Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное и полезное

«Каармандын жолу»: практикалык сторителлингдин негиздерин талдайбыз

«Каармандын жолу»: практикалык сторителлингдин негиздерин талдайбыз

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Классикалык чыгармалар менен мифологиялык мотивдердин үстүнөн кайра ой жүгүртүү – башкасын айтпаганда дагы өздүк тексттердин түзүмүн талдоонун жакшы ыкмасы. Биз сценарист жана «Осенило — написал» телеграм-каналынын автору Юлия Идлис менен салттуу сюжеттерди кантип жаңыча жатыктырып жазууга болоорун жана жаңылыктардан эскиче мүнөздөмөнү эмнеге издей турганы жөнүндө сүйлөшүп, практикалык сторотеллингдин негиздерин талдадык.

Сценаристтер адабий мураска көп кайрылат жана адарды кинонун тилине которушат. Мисалы, жакында экранга «Өлүү жандардын» биздин күндөргө ылайыкталган сериялык адаптациясы чыкты. Кээде алгачкы булактын бир бөлүгү – сюжеттик жүрүш, каармандар, сеттинг (каармандар аракеттенген чөйрө, кырдаал) кайра иштетилет жана башка окуя келип чыгат. Мисалы, айтсак «Доктор Хаус» белгилүү тасмасы Артур Конан Дойлдун «Шерлок Холмс жөнүндө аңгемелери» боюнча башкача жазылып тартылган.

 

Эмнеге классика эскирбейт

Көпчүлүк адамдар кээде үстүртөн болсо дагы жалпы маданий кодго ээ: биз мектепте окшош уламыштар жана жомоктор менен таанышканбыз жана да бирдей классикалык адабияттын чыгармаларын окуганбыз. Бул код муундан муунга өзгөрөт, бирок өтө жай жүрөт жана кыска убакыт аралыгында бул өзгөрүү дээрлик байкалбайт. Ошондуктан биз, тагыраак айтканда, арабыздагы эң байкагычтар жаңы спектаклда же повестте бизге мурда белгилүү болгон чыгармалардын жаңыча коюлушун же жаңы мүнөздө баяндалышын көрө алабыз. Мындай көрөгөчтүктүк кээде өздүк тексттерди түзүүдө дагы жардам берет: фабуланы, каармандарды, сеттингди же өзүнчө компоненттерди жеке шыкка жана кызыгууларга жараша жатыктырууга болот.

Айтсак «Доктор Хаус» сериалын түзгөн Дэвид Шор, медицина жөнүндө детектив окуяларды ойлоп табууда «Шерлок Холмс жөнүндө аңгемелердин» каармандарынан үлгү алганын ачык айтат. Хаустун досу Джеймс Уилсон — бул кадимки доктор Ватсон. Чыгармада ал кылмыштарды иликтөөгө жардам берген, сериалда ар түрдүү оорулардын сырдуу симптомдорун изилдейт.

Хаустун өзүнүн дагы Холмско окшош адаттары бар: детектив морфий, ал эми дарыгер – викодин колдонгон. Алар экөө тең жакшы музыканттар: Холмс скрипка черткен, Хаус пианинодо ойнойт. Андан ары дагы ушундай.

«Каармандын жолун» кармангыла. Практикалык сторителлингдин ушул негизин китептерди жана тасмаларды түзүүдө гана эмес, дээрлик бардык контентти түзүүдө пайдаланууга болот.

Бул жөнүндө Джозеф Кэмпбеллдин «Миң жүздүү каарман» аттуу изилдөөсүнөн көбүрөөк билүүгө болот. Автор көптөгөн ар түрдүү элдердин мифтерин изилдеген жана бардык мифологиялык окуялар бирдей негизде түзүлгөн деген жыйынтыкка келген. Каарман өзүнүн алдында пайда болгон тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылууда психологдор «адаптация цикли» деп атаган белгилүү бир ийкемдүү жол менен өтөт.

Заманбап кино «Матрицадагы» Неодон тартып Гарри Поттерге чейинки аты уйкаш фильмдердин бардык каармандары ошол жолдон өтөт. Өз убагында Кристофер Воглер «Каармандын жолу» деп аталган китебинде, он эки милдеттүү этаптан турган «Каармандын жолу» киноверсиясын сунуштаган.

  1. Каармандын кадыресе дүйнөдөгү жашоосу.
  2. Кызыктуу окуяларга чакырык. Булар каарманды аракетке үндөгөн кандайдыр жаңы кырдаалдар: саякатка чакырган адам менен таанышуу, короонун артынан кишинин сөөгүнүн табылышы ж.б.у.с.
  3. Чакырыктан баш тартуу. Каарман жаңы шарттарга кабылгысы келбейт жана көнүмүш жашоосун сактоого умтулат. Мисалы, ал абдан кызыктуу болсо дагы саякатка баруудан баш тартат.
  4. Насаатчыга жолугуу. Мында эң акырында каарманды кызыктуу окуяларга толтура саякатка тарта алган персонаж пайда болот.
  5. Биринчи босогодон өтүү. Каарман өзүнө тааныш эмес жаңы дүйнөгө туш келет жана аны өздөштүрө баштайт.
  6. Сыноолор, союздаштар, душмандар. Жаңы дүйнөдө сыноолорго туш келген каарман күчүн, айла-амалын жана эптүүлүгүн көрсөтөт жана жаңы достор менен душмандарды табат.
  7. Сырдуу үңкүргө жакындоо. Каарман алдыда өтүүгө туура келген башкы сыноо жөнүндө билет.
  8. Тагдыр өзгөрткөн учур, же «өлүм дарбазасы». Каарман жеңилүүгө учурайт жана түздөн түз же элестүү түрдө өлүм чегине жакындайт.
  9. Сыйлык, же «кылыч алуу». Өзү жана өз жашоосунун мааниси тууралуу ойлонуп чыккан каарман өзгөрөт жана дүйнө менен шайкеш аракет кылуунун жаңы жолдорун табат. Бул ага жашап кетүүгө жардам берет.
  10. Үйгө кайтуу. Каарман болуп өткөн окуялардан сабак алат, жаңы көндүмдөргө үйрөнөт жана артка кайтат.
  11. Кайра жаралуу. Бул кульминация. Каарман башка дүйнөдөн алган тажрыйбасынын арты менен өзүнүн көнүмүш жашоосун өзгөрткөнгө жетише алат.
  12. «Эки дүйнөнүн ээси». Каарман толук ыңгайлашуу жолунан өтөт жана эки дүйнөдө – жаңы жана эски дүйнөдө тең жеңип чыгат.

Блогерлер ушул схеманы бардык текстти түзүүдө пайдалана алат, анын үстүнө «каармандын жолунун» ар бир этабын түз эмес, элестүү түшүнүүгө болот. Чакырык – бул башкы каармандын көңүлүн бурган окуялар же кырдаалдар, насаатчы менен кездешүү – кайсы бир маанилүү китепти окуу, ал эми босогодон өтүү – жайлуу абал зонасынан чыгуунун көп күттүргөн учуру.

Муну сценарист Лилия Ким рэперлер Оксимирон менен Гнойныйдын баттлы мисалында же сценарист жана драматург Александр Молчанов атасы жана Сямжа айылындагы жашоо жөнүндө баянын кандай жасаганын карап көргүлө.

Көп окугула. Классикалык сюжеттерди жана каармандарды билүү, заманбап жашоодогу кызыктуу мыйзам ченемдүүлүктү табууга жана текстти мезгилге ылайык эң кызыктуу жазууга мүмкүндүк берет. Мисалы, драматург жана сценарист Евгений Казачков Алексей Навальныйдын жашоосунун акыркы окуяларынан «Жылдыздар согушунун» сюжетин көргөн: саясатчы «Наадан императорго» каршы чыгууда «каармандын жолунан» өтөт жана мифологиялык сюжеттин бөлүгү болуп калат.

Сюжетке эмес, окурмандын эмоциялык тажрыйбасына багыт алгыла. Белгилүү адабий чыгармалардын фанаттары аларды экрандаштырууга дайыма нааразы. Көрүүчүнүн күтүүсүн аткаруу, текстти толук түрдө так өзүндөй кино кылып тартуу мүмкүн эмес, анын кереги да жок. Андан көрө экранга адамдар баштапкы чыгарманы окуганда алган эмоциялык таасирди алып чыгууга аракет кылган туура.

Мисалы, Борис Акуниндин аты окшош детективи боюнча тартылган «Түрк гамбити» фильминде киши өлтүргүч китепте жазылгандан таптакыр башка персонаж болуп чыгат. Ошентип тасманын автору эч болбоду дегенде көрүүчүнүн таң калуусун пайда кыла алган, ошондой эле сезимди детектив окуяларын окуган окурман дагы биринчи жолу башынан кечирет.

Белгилүү адабий чыгарманын негизинде текст түзгөн блогер анын чечилишин эч кимдин оюна келбеген кырдаалга алып келүү менен окурмандын күтүүсүн алдап кое алат.

Биз тексттерди жаңыча жатыктырып жазуу менен сюжеттерди же анын каармандарынын жашоосундагы окуяларды кайра иштеп чыгууга эмес, биз окурман катары андан алган өзүбүздүн таасирди иштеп чыкканга умтулабыз. Ошол сыяктуу эле китептер менен фильмдердин көнүмүш сюжеттеринен жана каармандарынан тышкары, реалдуулуктун өзү менен дагы биргеликте аракеттене алабыз. Бул үчүн болгону кызыкдар жана жигердүү байкоочу болуу жетиштүү жана ылайыктуу сюжеттерди жашоо өзү айтып берет.

Даярдаган Оксана Игошина

Макаланын түп нускасы бул жерде

Похожие записи