Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Кыргызстанда журналист кыз-келиндердин арасында “Акыл карачач” конкурсу жарыяланды

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

www.fakt.kg сайты Пресс.kg коомдук-саясий гезити менен биргеликте журналист айымдар арасында “Акыл карачач” сулуулук конкурсун жарыялайт

 Сынактын шарттары: Конкурска  20дан 45 жашка чейинки кыз-келиндер катыша алат.

Сынак  эки тур менен бааланат.

Биринчи тур:

 “Пресс.kg” газетасы жана “fakt.kg” коомдук саясий, маалымат порталы  аркылуу окурмандар, угармандар, көрөрмандардын кайсыл катышуучуга 1-сентябрдан 5-ноябрдын түнкү саат 12 ге чейинки берген добушу (смс жана сайт аркылуу добуш) топтолот.

Экинчи тур:

Добуш аркылуу алдыўкы сапка чыккан 20 катышуучу калыстар тобунун сынына коюлат.  Калыстар тобуна арасына стилист, актер, коомдук ишмер, окумуштуу, журналистика ардагери ар кыл кесиптеги 7 адам катышат. Калыстар тобунун мүчөлөрү конкурска басым болбош үчүн алдын ала ачыкталбайт. Калыстар тобу тарабынан кийген кийимдерине жана актерлук, журналисттик чеберчилигине баа берилет.

Конкурстун экинчи туру 2 бөлүктөн турат:

 1.Алып баруучулук  өнөрүн текшерүү же окуяны жеринен баяндоо (stend up) көп ар кандай окуяны кагазга жазабыз, алардын ичинен конкурсанттар тандап алып ошол окуяны баяндап бериши керек.

 2.Катышуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтөт. Буга эч кандай чек жок.

  Конкурстун байге фонду – 100 000 сом

 Конкурска каалоочуларды кабыл алуу 2012 жылдын 20-сентябрына  чейин созулат. Жыйынтыгы 6-ноябрда басма сөз күнүн утурлай чыгарылмакчы

fakt.kg@mail.ru  дарегине 5 сүрөттөн кем эмес сапаттуу сүрөт талап кылынат.

Сурап билүү үчүн телефон: 0 (312) 32-50-39

Похожие записи