Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Эгерде жакындарыңыз интернет тармакта жалган маалымат жайылтып жатса эмне кылыш керек?

Эгерде жакындарыңыз интернет тармакта жалган маалымат жайылтып жатса эмне кылыш керек?

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Америкалык PEN борбору төмөнкү кеңештерди жетекчиликке алуу менен туура сүйлөшүүгө кеңеш берет.

1. Сүйлөшөөрдүн алдында контент анык эмес же жалган экенин дагы бир тактап алыңыз

Анын ичинде, ошол эле фактыларды кабарлаган башка булактарды табууга аракет кылгыла.

 

2. Пикир билдирүү керекпи же унчукпай койгон оңбу, ушуну чечип алыңыз

Репост кылсаңар же пикир жазсаңар макаланы андан ары жайылтууга көмөктөшүп калышыңар мүмкүн, а мунун силерге кереги жок. Балким сиздин жакыныңыз элдин көзүнчө уяткаруудан ыңгайсыз болбошу үчүн жекече кат жазышып сүйлөшүү керек болоттур. Бирок эгер пост көп лайк жана пикирлерди чогулткан болсо, анда коомчулук алдында жокко чыгаруу жакшыраак таасирин берет.

 

3. Окуяны таратып жаткан кишиге байланыштуу эмне болуп кетиши мүмкүн экендигин болжоңуз

Эгерде сиз аны айыптап чыксаңыз ал уялып, ачууланып же өзүн оңтойсуз сезиши мүмкүн. Жагымдуу жана камкордук мамиле, түшүнө билүүгө аракет кылуу менен мындай кырдаалды болтурбоого умтулуңуз. Болбосо адам эмоцияга алдырып, сиздин маалыматты анча кабыл албай коюшу ыктымал. Андан көрө айтылган окуя анык эместигин кантип түшүнгөнүңүздү айтып бергениңиз жакшы.

 

4. Таарынышууга, каршылашууга жеткирбеңиз

Сиздин сүйлөшүүңүз ишке ашпай калышы да мүмкүн. Анда сиздин оппонент актанып, коргонууга өтө баштайт, мындайда конструктивдүү диалогду күтүү болбойт. Адамдарга катасын моюнга алуу оор болоорун эстен чыгарбаңыз. Фактыларды текшерүү ыкмалары менен бөлүшүңүз жана өзүңүз дагы анык маалыматты таратыңыз. Бул башка досторуңузга жана үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө так маалыматты билүүсүнө жардам берет.

 

5. Башкалар үчүн булак болуңуз

Буга чейин пайда болгон жалган маалыматты ачыктап, аны оңдоп тургандан сырткары жигердүү болуу дагы маанилүү. Өз демилгеңиз менен досторуңузга жана үй-бүлөңүзгө дезинформация боюнча булактарды жана алар өздөрү бардыгын текшере ала турган аспаптарды (фактчекинг боюнча ишенимдүү булактар жана сайттар) бериңиз.

Макаланын түп нускасы бул жерде.

Похожие записи