Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Биздин ашкана талапка жооп береби?

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Азыркы учурда кѳптѳгѳн коомдук жайларда тазалык сакталбагандыктан ар түрдүү оорулар  келип чыгууда. Окуучулар ар түрдүү сарык окшогон жугуштуу оорулар менен ооруп калган учурлар да кѳп. Бул албетте,  окуучулардын ден соолугуна  залал келтирет  жана сабактарды кѳп калтырууга себеп болот.

”Оорунун алдын албаса ѳлүм ашкере кылат”,- деп куру бекер айтылбаса керек. Ушул жагдайдан улам мен ѳзүм окуган  Ю.А.Гагарин атындагы мектебинин  мугалимдери, окуучулары арасында сурамжылоо жүргүздүм. 5-Б.классынын класс жетекчиси Асыранова Таннур эжекеге кайрылдым: -Биздин ашкана талапка жооп береби, ѳз оюңузду айтып койбойсузбу?

-Ооба мен талапка жооп берет жана канаатандыраалык деп айта алам.Ушул суроону онунчу класстын окуучусу Адишов Дѳѳлѳттѳн сурап, тѳмѳндѳгүчѳ жооп алдым:-Негизинен биздин ашкана талапка жооп берет, тазалыгы да жакшы, бирок бааларды бир аз тѳмѳндѳтсѳ окуучуларга да жеңилдик  болот эле  жана кытайдын азык түлүгүн сатуудан алыс болууну сунуштамакмын. Гагарин мектебинин окуучусу Асамидинден да сурадым: -Ооба биздин мектептин ашканасы мага бардык тараптан ыңгайлуу жана кѳңүлүмѳ жагарлык,-деди.

Бекназар  Ысабек уулу,
Ю.А.Гагарин  атындагы . №17-гимназия мектебинин окуучусу,
“Данек” 

Похожие записи