Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Кыргыз «борум»

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

САГЫНЫЧТЫ ЖАЗДЫҢ СЕН, САН-МАРИНО

Бүтүндөй аймагын тегерете Италия өлкөсү курчап турган дүйнөдөгү эң кооз жана тепкедей чакан өлкөгө чогулуптурбуз. Калкынын саны болгону 32 миңдин тегереги дешти. Тээ атам замандан бери эле эгемен өлкө болуп эсептелип алышыптыр. Эң кызыгы элин башкарууга эки гана капитан-регент шайланып, болгону алты ай иштеп, анан башкаларга өткөрүп берип турушат экен. 60 депутатын ар беш жыл сайын алмаштырышат. Бир эле Монте-Титано тоосунун (деңиз деңгээлинен 738 метр жогору турат) чокусуна чейин мизилдете жол салып, кереметтүү, кооз шаар куруп алган байгер эл тура.

Сан-Марино. Монте-Титано тоосунун туу чокусундагы бүт аймакты көрсөтө турган аянтча. Сүрөттө солдон оңго: Венера Жуматаева, Айнагүл Мамырбаева, Рыскүл Тогомбаева жана журналистер Пит Баумгартнер, Асыран Айдаралиев Кайрат Биримкулов.

Салык төлөм дегенди билишпейт. Баалары Италияга салыштырмалуу кыйла арзан. Тилдери италиялыктардыкы, бирок эч кимдин көзүн карап, башкаларга таптакыр баш ийишпейт. Так ушундай жомок сыяктуу өлкөнүн суусун ичип, туз-даамын татып, бапырап чогулуп, туптуура үч күн жашадык, ар өлкөдөн агылып, 2-кыргыз форумга келген кыргыздар.

2-КЫРГЫЗ ФОРУМДУН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШЫ.

Чогулуштун башкы максаты бүтүндөй дүйнөдөгү кыргыздардын башын бириктирүү, кыйналып кысталгандарга жакындан жардам көрсөтүү, ар өлкөлөрдөгү диаспоралардын алака байланыштарын күчөтүүнү көздөшүптүр. Башталып-башталбай жатканда эле ар кандай сынга кабылган кыргыздардын жыйналышына катышкан адам катары өзүмдүн жеке ой-пикиримди ортого жая салып, айтып-деп кетпесем болбос. Түрдүү кыйынчылыктарга карабай жыйналыш өтө турган жайды абдан жакшы жерден тандашыптыр. Ошол жердеги эң негизги жүктү, уюштуруу маселелерин аркалаган жаш жигитЖанатбек Шаршеев баш болгон уюштуруучуларынын тызылдап чуркап жүрүшкөнү астейдил ичибизди жылытты. Ал азаматтарга өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем! Албетте, оош-кыйыштары, кеткен кемчиликтери да болбой койгон жок, ансыз кайдан? Иш аракет жасалган жерде гана кемчилик болот эмеспи..

Рим шаарындагы “Fiumicino” аэропорту. 7-апрель, 2013-жыл.

Кыргыз форумга кандайча барып калдык? Жеке өзүм эки-үч ай бою «кекиртекти кысып», үй-бүлөлүк каражатты  үнөмдүү жолго салып жатып, тыйын-тыпыр чогултуп, аталган кыргыз жыйналышка атайын эле алтындай убактымды коротуп үч максат менен бардым. А бирок туптуура эле кылыптырмын..

Биринчиси, кыргыз боордошторум менен жолугуп, сагыныч-букту жазып, жүз көрүшүп баарлашып, бир бажакташып келели дедим. Үч жылдан ашты, кыргыздар менен бир жерге чогулуп, кең-кесир баарлашпаганыбызга, көп кыргыз көрбөгөнүбүзгө. Европа айдыңындагы өлкөлөрдүн ар биринде жок эле дегенинде жүз ашык кыргыз бар экен, азырынча «апендицитке» айланып, оолагыраак, кыргыз барбай четте турган өлкө жалгыз эле ушул Финляндия экен. Тааңгөрү, өзүңдүн эле эл-журтуңа, тоолук кыргызыңа не жетсин, аз күн болсо да сагыныч-чер жазыла түштү, кулач жая кучакташып-жытташып атып кадимкидей кыргыз жыттанып эле калдык, буркурап..

Экинчиси,
 «Кыргыз Форумга» катышып, байкоочу катары барып, баам салып, колумдан келе турган иштери болсо кол кабыш кылсакпы деген дагы ой болду. Кандай болгон күндө да чет эл, чет жер деген ченебей эле четтик кылат эмеспи, ар кандай жардамга муктаж боордошторубуз андан бетер көп демекчи.

А үчүнчүдөн болсо жөн гана италиялык улуу сүрөткер, бедизчи жана архитектор Леонардо да Винчи төрөлгөн өлкөнү көрүп, анча-мынча саякаттап, «күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет» дегендей дүрбөп, Италия менен «ооруп», обу жок ээлигип алганыбыз да чын. Жыйынтыгында Рим, Неаполь, Касерта, Болонья, Римини, Сан-Марино жана Миланшаарларынын мерчемдүү көчө-жайларын аралай басып көрүп, көңүлүбүз ой-даа көтөрүлүп кайттык. Ал саякатыбыз тууралуу «Италия кайрыктары» аттуу жол дептерим менен кийинчерээк тааныштырам, чыдай туруңуздар?

Мен эле эмес форумга келгендердин баары эле кандайдыр бир иштиктүү, жакшы ой-максат менен келишкен мекенчилдердин тобу болуптур. Ушундай мекенчилдикти бир гана нерсе тузун кемитип, азгантай супсак кылып, анча-мынча көңүлдү чөгөрүп койгону болбосо калганы жакшы. Ал жөнүндө аягында айта кетээрмин. Форумга катышуучулар өз Ата-Мекенибизден, АКШ, Орусия, Турция, Эмират, Германия, Чехия, Швеция, ал гана эмес алыскы күн чыгыш өлкөсү аталган Япониядан да эки кызыбыз келиптир. Албетте, анан Италия.

САН-МАРИНО ШААРЫНДАГЫ 2-КЫРГЫЗ ФОРУМГА КАТЫШКАН ДЕЛЕГЕТТАР.

Ошентип 11-апрель күнү каш карайып калган маалда Сан-Марино шаарындагы заңгыраган мейманканадан жай алып жатып калдык. Чектеш жайгашкан Италиянын Римини деген шаарынан Улук деген жигит мененНазгүл аттуу татынакай карындашыбыз жылуу жумшак тосуп алышты. Жүргөнү билинбей зыпылдап учкан кычыраган таптаза «тез жүрүүчү поезд» менен келсек деле эсибиз ооп калган экен, орун алаарыбыз менен «оңкодон» түшүп уйкуга кетиптирбиз.

“Замандаш” Ассоцациясынан келген өкүл Азамат Айтбаев менен.

“Вечерний Бишкектин” кабарчысы, кесиптеш иним Азамат менен.

Эртеситаң атпай туруп, жазанып-түзөнүп алып кыргыз жыйынга катышып отуруп калдык, койкойуп. Кыргыз жергесинен келген аттуу-баштуулардан «Шоро» компаниясынын анабашыТабылды Эгембердиев, КР Германиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, КТРК кызматкерлери, «Вечерний Бишкектеги» кесиптеш иним Азамат, «Замандаш» ассоцациясынан дагы бир Азамат Айтбаев деген иним келиптир. Азамат жөн келбей «Замандаш» журналынын жаңы жылдык санынан бирди атайын көтөрө келип, расмий колумду кысып тапшырганы мага абдан жагымдуу болду деп койсом болот. Анткени ал журнал өткөн жыл жыйынтыгында мени «Замандаштын» «Жылдын мыктылары» аттуу сыйлыгынын «Ала-Тоолук Азамат» деген аталыштагы «Алыстагы сыймыктануучу инсаны» номинациясынын жеңүүчүсү деп таап, атайын статуэтка менен диплом ыйгарышкан. Ошондогу сый-урматтан азырынча ушул журнал гана колума тийип, кудуңдап, жетиналбай жаткандагым да. Андан тышкары алыстан келген Табыкенин Шоросу менен Танынан да ооз тийип, даамын чала-була татып калдык.

Жыйын жалпылап айтканда жакшы өттү. Көйгөйлүү көптөгөн маселелер айтылды. Ал тууралуу «Азаттык» үналгысынын Прагадагы жетекчисиВенера Сагындык кызы чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүнүн урунттуу учурларын сыясын кургатпай туруп жарыялап жатты. Анын баарын кайталап отуруунун кажети жок деп ойлойм, ошондуктан каалоочулар ушул шилтеме менен барып кененирээк таанышып алсаңыздар болот..
http://www.azattyk.org/contentlive/kyrgyz_diasporas_forum_san_marino_apr_2013/24955800.html

“АЗАТТЫК” РАДИОСУНУН ПРАГА БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ ВЕНЕРА ЖУМАТАЕВА ИШ ҮСТҮНДӨ.

Чет жерде жашаган боордошторубуз кадам сайын кабылып турган кандай гана көптөгөн көйгөйлөрү бар экенин укканда кейип деле кетет экенсиң. Ушулардын баары айтылды. Айтып-деп койуш албетте оңой, а иш жүзүндө кандай, иш жүзүнө ашабы деги, мына маселенин мааниси ушул жакта калды, көмүскөдө көрүнбөй. Өткөн жылдагы Форум жыйынынын кабыл алган маселелеринин бири да аткарылбаптыр, тилеке каршы. Ар өлкөнүн ар башкача мыйзамы, талабы бар экени талашсыз, бирок анча-мынча маселерди четинен чечип бере турган элчилик, консулдук бөлүмдөрдүн жоктугу абдан чатак болуп турат. Ошол Форумду уюштурган италиялыктардын өзүндө эле чачтан көп маселелер бар экени кайра-кайра айтылып жатты. Андан да ал өлкөдө жашаган кыргыздардын саны оголе көп дешти, тагыраак айткан адам болгон жок, бери дегенде эле төрт-беш миң чамалап барат го сыягы. Тээ түштүгүндөгү Касерта деген чакан шаарчасында эле 200 ашык кыргыз бар экенине ишенип, айрымдарына жолугуп, баарлашып да калдым. Пицага чакырышат экен түз эле кимиси болбосун, биздин таптамага окшогон табактай камыр нанды италиялыктар өтө сыйлуу тамак дешет тура көрсө.

КР Германиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев.

«Италиядагы кыргыздарды коңшулаш жайгашкан Швецариядагы элчилик көзөмөлдөшү керек эле, мен аны ачык эле айтып койойун, каражатынын чектелүү болгонуна байланыштуу ал элчибиз келалбай калды» деди Болот Отунбаев. Анан чөнтөгүндө өзүнө жеткидей ашыкча акчасы жок жүргөн элчи канткенде кыргыздарга жардам берип, канча кыргызды канатына калкаламак эле? Ооба, көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилиши ошол эле каражатка барып такалып, көз каранды болуп, айтылганы менен аткарылбай калып жатканы баарыбызга эле түшүнүктүү болду. Ошондой болсо дагы Болот мырзанын «бул жактагыларга түздөн-түз тиешем болбогон менен азыркы айтылып жаткан маселелердин чечилишине жардам кылууга, расмий бийлик өкүлү катары Кыргыз бийлигине кабардар кылып, жеткирүүгө колумдан келишинче аракет кылам» дегенине ыраазы болуп олтурдук.

“ШОРОНУН” КОЖОЙУНУ МЕНЕН.

Жарма жасоонун жаңы ыкмасы менен ишкерликти баштап, карандай таман акы, маңдай тери менен байыган карапайым «бизнесмен» Табылды байке Эгембердиев кыргыздардын Европага, анан калса ушундай жерди таап алып чогулуп жатканына таң калганын жашырган жок. Ыраазы болуп отурду. Себеби дейт «башкы шорочу», тээ 20 жыл илгери кыргыздар бүткүл дүйнөлүк кыргыздарды кыргыз жергесине чогултуп, кыргыздардын курултайын өткөргөн, ошондо чет өлкөдөн болгону 2-3 эле кыргыз келген, башка жактарда саналуу эле кыргыз жашачу, азыр кыргыз барып жашабаган өлкө калбаптыр, ал гана эмес эми минтип өз киндиктерин өздөрү кесип, чогулуп алып маселе чече баштагандары мага аябай жакты» деп агынан жарылып берди. Ал эмес ал кишинин жубайы да чечүүчү маселелерге чечкиндүү катышып, так, даана ой-пикирлерин ортого сала тажабай  айтып, аралашып, өзүнүн боордошторуна чындап күйгөнүн ачык көргөзүп жатканына күбө болдук. Табыке байке биз жашаган финдердин өлкөсүнө да кызыгуусу күч экенин, жактырып  жатканын да жашырбай айтып алды. Буйурса жай айларында сөзсүз келип кетээрин, келээри менен экөөбүз ээрчишип алып кыялга бата деңиз жээктей кыдырып, балык ууламайды да унуткан жокпуз.

«КЫРГЫЗ КОНГРЕСС» КООМДУК УЮМУНУН ПРЕЗИДЕНТИ КУБАНЫЧБЕК КОЖОЕВ МЕНЕН.

Канткен менен башталышы «жакшы болду» деп туралы. Албетте көч бара-бара түзөлөт эмеспи. Кыргыз жыйналыштын эмдиги жылкы чогулушу эң көп кыргыз мигранттардан турган, орус жергесинде жашагандар, Москва шаарында өткөрмөй болушту. Азырынча ал маселе Москвадан келген «Кыргыз Конгресс» коомдук уюмунун президенти Кубанычбек Кожоевгетапшырылды. Ал эми азыркы форумда айтылып, кабыл алынган резолюциянын канчасы аткарылып, канчасы унут калат баарын убакыт көргөзөт. Алакандай нерсенин деле аржак бержагын карап, мээнет төгүп, акыл-күч жумшап, тызылдап чуркап уюштуруу, кабырганы сындырган каражат маселесин чечүү, майда-чүйдө маселелердин баарын баптап-таптап туруштун өзү эле мүшкүл иш билинбегени менен, чоң жоопкерчилик. Андай нерсени жасап, эңкейип куурай сындырбай туруп алып эле сынтаккандан оңой жумуш жок. Андайга да абдан жөндөмдүүлөр четтен табылып турат. Форум жүрүшү башталаары менен ал жердеги маалымат «Азаттык» аркылуу ааламга тегиз тарай баштабадыбы. Көрүп-билбей эле, толук маалымат албай туруп эле көрдөн алып жерге, жерден көргө ыргыткан пикирлер козу карындай жайнап, кыргыз жолугушуубузду жөн гана ичип-жеп жыргаш үчүн жыйналгандардын тобу, колдорунан кокон да келбейт деген тейде ээ-жаа бербей, ээликкендер да болуптур. Эмне демек элек, ичип-жейбиз да, өз чөнтөктөрүбүздөн чыккан тыйынга ичип-жемиш болгонсудук, курсак курулдаган сайын. Андай учурда айта беришсин, «бир ит көрүп үрөт, экинчиси көрбөй үрөт» деген макалдын маанисине такап койуп,  «кылчуу ишиңерди аздап кылдырата бергиле» деген кеңешимди кошумчалап коймокмун.

Ошентимиш болуп келип эле аягында Форум жыйналышындагы өзүмө анча жага бербеген оркойгон бир кемчиликтин көч башына чыгып кеткенине ичим чыкпай, анда болбосо да азыркы макалам аркылуу акырын кыстара кетүүнү туура деп таптым. Айттым бир ооз, «жалаң кыргыздар чогулган соң кыргызча эле сүйлөшпөйлүбү» деп. Угушкан жок, аракет кылабыз деген тейде андан да катуу күчөп сүйлөп калышты. Бул бир айыкпас оору болду, оорудан арылалбай азапты аштай тартып деле жатабыз мүңкүрөп. Кыргыздар ушуну анча түшүнө бербей койушту эмнегедир. Өз эне тилибизге болгон текеберчилик, карандай кайдыгерлик жаман экен. Кайака барба кыргыздын ушул кылыгы калбады. Кыргызча сайрап турса да кай бир учурда сүйлөгүлөрү келбейт экен, эмнеге экенин түшүнүш кыйын. Ачыгы, жыйынга бир дагы башка улут өкүлү катышкан деле жок. Жалаң «каракезек» кыргыздар келген экенбиз, бирок даярдалган кагаз-кугазы, анысы-мунусу, жыйындын ишин алып баруу жагы аягына чейин орус тилде өттү. Менин башында ойлоп отурганым туура чыкпады, кыргызча түшүнбөгөн, башка тилде сүйлөгөн коноктор бар го, ошон үчүн орусча даярдап койушкан го десем андай деле эмес экен. Бүт баары кыргыз, кып-кыргызча эле сайраган кыз-жигиттер келиптир. Анан эле опурулуп орусча сүйлөгөндөрү чекилик болуп калды. Азыр эми мейли, мындан ары да ушундай улана турган болсо анда мындай көрүнүш алдыларына абдан бийик максат койгон чет жердеги кыргыз форумчуларга эч кандай аброй алып келбейт. Мен буга бөркүмдөй ишенем, анткени азыркы тапта  бүт баардык боло турган иш-чаралар, жыйын-чогулуштар кыргызча өтүшү керек, мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп жаткан маселени ураалап колдоп чыккандын ордуна кайра каршы чыгып, эне тилди чануу-тануу туура эмес, жарабаган жумуш. Жарылдап, «Кыргыз Көчүнүн» жасаган иштерин жарнамалап, кыргызча сүйлөгүлө, кыргыз ӨҢҮ_ңөргө өткүлө деп өкүрүп-бакырып чыксам деле жарашмак мага, атайын барган соң. Антпедим. Жакшы маанай менен келип, жакшы маанай менен кетели, жасалып жаткан жакшы окуянын аягында ысык суу чачып ийгендей болуп, боордошторумдун кыжырына тийип алгым келбеди. Ким билет, балким баарына жагат беле, андагы айтылбаган буктун баарын эми кийинки чогулушка калтыралы. Аманчылык болсо бир жыл деген ачып көздү жумгуча эле келип калат эмеспи.

Сахнадагылар солдон оңго: Тимур Бектурган, Саламат Садыкова, Нури Садыгаалы жана Чынара Капарова.

Маанайыбызды Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, Германияда жашаган таланттуу кыргыз музыканттары Нури Садыгаалы менен Тимур Бектургандын атайын форумчуларга деп даярдаган концерти ого бетер асманга учурду. Шатыра-шатман алакан чаап жыргап уктук. Аягында буулугуп калышкандар тапырата танцыга чыгып, тээ бир далайга дейре шалака-шулак тер чачып, араң-зорго барып басылышты. Негизи немис жергесинен келгендер элчи мырзасы баш, ырчы-чоорчулары төш, доктур, бийчилери биригип алып атайын маршрутка минип келишкендерин, шайыр-күлкү коштогон ынтымактарын көрүп ыраазы бллдук.

Таракандай чачырап, ар ким ар жака тарап, четибизден «оюлуп» кетип жаткан маалда Швецарияда жашаган журналист Кайрат Биримкуловдун үй-бүлөсү менен келип калышы бири-бирибизди кыйып, коштошо албай убара болуп отурган бир тобубузду катуу жандантып жиберди. Мына сага анан, түн бир оокумга чейин «түтөдүк», чеке жарылганча чечиле сырдашып, кыргыз ырларынын, оо, бир далайын созолонтподукпу. Венерага (Жуматаева) рахмат, билбеген ыры деле жок экен, кыскасы алдына адам салган жок, аябай жакшы ырдап да, жыргап да отурдук. Эртеси күнү эки машинеге бөлүнүп түштүк да үч журналист үй-бүлөбүз менен зуулдаган бойдон Милан шаарын көздөй бет алдык..

Кыргыз жыйында тартылган көз ирмемдерден «КӨЧ КӨРГӨЗМӨ».

Залкар акын Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлзана эже жана италиялык жездекебиз менен.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Финляндия. 19.04.13.,
“Кыргыз Көчү” 

Похожие записи