менен чыгып, баштапкы бааны кармап келатабыз.

— Каражат табуу жагынан тажрыйбаңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

— Биздин журналга республикадагы карапайым кишилер, пенсионерлерден тартып, мекеме-уюм өкүлдөрү жазылган. Кыргызстан элинин мүмкүнчүлүктөрүн карап, жарнамалык материалдардан каражат таап, ошонун эсебинен жашап, журналды өнүктүрүүгө аракеттенип жатабыз. Алты жылдын аралыгында ийгиликтерге жеттик. Журналдын мазмунун кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк болду, жаңы рубрика ачып, эл кызыгып окуй турган материалдарга басым жасап жатабыз. Саясаттан тышкары, үй-бүлөлүк тема, жети жашар баладан 70 жашка чейинки адамдар окуй турган кызыктуу материалдарды окуганга окурмандарыбыздын мүмкүнчүлүктөрү бар. Журнал күнүмдүк маалыматка кызыкпай, көөнөрбөс баалуулуктарга, кыргыздын үрп-адаты, маданияты, салты, тарыхы, инсандары, театр ишмерлери тууралуу материалдарды жазат. Башка журналдардан айырмачылыгыбыз — биз спирттик ичимдиктерди, тамекини жарнамалабайбыз. Үй-бүлөсү менен окуй турган, кызы, келини, апасы менен уялбай окула турган кызыктуу журнал болушуна аракет кылып жатабыз.

Журналга жазылуу ишине абдан маани бердик. Ага байланыштуу бир катар иш-чараларды өткөрдүк. Биз өткөргөн иш-чараларды Маданият министрлиги да өткөрө албайт болушу керек. 15тей артистти Баткенге же Ошко алып барып, акысыз концертти уюштуруу үчүн да чоң эмгек керек. Эл, окурмандар менен бетме-бет сүйлөшкөн ЖМК азыр жокко эсе. Биз ошол бетме-бет жолугушууну колго алдык.

Жер-жерлерге он беш ырчыны алып барыш оңой эмес, алардын жатаканасы, тамак-ашы бар дегендей. Ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө кандайдыр каражат керек. Мунун баарын өзүбүз уюштурабыз. Журналды үзгүлтүксүз чыгаруу кыйын. Азыркы рынок шартында боёк, кагаздары чет мамлекеттен келет, ар бир квартал сайын же алты айда бир басмакана бааны кымбаттатып турат, доллар көтөрүлсө да кымбатчылык болуп калат. Ошого карабастан журналдын баасынкымбаттатпай кармап калууга жетиштик. Жер-жерлерде иш-чараларды биз бекеринен өткөргөнүбүз жок. Баткенде же Жалал-Абаддын бир районунда, мисалы бир үй-булөдөбеш бала болсо, өмүрү концертке барууга мүмкүнчүлүктөрү болбогондору да бар, бир күн болсо да аларга рухий байлык тартуулап, маанайын көтөрүп, үй-бүлөсү менен концерт көрүп келсе деген максатта концерт, жолугушуу уюштуруп келебиз. Ал учурда журналга карата айтылган ой-пикир, сунуштарын эске алып, мындан ары тыгыз кызматташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошентип, бул салт адатка айланып, жыл сайын ар бир областтарда өткөрүп жатабыз. Түштүк областтарда— Баткен, Ош, Жалал-Абадда өткөрүп келдик. Быйылкы жылы түндүктөн, Нарындан баштайлы дедик. Теңиртоолуктар менен жолугушуп, 8-июлда Борбордук аянтта маанайын көтөрүп концерт уюштуруп, “Жетиген” журналынын 6 жылдан берки иштери, келечеги жөнүндө айтып беребиз.

— “Жетигенде” кимдер иштеп жатат?

— Түптөлгөндөн баштап эле иштеп жаткан Жылдыз Бороева, Динара Андарова, Жазгүл Кенжетаева, дизайнер Кубан Абдрашитов жана биз менен дайыма кызматташып келаткан авторлорубуз бар. Чакан эле тобубуз бар, ар бир кызматкер өзүнө тагылган милдетти так, сапаттуу убагында аткарууга аракет кылат.

— Журналдын уюштуруучусу жалгыз эле өзүңүзбү же дагы башкалар барбы?

— Өзүм эле. Түптөлгөдө эле эч кимге көз каранды болбойлу дегенбиз. Себеби саясатчылар иши бүткөндөн кийин таштап коет. Өз аракетибиз, маңдай терибиз менен бутубузга турдук. Мына өткөн жылы эл аралык Түрксой сыйлыгын алып келди журналыбыз. Бул дагы абройлуу сыйлык. Андан сырткары парламенттер аралык ассамблеянын сыйлыгын алдык. Мына ушундай сыйлыктар биздин ийгиликке жетип жаткканыбыздын күбөсү. Алты жыл ичинде бир да жолу саясатчылардын, Текебаевдин же Бабановдун сүрөтүн берген жокпуз, интервью да алган жокпуз. Биз журналды саясатсыз эле популярдуу кыла алдык.

Эсимде, журналдын 2-3 саны чыкканда, Мелис Эшимканов мага чалып, “журналыңды алып окуп жатам, таасирдүү журнал болуптур, мындайды Кыргызстанда эч ким чыгара элек эле, сен чыгарып жатыптырсың, мен сага ишеним. Журналдын келечектүү экенине көзүм жетип турат, Көлгө кетип жатам, келгенден бир жумадан кийин жолугалы, сага айтар кеңешим бар” деди эле. Мен Россияга жазылуу иштери менен кеткем, ал жактан Мелис кайтыш болуп калыптыр” деп уктум. Аттиң деп бармагымды тиштеп калдым. Раматылык Мелис кандай кеңеш берээр эле” деп, анын кеңешин ала албай калганыма өкүнүп келем.

Маектешкен Айжан Айтышева, «ПолитКлиника»,
http://pk.kg/koom/abdilamit-zhumashev-melis-eshimkanovdun-ke-eshin-uga-albaj-armanda-kaldym-2/

Похожие записи