Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Жалал-Абадда көп көйгөйлөр айтылды

Жалал-Абадда көп көйгөйлөр айтылды

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг” долбоорунун алкагында аймактагы журналисттер менен жолугушуу Жалал-Абадда да болуп өттү. Жолугушуу ушул долбоордун 9 айлык жыйынтыктарына арналып, ага “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Тулегенов, аталган долбоордун координатору Марат Токоев, КР Медиа Акыйкатчысы Акмат Алагушев катышты жана Жалал-Абаддагы массалык маалымат каражаттарында иштеген, эркин журналисттер менен баарлашып кайтышты.

Жолугушуу учурунда коомдук бирикме жана ушул уюм тарабынан журналисттердин укуктарын коргоо, алардын бузулушунун фактыларын аныктоо, коомчулукка жеткирүү жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү жагынан журналисттерге жардам көрсөтүү иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат берилди. Анда ЖМКлардын жана журналисттердин аракеттери боюнча сотко доо арыздардын көбөйүп баратышы, анын негизги, басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жүрүп жатканы белгиленип, андан тышкары журналисттердин маалыматка жетүү укуктарынын ишке ашырылышында да кыйла көйгөйлөр болуп жатканы айтылды. Мисалы, ушул долбоор иштеп жаткан 9 ай аралыгында сотко доо арыздар менен кайрылуу тууралуу 30 жаңылык даярдалса, 9 жолу маалыматка жетүү укуктарынын бузулушунун фактылары катталган.

Долбоордун координаторунун белгилешинче, маалыматка жетүү укуктарынын бузулушунун фактылары иш жүзүндө көп болушу ыктымал, бирок алар аныкталбай кала берүүдө. Буга журналисттердин белгилүү деңгээлдеги пассивдүүлүгү же укук-мыйзам актылары тууралуу маалыматтын аздыгы себеп болушу мүмкүн. Деген менен, долбоордун алкагында Жалал-Абадда маалыматка жетүү укуктарынын бузулушунун 1 фактысы катталган, журналисттин укуктарын “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун жетекчилиги бузуп, кат жүзүндө берилген суроо-талапка карабастан тийиштүү коомдук-маанилүү маалыматты берүүдөн баш тарткан. Журналист маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын премьер-министрине кайрылып, 5 айдан кийин гана зарыл маалыматтарды өкмөттөн ала алган.

КР Медиа Акыйкатчысы маалыматка жетүү жагынан айрым кыйынчылыктар жаралып жатканын ачыкка чыгарды. Анткени Кыргыз Республикасынын мурдагы “Административдик укук бузуулар жөнүндө” кодексинде маалымат берүүдөн баш тарткан өкмөттүк субъекттердин жоопкерчилиги каралган эле. Бирок, 2018-жылдын 1-январынан күчүнө кирген Жоруктар тууралуу кодексте мындай берене жок болуп чыкты. Мындан өз ишмердиги тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаргысы келбегендер пайдаланышууда.

Мындай жагдайдын сөз жана басма сөз эркиндигине терс таасирин тийзгизиши боюнча жолугушууга келген долбоордун катышуучуларынын да, жергиликтүү журналисттердин да пикири бир жерден чыкты. Демек, мыйзамдарда тийиштүү беренелердин болушу үчүн аракет кылуу, толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы айтылды.

Жолугушуу учурунда коомдогу болуп жаткан көрүнүштөрдү ачык-айкын чагылдыруу жана кесиптик этика тууралуу да кызуу талкуу жаралды. Буга жергиликтүү телевидениенин журналисттери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын өкүлдөрү менен чогуу рейдге чыгышы жана анда жергиликтүү соттун судьясы мас абалында рул башкарып, жол кырсыгына дуушар болушунун фактысы себеп болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын өкүлдөрү мас судьяны жол кырсыгы учурунда кармап, аны наркологиялык экспертизага алып барышканы, мыйзам бузуу боюнча протокол толтурганы, айып пул салганы үчүн судья эми аларды сотко берген. Ошондой эле судья журналисттерди да сотко берерин билдирген жана өз аракетине тийиштүү мыйзамда көрсөтүлгөн кол тийбестигин себеп катары бетке кармаган.

Бул маселеде журналисттердин пикири эки ача чыгып, айрымдары “абройлуу” адамды ачык көрсөтүп, журналисттер этиканы бузду дешсе, башкалары мыйзам баарына бирдей болушу керек, “абройлуу” судьяга да, карапайым кишиге да бирдей эле мамиле болушу абзел дешти. Ар кандай кызмат адамы өзүнүн аброю үчүн жооптуу, алар биринчи кезекте мыйзамды жана коомдук адеп-ахлакты сакташы керектигин айтышты.

Жалал-Абаддык журналисттер ошондой эле коомдук ачык-айкындыгы үчүн чогуу аракеттин, жаш кадрлардын кесиптик жактан деңгээлинин жогорулашы үчүн ар кандай окутууларды көбүрөөк уюштуруу керектигин, журналисттер арасындагы ар кандай кесиптик иш-чаралар Бишкекте гана көбүрөөк өтүп жатканын, аймактарга, аймактык журналисттерге да көбүрөөк көңүл буруунун, жалпы эле журналисттик тилектештиктин зарылдыгын белгилешти.

Жалал-Абаддагы жолугушуу кызуу полемика, талкуу менен өтүп, мында долбоорлор жана ар кайсы кесиптик иш-чаралар абдан маанилүү экенин көрсөттү. Бишкектен келген коноктор менен жергиликтүү журналисттер өз ара тыгыш байланыштуу иштешерин, бул болсо жалпы коомчулуктун кызыкчылыгындагы иш экенин баса белгилешти.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү

Похожие записи