Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Кызыл бурч

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

ЭРИК РАСТ:  «КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫН ЖҮРӨГҮМ МЕНЕН ЖАКТЫРЫП КАЛГАМ»

ВЕНЕРА РАСТ: «БИРИ-БИРИБИЗДИ КӨЗ КАРАШЫБЫЗ МЕНЕН ЭЛЕ ТҮШҮНӨБҮЗ»

Кыргыздын күйөө баласы Эрик РАСТ менен Венера РАСТ.

«Кызыл бурч» рубрикабыздын бүгүнкү  меймандары алыскы Америка континентиндеги Канадалык немис жигит Эрик Растка турмушка чыккан көгүлтүр Көлдүн (Каракол) кызы Венера Раст болмокчу. Башында айтылгандай азыркы күндө Ааламдын алты Материгинде тең кыргыздар жашайт. Алардын арасында ошол чет өлкө жарандарына турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, чет элдиктердин келини болуп калган кыргыздын кыздары да күндөн күнгө көбөйүп баратканын дагы жакшы билебиз. Мен «КЫРГЫЗ КӨЧҮНӨ» дал ушундай кыздарыбыздын түрдүү тагдырлары, кызыктуу жашоо турмуштарын чагылдырып, алар менен маектешип туруу максатында «Кызыл бурч» аттуу рубрика ачкам, аны да жакшы билесиздер. Венера Раст ошол «Кызыл бурчка» мейман болуп келген кыздарыбыздын үчүнчүсү. Буга чейин Прага шаарында жашаган эркин журналист кызыбыз Карамат Токтобаева менен Кабул шаарында жашаган Венера Мовлян «Кызыл бурчубузга» кызыктуу маек куруп беришкен. Ал эми бүгүнкү маектештерибиз кыргыздын Канадалык күйөө баласы Эрик мененВенера аттуу Ысык-Көлдүк кызыбыз. Алар азыркы тапта айтылуу «Кеңгурунун мекени» аталган алыскы Австралия өлкөсүнүн Том-Прайс деген шаарында жашап жана эмгектенишет экен. Анда эмесе«австралиялыктар» менен болгон кызыктуу маегибиз Сиздердин назарыңыздарда.

Алгачкы суроомду Сизден баштайынчы Эрик күйөө бала, кандай дейсиз? Кайдан, качан, каяктан жүрүп кыргыздын Венерасын таап алдыңыз, же атайын алыскы Канададан издеп келип ала качып кеттиңиз беле?.

Эрик: (Маектешим Эрик эң биринчи сөзүн «Атсаломалейкум» деп кыргызча саламдашуу менен баштады. Калган сөздөрүн англисчеден кыргызчага Венера өзү түз которуп берип жатты. А. А.) Оо, жакшы болот. Мен сиз менен таанышканым үчүн абдан кубанычтамын. Тагдыр экен, Кыргызстанга Канадалыктар «Күмтөр» компаниясын иштеткени келишпеди беле? Мен дагы ошол компания менен келгем. Анан ошол жакта иштеп жүрүп ишканабыз «Кумтөрдөн» алтын тапса, мен кыргыздын «алтындай» кызы Венераны таап алып, (күлүп) аябай жактырып калдым. Баш аягы үч жыл иштеп, кийин Венера менен таанышып сүйлөшүп жүргөнүбүздө ооруп калып кайра Канадага кетүүгө туура келди. Кеткеним менен тынбай сүйлөшүп жүрүп, кийин Канадага чакырып алдым. (Каткырып), ала качып алганым ошол болуп калат го?.

Көп эле жерди көрүп, дүйнө жүзүн кыдырып жүрүп анан эле

тоолук кыргыз кызынын эмнесин жактырып калдыңыз?

Эрик: Чынымды айтсам мен Венера менен алгач таанышканда эле дароо жүрөгүм менен жактырып, жакшы көрүп калдым. Болду-болбоду калган өмүрүм Венера менен өтөт дегендей сезим жан дүйнөмө жай бербей жүрдү. Анын үстүнө ал учурда менде башкача ойлонууга, тандоого такыр убакыт жок эле. Негизи ал жактан деле кыргыздын көптөгөн кыздары менен таанышкан учурларым болду, бирок Венера баарынан башкача, сүйкүмдүү, ошондуктан мен аны чындап сүйүп, жактырдым. Эмнесин жактырганымды айтсам абдан татынакай аял, андан дагы адам катары менин жан дүйнөмө жаккан абдан мыкты сапаттары бар. Кыргыз кызынын ушундай сапаттары мени арбап, аны менен эч качан кол үзбөйм деген чечим кабыл алууга түрттү жана биз аны ишке ашырдык. Азыр мен өзүмдү абдан бактылуу адаммын деп эсептейм. Башка элдин жараны менен жашоо абдан мыкты, далай жакшы нерселерди үйрөнсө болот экен. Башта Канаданын жараны катары эмне билет элем, ашыкча бир нерсе билиш кыйын эле, азыр эми мактануу менен эле кыргыздын, орустун ал эмес казактын да анча-мынча салт-санаасын билип алдым десем болот. Конок тосконду, адамдарга сый мамиле жасоону үйрөнүп алдым. Мунун эмнеси жаман, жагымдуу баары мен үчүн. Венера мага кыргыздын көптөгөн жакшынакай каада-салттарын үйрөттү. Ошентип жарым-жартылай кыргыз болуп калдым десем деле болот. Өзүм болсо Германияда, Франкфрут деген шаардан эки саатай чыгыш жагындагы Залминстер деген аймакта төрөлгөм.

Айтсаңыз Венера, Көлдүк кыз бир күнү эле ата-жотосу тааныбаган алыскы Амаерика материгине жашап калам» деп ойлоду беле? А Сиз кандай болуп таанышып калдыңыз эле? Кайын журт, кайнене, кайната дегендер менен мамиле кандай?.

Венера: «Кумтөргө» жумушка орношуп иштеп жүрдүм. Ал жакта деле адамдар көп да, анан эле бир күнү капилеттен Эрик менен таанышып калдым. Ал кез 1999-жыл болчу. Аз өтпөй, эки айдан кийин Эрик ооруп калып кайра Канадага кетти. Бирок биз бат-бат байланышып, тынбай сүйлөшүп турчубуз. Анан ошол жылдын апрель айында мен Канадага бардым. А биз ага чейин эле ачык сүйлөшүп, антташып, шерттешип алганбыз. Ошентип ошол жылдын май айынын 23 үндө Канаданын Вритиш Колимбия деген провинциядадагы Китимат деген жеринде баш кошуп, үйлөнүп алдык. Көп деле эч кимге жарыялап, жаңылык кылган жокпуз. Эрик да андай шаан-шөкөттү, топурап чогулган тойду жактырбайт экен, мен деле андайды сүйбөйм, анан «экөөбүздүн каалообуз бир чыкты» деп өзүбүзчө эле үй-бүлө куруп «эки бакыр, бир тукур» болуп алдык. Андан бери мына, минтип азыр 14 жыл өтүп кетиптир, бири-бирибизди сыйлап, колдоп, Кудайга шүгүр, бактылуу жашоо кечирип жашап келе жатабыз. Эриктин үч улуу агасы жана эки карындашы бир иниси бар. Бир агасы жана бир карындашы Польшада жашайт ал эми калганы Канадада турушат. Улуу агалары ушул кезге чейин үйлөрүндө бири-бири менен немисче эле суйлөшөт. Апасынын каза болгонуна көп жыл болуптур, а атасынын каза болгонуна он жылдай болуп калды.

Кайсы тилде сүйлөшөт элеңер, же Эрик кыргызча билеби?

Венера: Жоок, кайдан. Ал кыргызча да, орусча да билбейт. А мен англисче такыр билбейт элем, бирок биз бири-бирибизди абдан жакшы түшүнчүбүз. Айрыкча Эрик Канадага кеткенде телефон менен сүйлөшчүбүз, жарым саат, кээде бир саат, бирок азыр билбейм, биз эмне жөнүндө сүйлөшүп, кантип сүйлөшкөнүбүздү. Ошондуктан мага айтышат эле, «сен анын тилин билбесең, ал сеникин билбесе, анан ата-жотоң тааныбаган эл жерге барып алып кантип жашайсың?» дей беришти жакын тааныштарым. А менде андай сезим, коркунуч, шектенүү деген таптакыр жок болчу. Эмнегедир катуу ишенип, экөөбүз бири бирибиз менен сүйлөшпөй туруп эле, көз карашыбыз аркылуу түшүнүп калганбыз. Ошол ички сезимибиз, бири-бирибизге болгон бекем ишенимибиз бизди уйат кылган жок.

Тил демекчи, Эрик мырза алыста, чет өлкөдө жашаганыңыздар менен баарыңыздар тең эле өз эне тилиңиздерди унутпай сүйлөйт экенсиздер. Кыргыз тилин билбейсиз, бирок дегеле тил маселесине кандай көз караштасыз?

Эрик: Ооба, биз өз эне тилибизди унутпаганга ар дайым аракет кылып келебиз. Ал эми өзүмдүн тегим менен сыймыктанган Канадалык катары, кыргыз тилин, Кыргыз элинин кулк-мүнөзүн, эчкимде жок өзгөчөлүгүн сактоого, өнүктүрүүгө жана коргоого болгон ар бир иш-аракеттерин чын дилимден колдойм. Кудай буйуруп, Кыргыз элинен өмүрлүк жар жана жашоомдун шеригин таап жашап келатканыма мына 13 жылдан ашты. Кыргыз эли өзүнүн сан жылдарды камтыган бай тарыхы менен жалпы адамзатынын түркүн кубулган маданиятын байытып келе жатканын таанып билдим. Биздин планетабыздын улуу тилдеринин жана маданияттарынын арасында өзүнүн кайталангыз орду бар болгон үчүн, Кыргыз эли таанылууга, сыйлоого жана данкталууга бардык жагынан татыктуу деп ойлойм. Кандай гана эл болбосун, ал көпбү, азбы, айырмасы жок, кандай гана болбосун ар кимдин өз эне тили эң биринчи кезекте баркталып, бааланып, урматталып, унутулууга эч мүмкүн эмес…

Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда канча балаңар бар, барбы балдар-кыздарыңар?

Венера: Эрик экөөбүздүн ортобуздан балдарыбыз жок. Бул боюнча да биз баш кошо электе эле ачык сүйлөшүп алганбыз. Бул жакта мындай нерселерди эрөөн-терөөнү жок эле сүйлөшүп чечип алышат. Эмесе биздин, экөөбүздүн үч балабыз, үч неберебиз бар, мындайча айтканда балпайган чоң ата, чоң апабыз. Эриктин мурунку жубайынан бир кыз, бир уулу бар, а уулунун үч эркек баласы бар. Кызы турмуш кура элек. Менин өзүмдүн Урмат аттуу уулум эр жетип, окуу жайды бүтүп азыр Канададагы «Мунайзат» ишканасында нефть казган жерде эмгектенет. 24 жашка чыкты. Үйлөнө элек, ал жакта биздин үйүбүздө жашачу, былтыр өзү үй сатып алган. Өзүбүз болсо балдарыбыздын, неберелерибиздин, алыстагы туугандарыбыздын аманчылыгын тилеп койуп жүрөбүз, эмне кылат элек? Эрик болсо кээде тамаша-чыны аралаш «бизге бир кичинекей Венера деген кыз болсо жакшы болот эле» деп калат..

Австралияга келгениңерге канча жыл болду, эмнеге бул жакты тандап алдыңар? Экөөңөр тең эл журтуңардан, жакындарыңардан абдан алыс кетиптирсиңер го? Канадага, Кыргызстанга бат бат эле барып турасыңарбы?

Венера: Эки жарым жыл болуп калды келгенибизге. Үч жылга келишим аркылуу келгенбиз. Азыр Эрик темир- кен казуучу «Флоор» деген Инженердик компанияда Техника Коопсуздугу боюнча менеджер болуп иштейт. А мен жарым ставкада «Китепканачы» жана техника Коопсуздугу боюнча медайым болуп келишим менен эмгектенем. Бул жерде жумушка кабыл алаардан мурда жумушчулардын бүтүндөй ден-соолугун кылдат текшерип чыгып, тазалыгы аныкталгандан кийин гана кабыл алышат. Ошондой жумуш аткарам. Келишим мөөнөтү бүткөндө деле ушул жакта калып калсакпы деген ойлорубуз бар, бирок

Дүйнөдөгү эң узун жүк ташуучу поезд.

аны убакыт көрсөтөт да. Канадага былтыр барып келгенбиз, а кыргызстанга быйыл байыл барып келсекпи деген ойубуз бар. Ар жыл сайын барып-келип турганга шарт-мүмкүнчүлүктөр болбой калат экен. Абдан кооз, чакан шаарчада турабыз. Бул жерден бир  маалыматты кошумча катары мактанып айта кетейинчи. Ушул биз жашаган Том-Прайс шаарында дүйнө жүзүндөгү эң узун жүк ташый турган поезддин каттамы бар. Ал биз иштеген темир-кен ишканасынан австралиянын алыскы порт шаарларына тынымсыз жүк ташып жеткирип турат. Поезддин узундугу 7350 метр, жалпы жонунан 682 вагонду сүйрөп жүргөн бул гиганттын салмагы 82 миң тоннадан ашат экен.

Конок тоскондору кандай? Кыргыздардыкы менен айырмасы чоң эле болсо керек?

Венера: Булардын конок тоскону өтө чоң көйгөй сыяктуу болуп кетет. Себеби үйдүн кожойкесинин кылып жаткандарына абдан ыраазы болушуп, чоң-кичине дебей эле жардам беришип, идиш-аяктарынан бери жууп жиберишет. Анан көп келип-кеткенди жактыра беришпейт. Ашыкча тынчын албайлы дегендей көрүшөт. Канададан бир жолу Эриктин туулган күнү болуп калды, улуу агасы чалганда биз ресторанда өткөрөбүз дегенбиз. Кечке жуук ресторанды көздөй чыгып бара жатканыбызда почто жащикти карасам куттуктоо баракча салып кетишиптир. Көрсө жанагы агасы аялы менен атайын үйүбүзгө келип акырын салып туруп кетип калышыптыр. Үйгө кирип, алаксытып, тынчтарын албайлык дешкен экен.

Австралиянын атактуу алп Кенгурулары.

Алгач чет жерге кетип жатканыңды, ал эмес чет өлкөлүк жаранга турмушка чыгып жатканыңды эне-атаң кандай кабыл алышты, каршы чыгыштыбы?

Венера: Башында экөөбүз жаңы таанышып сүйлөшүп жүргөнүбүздө Эрик үйгө келип апам менен таанышкан. Кийин үйгө чакырышты, анда папам менен деле таанышты. Конок болуп, Жети-Өгүздүн тоолорун кыдырып, Көлгө барып жүрдүк. Бирок биздин баш кошоорубуз тууралу ачык айткан эмеспиз. Кийинчерээк айтсам апам бир аз кейигендей болду. «Кызым, кыргыздын жамандыгы-жакшылыгы болот , андан сырткары ата-жотоң тааныбаган алыс жерде кандай болоор экен, Эрик азыр жакшы болгону менен Канадага баргандан кийин жашооңор кандай болот?» дегендей тынчсыздануусун билдирди. А атам болсо көп нерсеге жаңыча көз карашта карап, жактырган адам болчу. Анан апама «эмне кыласың тыйып, Венера өзү жактырып жаткан соң кийлигишпе, көрүп жатпайбызбы Эрикти, жапшакшынакай эле жигит, эч камсанаба, баары жакшы болот» деп койгон. Ал эмес бир эжем орус жигитке, бир сиңдим казака турмушка чыгышкан. Орус жездебиз менен эжем Москвада жашашат. Азыр эми байланыш күчтүү эмеспи, бат-баттан эле баары менен сүйлөшүп, ал-акыбалыбызды сурашып, билишип турабыз.

Чет өлкө жарандарына турмушка чыгып кетип жаткан кыздарына кыргыз коомчулугунун кандайдыр бир бөлүгү анча жактыра бербегени байкалат. Ушуну кандай кабыл аласыз чет элдик жаран катары, Эрик мырза бул суроо сизге?

Эрик: Мен мындай нерсени абдан мыкты түшүнүү менен эле кабыл алам. Ал нерсе менин баамымда мындай. Кыргыз мамлекети өтө чакан, калкынын саны деле анча көп эмес өлкөлөрдүн катарына кирет эмеспи. Бирок менин билгеним боюнча кыргыз элинин өтө терең жана бай тарыхы бар калк. Ошол азчылыкты түзгөн эл, улут катары, элдүүлүгүбүздү, улуттуулугубузду акырындап жоготуп албасак экен дегендей тынчсыздануу, чочулоо болсо керек деп ойлойм. Азыр бүт баары өтө тездик менен заманбап жашоого айланып бара жатат. Сиз азыр жер шарынын түндүк уюлунда, биз болсо анын түштүк уюлунда отуруп алып кадимкидей эле маңдай-тескей отуруп сүйлөшүп жатпайбызбы. Жаңыча жашоо, көз караш менен кабыл алсак адамдардын башка адамдардан эч кандай айырмасы жок. Мен Венераны башка улуттан экенин деле анча байкабайм, маани деле бербейм. Эң башкысы экөөбүз тең эле бип-бирдей, оп-окшош адамбыз. Анүстүнө Канадада эч бир улутка эч кандай басым-кысым жасап, «канадалык болуш керексиң” деген талап жок. Каалаган атуулдугуңду алып жашай берсең болот. Акырында айтаарым адамдарда бир гана айырма бар, ал тили, башка эч кандай айырма жок деп билем. А тил менен дилди адам баласы болгондон кийин бат эле табышып алса болот. Бизге баары жеңил азыр, Кыргыз жерине барсак кадимки кыргызбыз, Канадага барсак канадалыкпыз, айырмасы жок, эң башкысы Венера экөөбүз дүйнө жүзүнүн бир бурчунда ынтымактуу жашаган бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап жашап жүргөнүбүз үчүн ар дайым сыймыктанып келебиз. Ушул биздикиндей бактылуу үй-бүлөлөр жүздөп, миңдеп саналып көбөйүшүн каалайм!..

“Ааламтор” аркылуу байланышка чыгып маектешкен эркин журналист Асыран АЙДАРАЛИЕВ.  Финляндия-Австралия, март, 2013-жыл.

“Кыргыз Көчү”

Похожие записи