Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное и полезное

Associated Press басылмасынын кызматкерлердин социалдык тармактарды пайдалануусуна карата саясаты

Associated Press басылмасынын кызматкерлердин социалдык тармактарды пайдалануусуна карата саясаты

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Журналисттин социалдык тармактарда өзүн алып жүрүүсү боюнча көп талкуулар болууда. Айрымдары журналист өзүн эркин алып жүрүп, каалаганын жаза алышат дешсе, башкалары журналист кайсы ЖМКда иштээрин эч качан унутпашы керек, анын социалдык тармактардагы ар бир сөзү, каалайбы, каалабайбы, ал иштеген ЖМК менен байланыштырылып турат дешет. Associated Press (АР) маалымат агенттиги кызматкерлери социалдык тармактарды пайдалануусу боюнча атайын саясатты иштеп чыккан. Анын негизги тезисттери менен сиздерди тааныштырабыз:

– агенттик кызматкерлердин соцтармактарды пайдаланышын колдойт;

– социалдык тармактардагы ишмердүүлүк агенттиктин брендин жана журналисттин жеке брендин илгерилетүүгө тийиш;

– күндүн талаштуу темалары боюнча жеке пикирин билдирүү сунушталбайт;

– өзүңдүн агенттикке таандык экениңди белгилөө зарыл;

– АР аталышынын кыскартуусун өздүк ник үчүн жана агенттиктин эн белгисин аватар катары пайдаланууга болбойт;

– купуя же агенттикке таандык материалдарды жарыялоого тыюу салынат;

– саясий ынтызарлыгын көрсөтүүгө жана кандайдыр бир кыймылды колдоого болбойт;

– жалпысынан спорт жана көңүл ачуу темаларына өз пикирин билдирүүгө болот, бирок кылдаттык менен (эч кимди шылдыңдоого болбойт);

– посттор менен твиттерде бардык көз караштар берилиши керек;

– постто ката кеткен болсо, анда аны тез арада оңдоп жана себебин түшүндүрүү зарыл;

– силердин жана дагы башкалардын жеке маалыматтары тармакка чыгып кетпеши үчүн өзүңөрдүн баракчалардагы купуялыкты тууралоо сунушталат;

– материал даярдоо үчүн керек адамдарды достукка кошууга болот, бирок эгерде бул саясий талапкерлер болсо – анда бардык тараптардын өкүлдөрүн кошкула;

– жетекчилерди достукка кол алдында иштегендердин өзүлөрү кошкону сунушталат;

– АР контентине карата бардык шилтемелер колдоого алынат жана копипастка караганда шилтеме жакшыраак;

– эгерде башка ЖМКнын контентинде ушак же башка ылайыксыз маалыматтар жок болсо, анда ага шилтеме берүүгө болот;

– эгерде сизде эксклюзив бар болсо, алгач сиз аны редакцияга беришиңиз керек;

– пост же твит бөлүшүп жатканда силер анда өзүңөрдүн пикирди эмес, башка бирөөнүн пикирин чагылдырып жатканыңарды көрсөтүшүңөр керек;

– контентти керектөөчүлөр менен баарлашуу колдоого алынат;

– эгерде социалдык тармактарда сизге материалда ката бардыгы жөнүндө жазышса, анда аларга ыраазылык билдирүү же керектөөчү туура эмес жазып жатканын көрсөтүү керек. Бирок түшүнүгү аз адамдар менен кайым айтышууга болбой турганы сунушталат;

– АР расмий аккаунттарынан алынган маалыматтарды жайылтуу колдоого алынат;

– коопсуздук жагы боюнча: татаал сыр сөздөрдү жана эки фактордуу аутентификацияны колдонгула, ачык Wi-Fi пайдаланбагыла, чоочун компьютерде иштебегиле;

– email-кызматтарды жана шифрлөө бар мессенджерлерди гана колдонгула (мисалы, Protonmail, Tutanota, Startmail, Riseup, Signal, WhatsApp, Wickr);

– кайсыл бир адам менен биринчи жолу сүйлөшүп жатсаңыз, анын чындап ким экендигине көзүңүз жетсин;

– фишингдин курмандыгы болуп калбаш үчүн кандай шилтемелерге өтүп жатканыңарды карагыла;

– маалыматтарды коргоо жөнүндө жана алардын кайсыл бир мамлекеттин өкмөтүнө силерге айтылбастан берилиши мүмкүндүгүн унутпагыла;

– эгерде жабдуу чоочун колдорго түшүп калса эмне болоору жөнүндө ойлонгула;

– бардык маанилүү файлдардын көчүрмөлөрүнө көз салгыла (мисалы, булут), катуу дисктеги бардык маалыматты шифрлегиле, маалыматтарды өчүрүүнүн эң катаал режимин пайдалангыла (аскер кызматчылары сыяктуу), тармакта сёрфинг кылгандан кийин cookie файлдарды өчүргүлө;

– эгерде коопсуздук бузулгандан олуттуу зыян келе турган болсо, адис менен кеңешкиле.

Булак: AP Stylebook, 55-басылма (2020-2022).

Ушул бөлүм (Social Media Guidelines for AP Employees бөлүмү) акыркы жолу 2013-жылы жаңыланган, бирок ал мурдагыдай эле актуалдуу жана башка жакта жарыяланган эмес.

Похожие записи