Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

“Киши” подкасты коомго пайдасы тийген адамдар жөнүндө баяндайт

“Киши” подкасты коомго пайдасы тийген адамдар жөнүндө баяндайт

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

“Киши” — айланасында болуп аткан көйгөйлөргө кайдыгер карабаган адамдар жөнүндө подкаст. Алар билимин жана тажрыйбасын коомдогу көйгөйлөрдү чечүү үчүн пайдаланышат жана эч кимден жардам күтпөй эле өз алдынча аракет кылышат. Бирок алардын иш-аракеттери дайыма эле оңой-олтоң бүтүп кетпейт. Кээде алар көптөгөн тоскоолдуктарга, айланасындагылардын терс мамилесине кабылышат. Ошого карабастан алар койгон максатына жетүү үчүн алдыга карай умтулуп келишет.

Подкасттын автору Элмурат Аширалиев. Ал соңку беш жылда журналист болуп иштеген. Азыркы күндө илимий изилдөө жасап жүрөт. Сорос Кыргызстан фондунун колдоосу менен даяралган “Киши” подкастында ал коомду жакшы жакка өзгөрткүсү келген кишилер менен маектешип, алардын эңсеген кыялын угуп келди.

Apple, Google жана башка подкаст платформаларында “Киши” деп издеп жазылып коюңуз. Жаңы эпизод ар бейшемби күндөрү жарыкка чыгат.

Apple подкастта жазылыңыз

Google подкастта жазылыңыз

Похожие записи