Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

КТРК: Байкоочу кеңешке жаңы төрага шайланды

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешине жаңы төрага шайланды. Добуш берер алдында Байкоочу кеңештин айрым мүчөлөрү саясий оюндар болуп жатканын айтып чыгышты.

Көпчүлүк добуш менен Фархат Бекмамбетов Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Төрагалыкка Бекмамбетовдон башка Илим Карыпбековдун талапкерлиги да көрсөтүлдү.

Буга чейинки төрага Кылычбек Султанов жакында эле жаңы өкмөт түзүлгөндө социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган болчу.

Добуш берер алдында Илим Карыпбеков өткөн шайлоодогудай эле тымызын сүйлөшүү-кеңешүү өңдүү саясий оюндар азыркысында да уланганын билдирди.

– Бул жерде ким кимге барып, кандай кеңеш алып жатканы белгилүү эле. Кандай кеңеш, кандай таасир болбосун, силерден сураныч, добуш бергенде өзүңүздөрдүн жеке позицияңыздар менен, мындан аркы жумушту биргелешип алып кеткидей болуп, ортобуздан ырк кетпегендей иштесек деген каалоо. Жарымыбыз Жогорку Кеңештен, жарымыбыз президенттен жана коомчулуктан келдик. Бирок бул ошолордун эле сөзүн угуп, айтканын аткаруу деген нерсе эмес.

Бирок  Карыпбековго Байкоочу кеңештин дагы бир мүчөсү Рита Борбукеева каяша кылды:

– Илим, менимче сен азыр пресса үчүн эле сүйлөп атасың. Баягыда деле ушинтип туңгуюктаткансың, азыр деле ушинтип атасың. Мынча болгондон кийин “сиз андай экенсиз, ал эми сиз мындай экенсиз” деп ачык эле айт да.

Антсе да Байкоочу кеңештин толук эркин болбой жатканын дагы бир мүчөсү Мыктыбек Арстанбек айтып чыкты:

– Коомдук кеңеш бийликтен эркин болуш керек. Бул жерде биз чогуу отуруп иштешебиз. Ким каякка кирип, кандай убада берген болсо да бардыгы маалым. Келгиле, бири-бирибиздин алдыбызда жүзүбүздү түшүрбөйлү. Коомдук кеңеш эркин кеңеш деп билчүмүн. Бирок, аттиң, барып-барып эле кожоюнуна бара берет экен. Келгиле, эркин бололу, келгиле КТРди оңдоп койолу. Эгер бийлик кийлигишсе, биз оңдой албайбыз.

Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаев “Азаттыкка” курган маегинде Байкоочу кеңештин төрагасы ким болсо да иштешүүгө даяр экенин белгилеп, кеңештеги саясий кеңештер тууралуу билбей турганын айтты:

– Төрага Илим Карыпбеков болобу, Бекмамбетов болобу мага айырмасы жок. Себеби биздин ортобузда укук-милдеттерибиз так аныкталган. Ошонун чегинде биз жумушубузду жүргүзө беребиз

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурунку төрагасын шайлоо да айрым чырлар менен коштолгон болчу. Анда да Илим Карыпбеков шайлоодо президенттин аппаратынын өкүлдөрү кийлигишип жатканын жарыялаган.

Мурунку төрага Кылычбек Султанов Жогорку Кеңештин квотасы менен “Ата Мекен” партиясынан келген. Азыркы башчы Фархат Бекмамбетовду жарандык коом көрсөткөн болчу.

Байкоочу кеңеш 15 кишиден турат. Алардын бешөөн президент, дагы бешөөн Жогорку Кеңеш, ушунча эле адамды жарандык коом көрсөтөт.

Улуттук телерадио корпорациясы 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Коомдук каналга айланган. 2010-жылы 15 адамдан турган Байкоочу кеңеш үч жылдык мөөнөткө дайындалып, бирок быйыл жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу таратылып, башкасы түзүлгөн болчу.

Булак: “Азаттык” радиосу, http://www.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_ktrk_new_chairman/24707465.html

Похожие записи