Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Сайттын күзгүсү. Ал эмне үчүн керек?

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Күзгү сайт деп негизги сайттын мазмуну кайталанып жайгаштырылып турган веб-булак аталат. Негизинен мындай сайт башка блогдук платформада же башка домендик чөлкөмдө ачылат.

Күзгү сайтты ачуунун кандай зарылчылыгы бар?

Биринчиден, бул сиздин негизги сайтта кандайдыр бир маселе чыкса сиздин материалдар дайынсыз жоголуп кетпейт. Алар күзгү блогуңарда сакталып калган. Бул хакердик чабуул, хостингдеги маселелер, блокировка ж.б.д.у.с. нерселер. Интернетте, тилекке каршы, мындай маселелер маал-маалы менен болуп турат. Менде да андай нерсе болуп, күзгү блогум көп материалдарды калыбына келтирүүгө жардам берген. Бул тууралуу блогумда жазган болчумун.

Экинчиден, бул сиздин жазгандарыңыз менен кененирээк аудиториянын таанышуусуна шарт түзөт. Учурда интернетте кездешкен толтура издөө кызматтары бардыгына бирдей мамиле кылат деп айта албайбыз. Алар кайсы бир тилдеги, же кайсы бир өлкөлөрдө ачылган веб-булактарга артыкычылык кылгандыгын байкасак болот. Ошондуктан сиз башка домендик чөлкөмдө, же хостинги башка өлкөдө жайгашкан сайт (блог) платформада сайтыңарды ачсаңар, сиздин жазгандарынызды интернеттен табуу мүмкүнчүлүгу кеңейет.

Үчүнчүдөн, бул сиздин негизги сайтка шилтемелер санын өстүрүүгө жардам берет. Мейли бул шилтемелер өзүңөрдүн эле күзгү сайтыңардан болсун. А канчалык бул сан чоң болсо, ошончолук сиздин сайтыңыздын “абройу” чоң болот, а демек издөөнүн жыйынтыктарында сиздин сайттагы материалга шилтеме башкаларга салыштырмалуу жогорурак турат. Ал канчалык жогору турса, сиздин сайтка окурмандын кирүү мүмүнчүлүгү да ошончолук өсөт.

Кайсы жакта күзгү блог ачкан оң?

Күзгү блогду негизинен блог же сайтты акысыз ачууга мүмкүнчүлүгү бар жерлерде ачып келишет. Өз тажрыйбамдын негизинде, бул платформаларды сунуштайт элем (аталган тизмек мага жакканыдыгы боюнча иреттелди):

KLOOP

WordPress.com

Livejournal.com

Blogspot.com

Ya.ru

Blogs.mail.ru

Ukoz.ru

Setup.ru

Fo.ru

Кайсы жакта ачасыңар, өзүңөр байкап көргүлө. Кудай буюрса, ар-бир кызмат тууралуу, алардын артыкчылыктары жана кемчиликтери жана аларда иштөөнүн негиздери тууралуу кененирээк макала жазаттырмын.

Күзгү блог менен иштөөнүн айрым эрежелери

1. Күзгү блогду жаңылап туруу бир топ убактынарды талап кылат. Алар негизги блог сыяктуу эле маал-маалы менен такай негизде жаңыланып турушу керек. Ошондуктан, бир-эки күзгү блог менен чектелүүнү сунуштайм.

2. Күзгү блогду жасалгалап жатканда сиздин негизги блогдогу айрым барактарга (материалдарга) шилтемелерди жайгаштыргыла. Ошондой эле макаланы жайгаштырып жатып, анда негизги блогго же андагы айрым материалдарга 1-2 шилтеменин болуусуна көңүл бургула.

Мисал

Эми болсо, мисал катары, негизги деп эсептелген “Кыргыз маданият борбору” блогумдун күзгү блогдорун келтирейин.

Негизги блог

Күзгү блогдор

Похожие записи