Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Журналисттер шайлоо боюнча эмнелерди билүүсү керек?

Журналисттер шайлоо боюнча эмнелерди билүүсү керек?

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Кыргызстанда 29-октябрдан тарта шайлоо өнөктүгү башталды. Ал 27-ноябрга чейин уланат. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келип, анын 54ү партиялык ачык тизме менен, калган 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Журналисттер шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда кайсы нерселерге көңүл бурушу зарыл? Шайлоо учурунда сурамжылоо жасаса болобу? Аналитикалык материал менен үгүт материалынын айырмасы эмнеде? Мына ушул жана башка көп берилчү суроолорго жооп издейбиз.

Кабарландыруу менен үгүттөөнүн айырмасы эмнеде же кайсы материалдар маалыматтык деп эсептелет, кайсылар үгүт болуп саналат?

ЖМКда бардыгы эмес, айрым гана партиялар же талапкерлер тууралуу маалымат болсо жана аларды жарыяласа (кабарласа) бул Шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын нормасын бузуу деп эсептелбейби?

Шайлоо темасында аналитикалык макаланы жазса болобу? 

Үгүт материалдарын кайсы убакыттан тарта жарыяласа болот жана кайсы учурда токтотулат?

Үгүт материалдарынын алдына аны кайсы талапкер/же талапкердин өкүлү бергенин эмне үчүн сөзсүз жазуу зарыл?

Үгүт өнөктүгү өтүп жаткан учурда маалымат сайттары колдонуучулар арасында шайлоого байланыштуу сурамжылоо уюштура алабы?

Аккредитациядан өтпөгөн ЖМКлар же интернет-сайттар шайлоону чагылдыра алабы?

Жеке менчик ЖМКлар/блогерлер дебаттарды уюштура алышабы? Уюштура алышса аларды өткөрүүнүн бирдиктүү тартиби мыйзамда каралганбы?

Аккредитациядан өтпөгөн журналист добуш берүү күнү шайлоо участкасындагы добуш берүү процессин чагылдыра алабы?

Шайлоо участкасында добуш берүү процессин тасмага тартууда кандай талаптар жана эрежелер бар?

ЖМКлар шайлоонун расмий жыйынтыктары чыкканга чейин экзитполдун жыйынтыктарын бере алышабы?

Шайлоо мыйзамын бузган ЖМКлар же журналисттер кандай жоопкерчиликке тартылылыш мүмкүн?

Блогер шайлоо мыйзамын бузган болсо жоопкерчиликке тартылышы мүмкүнбү? 

Шайлоо күнү журналист өз коопсуздугун кантип сактай алат?

Кабарландыруу менен үгүттөөнүн айырмасы эмнеде же кайсы материалдар маалыматтык деп эсептелет, кайсылар үгүт болуп саналат?

Маалымат берүү менен үгүт материалдары шайлоо боюнча мыйзамда так ажыратылган. Кабарландыруу кайсы бир окуя тууралуу гана маалымат берүү, ал эми үгүт материалы кайсы бир талапкерге, же партияга добуш берүү же бербөө боюнча чакырык таштоо. Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу” бөлүмүндө үгүт материалдарына/үгүттөөгө кайсылар кире турганы жазылган.

Үгүткө төмөнкүлөр кирет:

“1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;

3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу (Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзам”  (12-берене, 10-пункт, 3-подпункт).

Андан сырткары кандай материалдар үгүт материалдары экени мыйзамда дагы көрсөтүлгөн.

“Үгүт материалдары – шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүккө таратууга, элге жарыялоого арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;

Шайлоо алдындагы үгүт – Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар иштери” (1-берене).

 

Башына

ЖМКда бардыгы эмес, айрым гана партиялар же талапкерлер тууралуу маалымат болсо жана аларды жарыяласа (кабарласа) бул Шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын нормасын бузуу деп эсептелбейби?

Мыйзамда мындай деп жазылган пункт бар:

“Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек” (22-берене, 3-пункт).

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы БШКнын Маалымат жана үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү бизге берген түшүндүрмо боюнча, эгерде материал маалымдоону гана максат кылса жана анда кайсы бир партиялар же талапкерлер гана тууралуу айтылса, аны жарыялоо мыйзам бузуу болуп эсептелбейт.

Башына

Шайлоо темасында аналитикалык макаланы жазса болобу? 

Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык, үгүт материалынын бир белгиси:

“талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу” (22-берене, 10-пункт, 3-подпункт).

Ошол эле учурда аналитикалык макаланын өзгөчөлүгү – учурдагы кырдаалдын өнүгүүсүнүн, кайсы бир жолду тандоонун келечеги тууралуу божомолдоо болуп саналат. Бул журналисттердин шайлоого байланыштуу аналитикалык макалаларды жазуудан чоочулатышы мүмкүн.

Бирок да БШКнын Маалымат жана үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоо боюнча жумушчу тобунун экс-мүчөсү Семетей Аманбеков шайлоого байланыштуу аналитикалык материалдарды жазса болорун айтат.

“Аналитикалык материалды жазып жатканда, кайсы бир партияга же талапкерге артыкчылык берилбеши керек. Анткени журналист же аналитик кайсы талапкердин программасы күчтүү экенин талдай албайт. Муну шайлоочу гана тандай алат. Кантип? Добуш берүү менен. Эгерде материалда кайсы бир партияга же талапкерге артыкчылык берилсе, анда бул үгүт болуп саналат”, – дейт С.Аманбеков.

 

Башына

Үгүт материалдарын кайсы убакыттан тарта жарыяласа болот жана кайсы учурда токтотулат?

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 23-беренесинде үгүт жүргүзүүнүн мөөнөтү так жазылган. 

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга бир күн калганда токтойт. Башкача айтканда, 2021-жылы боло турчу парламенттик шайлоонун үгүт иштери 29-октябрдан 27-ноябрга чейин жүрөт.

Башына

Үгүт материалдарынын алдына аны кайсы талапкер/же талапкердин өкүлү бергенин эмне үчүн сөзсүз жазуу зарыл?

Бул мыйзамдын талабы. Гезит, журнал, сайт, ТВ жана радиого кеткен үгүт материалдарынын акысы кайсы булактан каржыланганын жазуу керек. 

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 2-пунктунда мындай деп жазылган:

“Бардык басылма жана башка үгүт материалдары аларды даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жеринин дарегин), үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген адамдын (уюмдун, жеке ишкердин аталышын) фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын нускасы жана чыгарылган датасы жөнүндө маалыматты, аларды даярдоо тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты, ошондой эле тапшырык акысын төлөгөн талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат”.

Аталган талап үгүт фондунун каражаттарынын колдонуусунун айкындуулугу үчүн керек. Бардык үгүт иштери шайлоо фондусунан каржыланышы зарыл.

“Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу (22-берене, 11-пункт).

Эгерде материал маңызы боюнча үгүт болсо, бирок жарыяланган материалдын алдында кайсы бир талапкердин же партиянын ыйгарымдуу өкүлү тарабынан төлөнгөндүгү тууралуу маалымат болбосо, бул материал көмүскө үгүт материалы деп таанылып, ал боюнча тийиштүү жоопкерчилик каралышы мүмкүн.

Башына

Үгүт өнөктүгү өтүп жаткан учурда маалымат сайттары колдонуучулар арасында шайлоого байланыштуу сурамжылоо уюштура алабы?

Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларды кабарландыруунун бир түрү болуп саналат.

Сайттар дагы сурамжылоо жүргүзө алышат. Бир гана сурамжылоого коюлган суроолордо тигил же бул партияга артыкчылык кылуу же кылбоо байкалбашы керек. Мисалы, “Х партиясынын шайлоодо жеңе турганынан ишенесизби?”.

Суроолор мүмкүн болушунча нейтралдуу болушу жана шайлоого катышып жаткан партиялар менен талапкерлердин бардыгы тизмеде болушу зарыл.

Ошол эле учурда сайттар сурамжылоо жыйынтыктары менен тааныштырып жатып, мыйзамда каралган талаптарды аткарышы керек:

Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда, көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, жарандар жана уюмдар:

  • пикир сурамжылоону жүргүзгөн уюмду же жеке жакты,
  • анын жүргүзүлгөн убагын,
  • сурамжылангандардын санын (иргелген),
  • маалыматты чогултуу усулун,
  • сурамжылоо жүргүзүлгөн аймакты,
  • суроонун так баяндалышын,
  • мүмкүн болуучу кемчиликтерге статистикалык баа берүүнү,
  • сурамжылоону жүргүзүүнү табыштаган жана аны жарыялоого акы төлөгөн жакты көрсөтүүгө милдеттүү” (22-берене, 5-пункт).

Дагы бир көңүл буруучу жагдай, добуш берүү күнүнө 5 күндө, ошондой эле, добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.

Башына

Аккредитациядан өтпөгөн ЖМКлар же интернет-сайттар шайлоону чагылдыра алабы?

Ооба, чагылдыра алат. Аларга эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Бир гана алар үгүт материалдарын жарыялай алышпайт.

Аккредитациядан өтпөгөн ЖМКлар же сайттар маалыматтык материалдарында Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 22-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн нерселерди сакташы зарыл:

“Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек”.

 

Башына

Жеке менчик ЖМКлар/блогерлер дебаттарды уюштура алышабы? Уюштура алышса аларды өткөрүүнүн бирдиктүү тартиби мыйзамда каралганбы?

Жеке ЖМКлар шайлоо өнөктүгү учурунда талкуу (дебат) иретинде программаларды жасай алат. Мындай талкуулар маалымат берүү, таратуу максатында гана болушу зарыл. Программага эксперттер менен бирге талапкерлер да чакырылышы мүмкүн. Маалыматты жеткирүүдө бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү кажет. Эгер талапкерлер чакырылгандан кийин талкууга келүүдөн баш тартса ЖМКга эч кандай доо болбойт. Анткени ал бардык тараптарга бирдей шартты түзүп берүүгө аракет кылды. Талкуу учурунда дагы талапкерлер тарабынан кандайдыр бир үгүт иштери, чакырыктар болбошу кажет. Түз эфир учурунда айрым талапкерлердин чакырыктарын, үгүттөө аракеттерин убагында байкабай, токтото албай калышы толук мүмкүн. Андыктан берүүнүн башында бул жерде эч кандай үгүт иштери болбошу керектигин, бир гана маалымат берүү, элди маалымдоо максатында экенин эскертүү зарыл.

Башына

Аккредитациядан өтпөгөн журналист добуш берүү күнү шайлоо участкасындагы добуш берүү процессин чагылдыра алабы?

Чагылдыра алат. Шайлоо процессинин жүрүшүн маалымдоо иретинде баяндап бере алат. Журналисттин аракеттери элге маалымат берүү үчүн гана болот. Ошол күнү журналисттин жанында анын кайсы ЖМКда иштей турганын, журналист экенин тастыктай турган күбөлүк болушу зарыл. Шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүүнүн кажети жок.

Башына

Шайлоо участкасында добуш берүү процессин тасмага тартууда кандай талаптар жана эрежелер бар?

ЖМК өкүлдөрү добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана видеотартууну жүзөгө ашырууга укуктуу. (11-берене, 2-пункт)

Башына

ЖМКлар шайлоонун расмий жыйынтыктары чыкканга чейин экзитполдун жыйынтыктарын бере алышабы?

Экзитполдун жыйынтыктарын добуш берүү жүрүп жаткан күнү жарыялаганга болбойт, мыйзам боюнча тыюу салынган.

“Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт. Коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда бул талаптар аткарылбаса мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөө деп таанууга жана мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартылат” (22-берене, 6-7-пункт). 

Шайлоого байланышкан коомдук пикирди сурамжылаган экзитпол шайлоочуларды кабарландыруунун бир түрү болуп эсептелет.

Добуш берүү күнү маалымат чогултуу мыйзамга каршы келбейт. Экзитполдун негизги милдети – шайлоонун жыйынтыгы боюнча ыкчам божомолдорду алуу жана шайлоочулар жөнүндө статистикалык маалыматтарды топтоо болуп саналат. Бирок анын жыйынтыктарын добуш берүү өткөндүн эртеси жарыяласа болот.

Башына

Шайлоо мыйзамын бузган ЖМКлар же журналисттер кандай жоопкерчиликке тартылылыш мүмкүн?

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандар – талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат тараткандар, талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан таратылышы КРдин Бузуулар боюнча кодексинин 44, 45 жана 46-беренесинде каралган жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Жеке жактарга 10-12 миң сом, юридикалык жактарга 28-35 миң сом айып каралган.

(Нарында 7-8-сентябрда өткөн “Ийгиликке кадам” медиафорумунан)

Башына

Блогер шайлоо мыйзамын бузган болсо жоопкерчиликке тартылышы мүмкүнбү? 

Ооба, тартылат. Үгүт өнөктүгү учурунда ал кесиптик өзгөчөлүгүнө карабастан – катардагы жаран. Ошондуктан ал Кыргызстандын мыйзамында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат. 

Медиа юрист Айжамал Жаңыбаева шайлоодо үгүт материалдарын жарыялап кызмат көрсөтүп жаткан ар бир тарап Салык кодексинин нормасы боюнча ыктыярдуу патент, ишкердик күбөлүгү же партияга жумушка кирди деген документи болушу керектигин айтат.

Ал эми БШКнын жумушчу тобунун экс-мүчөсү Семетей Аманбеков жалпы үгүт иштеринин эрежелерине блогерлер ЖМК өкүлдөрү катары эмес, жалпы жарандар катары кирерин белгилейт. Ал жакында эле шайлоого катышкан бир партиянын видеоролигин шайлоо өнөктүгү башталганга чейин соцтармакта жарыялап жиберген жаранга Бузуу кодексинин 47-беренеси боюнча 7,5 миң сом айып салуу сунушу тиешелүү органдарга берилгенин билдирди.

Башына

Шайлоо күнү журналист өз коопсуздугун кантип сактай алат?

Мыйзам боюнча журналист коопсуздугун дал ушундай ыкма менен сакташ керек деген норма жок. Ошентсе да, шайлоо күнү, же массалык иш-чаралар болгон учурда журналист ал ЖМК өкүлү экенин белгилеп, аны башкалардан айырмалап турган атайын жилеттерди кийип алса болот. Эгерде кандайдыр бир кол салуу, же ишмердигин жүргүзүүгө тоскоолдук болсо, биринчи кезекте, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу керек.

Ошондой эле ал бул окуя тууралуу ылдыйда келтирилген даректер боюнча ЖМК өкүлдөрүнүн таламдарын талашкан, укуктарын коргогон медиа уюмдарына кайрылганы туура:

“Журналисттер” коомдук бирикмеси 

Марс Тулегенов – 0772 28 18 78, 0502 28 18 78, 0550 28 18 99,

Марат Токоев – 0777 45 10 83, 0555 88 37 99,

Эл. почта: journalist.kg@gmail.com

Нургүл Шаршембиева, Ысык-Көлдөгү өкүл – 0555 07 44 55

Жалил Сапаров, Жалал-Абаддагы өкүл – 0772 25 75 64

Жеңиш Айдаров, Баткендеги өкүл – 0777 10 85 71

Талант Калилов, Таластагы өкүл – 0704 60 00 02

Гүлзат Газиева, Оштогу өкүл – 0550 28 80 04

Күмөндөр Усуптегин, Нарындагы өкүл – 0700 43 56 77

Азамат Касыбеков, Чүйдөгү жана Бишкектеги өкүл – 0555 92 34 61

 

“Медиа Полиси Институту” коомдук фондусу

Акмат Алагушев, Медиа омбудсмен – 0552 30 71 80

Нурбек Сыдыков, юрист – 0550 10 17 77

Эл. почта: mpi@media.kg 

 

“Медиа өнүктүрүү борбору” коомдук фондусу

Офис – 0312 66 30 06, 66 30 09, 66 30 13

Нургүл Абдыкеримова – 0775 97 03 79

Айжамал Джаныбаева, юрист – 0554 31 52 31

Эл. почта: nurgul@medialaw.kg

Башына


Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Похожие записи