Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

“Журналисттер” КБ Талас жергесинин журналисттери менен жолугушту

“Журналисттер” КБ Талас жергесинин журналисттери менен жолугушту

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

3-декабрда “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Тулегенов жана бул коомдук бирикме учурда ишке ашырып жаткан “ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг” долбоорунун координатору Марат Токоев Талас шаарында жергиликтүү журналисттер менен жолугушту.

Бул жолугушуу учурунда ЖМКлардын жана журналисттердин укуктарынын бузулушу маселеси тууралуу сөз болду. “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен 8 айдан бери ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, журналисттердин маалыматка жетүү маселеси дагы эле эң курч бойдон калууда. Бул өзгөчө аймактарга мүнөздүү. Учурдагы мыйзамчылыкта маалыматты бербегендиги үчүн мамлекеттеги кызматтагы адамдарга карата кайсы бир жаза каралган эместиги абалдын оңолушуна өбөлгө түзбөйт.

Ошондой эле мамлекеттик жана саясий кызматкерлердин журналисттерди, ЖМКларды сотко берүүсү күч бойдон. Аны менен катар доо арыздардын суммасы да жылдан жылга өсүп баратат. Азыр алардын өлчөмү 1 млн. сомдон кем эмес. Соттор көп учурда ушул сумманы канааттандырууда. Азайтылган күндө да чегерилген сумма ЖМКлар үчүн өтө чоң. Мындай сумманы коюунун максаты – ЖМКны коркутуу же ЖМКнын жабылышы экендиги ачык айкын эле байкалып турат.

Жолугушуу учурунда журналисттерге өз укуктарын коргогонго чакырык айтылды. Эгер журналисттер өз укуктарын коргогонго аракет кылышпаса сөз эркиндиги тууралуу унчукпай эле койсок болот дешти “Журналисттер” КБнын өкүлдөрү.

Укук бузуулар боюнча билдирүүлөрдүн саны

Өз кезегинде, жергиликтүү ЖМКлардын өкүлдөрү аймактык журналисттерге укуктук кеңештерге жетишүү оор экендигин билдиришти. Ошону менен катар Талас жергесинде журналистика боюнча окутуулар көптөн бери өткөрүлбөй калгандыгын айтышты. Окутуулардын көбү азыр Бишкекте гана өткөрүлүп, алардын басымдуу бөлүгү орус тилинде болуп жатат. Талас жергесинде болсо кыргыз тилдүү гана ЖМКлар иштейт.

Ошону менен катар көз карандысыз ЖМКлар дээрлик жок болуп, мамлекеттик гезиттер менен областтык телеканал гана иштеген Талас аймагында учурда ишке ашырылып жаткан мамлекеттик ЖМКларды оптималдаштыруу жараяны көп маселелерди жаратып жатканын айтышты. Кыскартылып жаткан гезиттердин жамааты өз алдынча ЖМК ачып иштетели дешсе, эли аз Талас аймагында ийгиликтүү жеке менчик ЖМКны түзүү оор болоорун жана да аны үчүн керектүү билим керектигин, тийиштүү окутууларга муктаждык бар экендигин билдиришти.

“Журналистер” КБнын өкүлдөрү журналисттерге укуктарын коргогонго өз колдоосун көрсөтө тургандыгын жана мындай жардамды башка медиа уюмдар дагы көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти. Ошондой эле аз каражатты талап кылган жеке менчик ЖМКны ачып, иштетүү боюнча атайын окутууларды уюштуруу планы бар экенин айтышты.

Похожие записи